Азиз НЕСИН: Там башында жинди бар!

Түркчөдөн которгон Толук Бек БАЙЗА АҢГЕМЕ Бүтүн маале көтөрүлүп чыкты: — Тамдын башында жинди бар! Көчөнүн башынан аягына чейин көп кабаттуу тамдын башындагы жиндини көргөнү келгендер толуп кетти. Алгач жергиликтүү бөлүмдөн, андан кийин Ички иштер министрлигинен полициялар келишти. Анын аркасынан өрт өчүргүчтөр да жетип келишти. Жиндинин энеси: — Бөбөгүм, уулум, ылдый түш!… Кана балам!… — деп жалбарып жатты. Жинди болсо: — Мени башкарма кылбасаңар боюмду таштайм! – дей баштады. Өрт өчүргүчтөрдүн тобу эгер жинди ылдый секире турган болсо тосуп калыш үчүн […]

Кыргыз киносунун жаңы доору, жаңы ооматы

Олжобай ШАКИР СССР ыдырап, завод-фабрикаларыбыздын станоктору шак токтогон сыяктуу эле рухий жааттагы кризистик абалдан чыгуунун жолунда кыргыз кино өнөрүнөн башка чыгармачыл тармактар өмгөктөп келди. Азыр деле өмгөктөп жатат. Албетте, кино өнөрүнө деле өкмөттөн чеке жылытарлык колдоолор болуп келген жок, бирок адабият, театр жаатындагыларга салыштырмалуу жетим өз киндигин кескендей болуп үркөр топ киночуларыбыз кол куушуруп отуруп калбады. Алар кандайдыр жолун таап, каражат издөө менен жараткан көркөм тасмалары эларалык кинофестивалдардагы ийгиликтери менен «кыргыз керемети» атанган көчтү улап келет. Арийне кандай көркөм табылга, […]