Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ: Көч

АҢГЕМЕ (Атам Абылкасымдын  арбагына багыштадым) Жайдын толуп турган кези. Эл  жайлоого чыкчу убак. Чубалжыган көч. Кечигип болсо да көргөн төрт– беш жашар уулун жасалгаланган тайга мингизип, өзү алчактаган ат менен коштоп жетелеп алган. Кырк жаштарга таяп калган мезгили. – Ата– оов! – Оов! – Тээтиги мине? – О тилиңен атаң айлансын, ал – жору, уулум! – Ата– оов! – Оов, садагам! – Тээтиги мине? – О айланайын, булбулум менин, ал– жору, алтыным! – Ата– оов! – Я– оо, берекем менин! […]

Аман САСПАЕВ: Гүлкайыр

АҢГЕМЕ Ар качан эртең мененки салкын абада өзүмдүн кунт коюп өстүрүп жаткан Гүлкайырыма, кишилерде болуучу зор мээримдүүлүктөн пайдаланып, эмгектенүүнү милдетиме алдым. Гүлкайыр мындан кыйла мурда жапан түздө жалбырагын кылтыйтып, болочок гүлдөрүн өзөгүнө жашырып турганын көргөм. Чегинен чыга жаздаган өзүмчүлдүгүм, аны мында көчүрүүгө мажбурлаган. Ошентип, ага тунук тоо суулары шылдырап агып жаткан арыгымдын кырынан орун бердим. Алда нече сабактар чыгарып, эркин гүл ачсын дедим. Көгү узара түшкөн ушул Гүлкайырдын жай мезгилинде биринчи гүл ачканы эсимде. Күтүүсү жетилген Гүлкайырдын гүл ачуусунан мурда […]

Лао МА: «Сүйүү жараткан» 1 юань жана 5 мао

АҢГЕМЕ Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ Университетти бүткөнүбүздүн жыйырма жылдык мааракесине бирге окугандар чогулуп келдик. Салтанаттуу жыйындын алып баруучусу студенттик жылдардагы кызыктуу окуясын айтып бериши үчүн бир кишини сахнага чыгарууну чечти. Анан капысынан эле менин атым аталып, баардыгы кол чаап жиберишти. Мен дароо көпчүлүк жөн гана көңүл ачкысы келип жатканын түшүндүм. Анткени мындагылардын баары менин эл алдына чыкканда өзүмдү жоготуп алактап каларымды жана сөзгө жоктугумдан улам ар кайсыны тантып айтарымды жакшы билишчү. Сахнага чыгышымды талап кыла кол чаап күүлдөгөн көпчүлүк мени катуу толкундантты. […]

Өмер СЕЙФЕТТИН: Жаз жана көпөлөктөр

Түркчөдөн которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу 1884-жылы Гёненде туулуп, 1920-жылы Стамбулда өлгөн. Түрк адабиятындагы “түркчүлүк” агымынын түптөөчүсү жана аңгеме жаатынын негиз салуучусу. АҢГЕМЕ Кичинекей салондун кызгылтым өңдөгү калың пардалуу терезесинен сырт тарап жалтылдаган акварель тактасы сыяктуу өтө эле кооз көрүнүп турду. Чайыттай ачык көк асман… Гүлдүү бактар… Уктап жаткандай уч-кыйырсыз мелмилдеген деңиз… Маңдайкы жээкте кызыл-көк, туман каптаган тоолор, коруктар, деңиз боюндагы аппак үйлөр… Бүтүндөй ушулардын үстүндө мифологиялык түштүн нака чындыгы сыяктуу учкан ак чардак үйүрлөрү! Терезенин алдындагы столдо арыкчырай, сары, жашы улгайып […]

Талгат КЕҢЕШБАЕВ: Кек

АҢГЕМЕ Кыз кылыгындай наздуу, кулпурган жайык жайлоо. Жумшак жел. Буралып, шыңкылдай күлгөн эрке булак… Көрүнгөндүн жугундусун ичип жүрүп күлтүйө семирген дөбөттү ала канчык куйругун шыйпаңдатып жыттатып жатып шаң-салтанат менен айылга ээрчите келген. Экөө үйүгүшүп, көлөкөдөн көлөкө издеп жүрүшчү. Курсагы челкейип, жер чие баштаганда канчык жоголду. Ээси “уурулардан” көрдү. Дөбөт болсо күн бою көлөкөдө жаткандан башканы билбейт. Жаш токол жугундуну бир табак кылып алдына коёт. Ит көздөрүн алайтып, идишти кошкөңүл жалап-жуктап тазартып, кайрадан көлөкөсүнө жатат. Айыл балдары күнү бою “жайтабардын” сазайын […]