Кадыр КОШАЛИЕВ: Билим берүүнү соодага айлантпайлы

Билим – түндө маңдайыңда шам чырак, өмүрүңдө жол көрсөтүп жаркырап» Жусуп Баласагын Илим-билимге умтулуу касиети кыргыздын канында, менталитетинде бар. Кыргызстандын билим берүү системасында дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбалар эске алынуу менен этнопедагогиканын, нукура элдик тарбиянын табылгаларын эриш-аркак жүргүзүүгө өтүшүбүз зарыл. Албетте, коомдо билимдүү, илимдүү адамдардын бедели бийиктеп, билими күчтүүлөр татыктуу ордун тапмайынча, мамлекет иш жүзүндө билим-таалим иштерин жогору коймоюнча бул тармак жемиштүү иштей албайт. Бул узак убакты, көп каржыны, саясый эркти талап кылган орчундуу маселе. Улуттук идеологиянын нугунда (башка өлкөлөрдү ээрчий бербей) билим-тарбия ишин […]

Саясатчылар жаш балдар сыяктуу – эгерде үндөрү чыкпай калса, демек, кылгылыкты кылып коюшкан

Мамлекеттик ишмердин саясатчыдан айырмасы – саясатчы келээрки шайлоолорго карата түздөнсө, мамлекеттик ишмер келечек муунга карап түздөнөт. Уинстон ЧЕРЧИЛЛЬ Олуттуу саясый партия ар кандай акмакчылыкты сынга алат, эгерде ал акмакчылык партиянын программасына кирип калбаган болсо… Вильгельм ШВЕБЕЛЬ Саясатка аралашпагыдай акылы бар адамдарды саясат алардан төмөн турган адамдардын башкаруусу менен жазалайт. Платон Саясат бул – кырдаалга жараша ыңгайлашып жана сага жакпаган нерседен да пайда чыгара билүү өнөрү. Отто БИСМАРК Саясатта душмандар досторго караганда пайдасы көбүрөк: алар алдабайт, калп айтпайт жана уу бербейт. […]

КОНФУЦИЙ: Чындыкты кантип издөөнү жаадан атылган ок үйрөтөт

Конфуций өзү жөнүндө сүйлөгөндү жактырган эмес, өзүнүн турмуш жолун бир нече саптарга гана калтырган.  Өзү тууралуу осуяты: 1. Он беш жашымда өзүмдүн ой жүгүртүүмдү илимге бурдум.   2. Отуз жашымда бекем негизимди түптөдүм. 3. Кырк жашымда шектенүүлөрдөн бошодум. 4. Элүү жашымда Асмандын эркин тааныдым. 5. Алтымыш жашымда чындыкты жалгандан айырмалаганды үйрөндүм. 6. Жетимиш жашымда жүрөгүмдүн айтканына баш ийдим жана кааданы бузганым жок. * * * Чындыкты кантип издөөнү жаадан атылган ок үйрөтөт. Жаагердин жебеси буйтап кетсе, башка бирөөнү күнөөлөбөйт, күнөөнү өзүнөн […]

Эл, бийлик, мамлекет

Эл – бул талаадагы чөп, а падыша – шамал: шамал кайда ыргаса, чөп ошол жакка жапырылат. Конфуций Элди сүйүп, эл башкаргысы келген адамдын дайыма колу-жолу бош болсун. Лао-цзы Өзүн өзү олуя санаган өлкө башчысы капталдан кеп-кеңеш айтаар акылдуу бирөө пайда болушун каалабайт. Ал курчоосунда дайыма жымжырт болуп турганда гана өз жанын жай алып жүрөт. Лао-цзы Даанышман падыша башкарган өлкөнүн элине падышанын бар-жогу билинбейт. Акылсыз падыша башкарган өлкөнүн эли падышага жуукур, кошоматчыга айланат. Акылы чолок падыша башкарган өлкөнүн эли падышасынан коркот. […]

Сол кары – левое крыло, крыло народовластия

Жомогу ЖОЛдо айтылган,    Жоругу ЖОЛдо камтылгын. Арстанбек Были-легенды слогались в ПУТИ, Правила жизни сростались в ПУТИ. Арстанбек Этот раздел является дополнением к Конституции в контексте народно-традиционных ценностей, это есть мобилизация национально-традиционного начала в деле организации Народовластия. Население Кыргызстана или гражданское общество имеет конституционное право управлять государством снизу до аильного управления (т.е. до публичной власти) в формах местных общин («Ынтымак-Согласие»), где создаются первичные организации, общественные, профессиональные объединения (Проект, ст. 27). Там же указано, что Конституция допускает объединение граждан на основе […]

Улутуңдун уңгусун сакта

Улуттун уңгусун тили, кийими, маданияты түзөт. Анткени тили, кийими, маданияты болбогон улут да улутпу. Бир элди башка элден айырмалап, улут деген аталышка ээ кылып турган тили. Тил – улуттун жүзү, ар-намысы. Тилдин жоголушу улуттун жоголушу дегендик. Азыркы мезгилде эне тилдин бузулушу өтө көйгөйлүү маселеге айланууда. Улуттун тилинин бузулуу проблемасы дүйнө элдерин түйшөлтүп, эчен кылымдарды карытып келет. Кечээ эле, бир кылым мурда орус элинин тилге болгон мамилесин мисалга тартсак жетиштүү болор. Алар ошол учурда французча билбеген орусту экинчи сорттогу адам катары […]

Кубатбек БАЙБОЛОВ: Жол

Кеменгердин кебин эш Биз, баарыбыз тең эртедир-кечтир жолго чыгабыз. Жакынкы шаарга, алыскы жерге, чоң турмушка. Адам тагдыры ушундай. Жол — кыргыз поэзиясынын сүйүктүү кырааты. Жолго чыкпаган бир дагы акынды жолуктурууга мүмкүн эмес. «Аттандым алыс сапарга» — акындар үчүн айтыла жүргөн сап. Кайда, эмнеге аттанганы тумандуу, бирок кооз. Арийне, туу туткан бийик максаты бардай, ошого жараша өпкөсү өтө көөп алгандай. Жолдун образын мен кырчындай кезимден эле кыйла так түшүнчү экем. Жол — бул өзүңдү өзүң өстүрүү, жетилтүү аракети. Адеп-ахлак жагынан, илим-билим […]

ТЕҢЧИЛ СИСТЕМ-МАМЛЕКЕТ

Элди эки киши сактайт – Жолбашчы жол баштайт, Баатыр кол баштайт. Элден Киши Жолду түзөбөйт, Жол кишини түзөйт. Конфуций Жогоруда «укук» деген түшүнүктүн түбү-уңгусу кай дөөлөткө негиздениши керек деген суроо салынганда: «Чыныгы адил идеал Теңирден гана термелип келет – көчмөндүн аны ыйыктаары ошол. Теңирден агылган мыйзам гана коомго чындап идеал берет – адамга адам, элге эл сот боло албаганы ошол. Укуктун жаны, чеги-чени – адилдик, Теңирдин ТЕҢ калыстыгынан гана табылат – Баласагундук Жусуп баба Теңируулу Күнтууган каанды «адилет» деп каймана […]

Чоюн ӨМҮРАЛЫ: Иудаизм жана Теңиризм — Манас

Кыргыз Республикасынын Конституциясын кызуу талкуулап жатышып депутаттарыбыз «адам укугу» аталган бөлүмгө келгенде анын бисмилла сабын «права человека в Кыргызской Республике абсолютно и неприкосновенно» деп аз-аз жерден абсолютташтырып ала жаздашып, акыркы саатында аны кайра «человеческое достоинство» (15-cт.I-п.) деп оңдоп кетишкени жадымда. Эми «Права человека» деп аталган бөлүмдө «достоинство» деген коколой сөздүн коошпой аппендициттей асылып турганы ошо. Ал учурда темин-демократтарыбыз термин маңызын анча аңдашпай, «укукчул мамлекет ушундай болууга тийиш» деп эле өкүм темине беришкен эле. Ал эми сөздүн тегинде не маани тунганын […]

Сырттан башкаргандардын сырын ачкан аалымдан кеп эш!

Чоюн ӨМУРАЛЫ уулу МАМЛЕКЕТ ЖАНА ЖЕРГИЛИК ӨЗҮH БАШКАРУУ Турмуш туткасы – Адам Элден Ошентип жерге жеке менчик киргизүү аракети экономикалык негизибиз тумтак жайдак кырдаалда артына опуртал катып турат. Бул опуртал агрардык реформага катарлаш киргизилип жаткан жергиликтүү өзүн өзү башкарууга айкалышканда андан да артылып чыгат. Анткени, жеке менчикке чыккан жердин тагдыры эми бийлик тизгинин алган жергилик элдин иш-аракетине тыгыз байланышта калат. Колунда жеринен башка кокон тыйыны жок, жок, аны сатканга юридикалык укук алган жаранга эми бөгөт жок.