Венера БӨЛӨКБАЕВА: Ар кандай диний агымдар айрым курбуларымдан алыстатты

Бүгүнкү маектешибиз «РухЭш» сайтынын туруктуу авторлорунун бири, Жаштар сыйлыгынын лауреаты, акын жана жазуучу Венера Бөлөкбаева. – Венера, экөөбүз теңтуш өскөн замандашпыз. Алгач 1997-жылы күз айында өткөн жаш акын-жазуучулардын “Ала-Тоо-97” фестивалынын лауреаттары болуп, адабий коомчулукка азын-оолак атыбыз таанылган эле. Андан бери быйыл туура жыйырма жыл болуптур. Жеңиш алып берген “юбилейибизди” белгилешибиз керек экен деп бүгүн сени маекке тартканым ошол. Андан да эң негизги себеби, чыгармачылык куржунуңда абыдан кызыктуу аңгемелер, ой-толгоолор, эсселер, ырлар арбын экенин “РухЭш” сайтына жарыяланган чыгармаларыңдан улам билип олтурам… […]

Айдарбек САРМАНБЕТОВ: «Адабиятты булгабаш керек, ал коридор эмес» дечү Алыкебиз

«Кымча бел», «Жуке балбан», «Мекенсиз» «Чыңгызхан. Жазылбай калган каргыш», «Кыраан», «Таасири күчтүү табып» жана «Дөбө» аттуу прозалык чыгармалардын автору Айдарбек Сарманбетов менен чыгармачылык туурасында маек… – Айдарбек байке, соңку жылдары абыдан өндүрүмдүү иштеп атат көрүнөсүз. Китептериңиз чыгып, чыгармаларыңыз башка тилдерге которулуп, өзүңүз да түрк тилдүү элдердин көрүнүктүү жазуучуларын кыргызчага оодарып, айтор, алыс-жакын боордош элдердин адабият өкүлдөрү менен тыгыс алака мамиле түзүүгө жасаган аракеттериңизге салават. Кепти ошол жааттан баштап берсеңиз… – Ооба, көптөн бери ой багып жүргөн “Жанбүдөө” тандалма аңгемелер жыйнагымды, […]

Бекташ ШАМШИЕВ: АША «эски оюнчуларды» өзү менен кошо «ала кетери» өтөле опуртал оюн

Белгилүү адабиятчы жана публицист Бекташ Шамшиев менен учурдагы саясый кырдаал туурасында маегибизди сунуштайбыз… Саясат – Сиз менен көрүшө элегиме көп болуп кетти. Өзүңүздү сагындым, сөзүңүздү сагындым, Бекташ байке. Убактыңыз тар экенин билем, бирок ошентсе да адабият жаатында, бүгүнкү саясый кырдаал боюнча кеп куруп бере аласызбы? Арийне, «Азаттыкта» иштегендер бардык окуялардын чордонунда жүрбөйсүздөрбү… Сиздин оюңузча, сөздүн ток этер жери кайсында? Кепти ошондон баштап берсеңиз… — Сөздүн ток этер жери барып-келип эле саясатка такалып атканын сурай албай турусуң го, Олжобай. Чейрек кылымдан […]

Лев Толстойдун алмасын уурдаган Кожогелди Култегин

Маектеш тууралуу маалымат: Кожогелди Култегин – Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, драматург, А.Осмонов жана Ж.Мамытов атындагы сыйлыктардын лауреаты. Учурда Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү (2014-жылдан бери). Ал «Жолчырак» (1985), «Шамалдагы үн» (1989), «Дарбаза жолго ачылат» (1993), «Бал ууртам» (2001), «Жүрөк конуш» (2008), «Бир чөнтөк ыр» (2009), «Салам менен аликтин ортосунда» (2010), “Тамырдан канатка чейин” (2014) аттуу ыр китептеринин автору. — Кожогелди байке, иш үстөлүңүздөн качкан учурларыңыз болобу? — Болсоле ушу май айында болот. Бөтөнчө жаркыраган, кулпурган ай […]

Баяна КУЛОВА: Мен сизди сойку менен көрдүм…

ЭТЮД Жумуш эрте башталат эмеспи. Эртерээк барып шашылыш жумуштарды бүтүрөйүн деп күндө баспаган жолум мейманканалардын биринин алдынан кесип өттүм… Жок, жо-ок, жолду гана эмес жүрөгүмдү кошо кесип өттүм. Мейманкадан атактуу сойкулардын бирин жетелеп чыга калсаңыз болобу? Мени көрүп уялып койгон жоксуз, кайра “кандай карындашым?” — дейсиз да… Карындашыңыз бир өлүп, бир тирилип, сойкуну жеп жиберчүдөй тиктеп турганын сездиңиз бекен? Ырсалаңдап анысы да бетимден өөп учурашкандабы?.. Экөөңөрдөн тең жүрөгүм айланды, сизди гана эмес, бүт дүйнөнү жек көрүп турдум… Мен сизди ардактап, […]

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ: Дүйнөнү жек көрүү башкарып калды

ӨНӨРКАНА — Маркестин бир айтканы бар: «Жазуучу көп эле китептерди жазышы мүмкүн, бирок анын бир гана мыкты чыгармасы болот» дейт. Эгер Сизден да ошондой купулуңузга толгон, өзүмдүн мүмкүнчүлүгүм толук ачылды деп эсептеген чыгармаңыз тууралуу сурашса кайсыны атайт элеңиз? — Туруп тур. Сен өзүң кандай деп ойлойсүң? Мен адегенде сенин пикириңди уккум келет. — «Күн автопортретин тартып бүтө элек» повести. Анан «Кар» деп аталган аңгемеңиз. — Менин эң жакшы көргөн аңгемелерим: «Акындардын пири секелек сары кыз шатысы бийик үйдө жашайт», «Шатыдагы […]

Бейшебай Усубалиевди Кара кемпир ээрчитип жүрөт

— Бейшебай байке, көптөн бери кабарлашпай кеттик, абалыңыз, чыгармачылыгыңыз кандай? — Көп көргөндү мен да көрүп, эл катары жүрөм. Ал эми чыгармачылык жагына келсем, ичим анча чыкпай турат. — Анда илим жагына көбүрөөк ооп кеттиңиз го?.. — Бул менин колумдагы иш эмес. Бул жагынан мен өзүмө ээлик кылалбайм. Кайсынысы мени жетелеп кете турган болсо, мен ошол жагына ооп кете берем. Азыркы учурга келсем, мени көркөм чыгармачылык байлап алды көрүнөт. Отуруп, кагаз бетине түшүрө элекмин, бирок бир аңгеме жазуу менен мээмди […]

«Адабият алсырады, анын ордун баса турган нерсе азырынча жок болууда»

Адабиятчы, жазуучу, профессор Абдыкерим Муратов менен жазуучу жана журналист Мамат Сабыровдун маеги… — Абдыкерим мырза, дүйнөлүк адабият, анын өткөн-кеткени, азыркы абалы тууралуу сүйлөшкөндө бул тармактагы эң атактуу сыйлык Нобелдик сыйлык эске түшөт эмеспи, бул сыйлыкты биздин Чыңгыз Айтматов ала албай кете берди. Азыр бул сыйлык Сиздин оюңузча кимдерге берилип жатат, алар аалам адабиятына кандай салым кошту, сөзүбүздү мына ушул бийик сыйлыктан баштасак…

Унутулбас сокмо жол (2-маек)

(1-маек) «Өлгөн башка, мени көөмп жатышат» – Мурзаке, өткөн жумада кайран эжебиз Бакен Кыдыкееванын күйүттүү өлүмү тууралуу кеп кылдык эле. Бүгүн дагы бир көйкашка талантыбыз Болот Бейшеналиев менен коштошуп, чын жайга узатып келатабыз. Кыязы, бул дагы бир өткөн өмүрдүн өктөсү болуп калды сыяктанат?.. Болот менен акыркы ирет кай жерден жолуктуңуз? – Жолукмак түгүл чогуу жүрбөдүкпү. Кыргыз киносунун 60 жылдык тоюнда кыргыз киночулары жана башка жерлерден келген коноктор менен өбүшүп, жытташып, бакылдашып, бокалдашып чогуу болгонбуз. Анан эртеси эле үрөй учурган ушул […]