Садир ДОСБАЕВ: Замандын көк жалы Өмүрбек Текебаевдей адамды ким тууп берет?

«Күн келип, Улуу өлкө кура турган, Айланып Ала-Тоого келсеңер дейм.» Каныбек Иманалиев Редакциядан: Караламан калкка калкагар тоодой карыялардын акылы жетпей туру, азиз окурман. «РухЭш» сайтынын куржунуна келип түшкөн каттар арбын. Чыгармалар андан. Береги автор – Садир Досбаев тууралуу мурда-кийин билчү эмес элек. Азыр да бул аксакалдын дүйнөсү табышмак бизге. Жакындан тааныбайбыз. Тек, Фейсбук айдыңында жазган комментарийлерине көз чалына калар эле кээде. Өзү Россияда күн кечирген мекендештерибиздин бири экенинен гана кабарыбыз бар азырынча. Ал эми береги бизге жөнөткөн макаласын окуп отуруп, […]

Толук Бек БАЙЗАК: Акындык бул каргышындай кудайдын

ДЕҢИЗСИҢБИ АЛЫСТАГЫ АЗГЫРГАН… Деңиз окшоп алыстагы азгырган, Толкун окшоп оюнкараак, наз кылган, Кандай жансың ээликтирген, эңсетип, Сүйүүң менен кышты дагы жаз кылган. Кандай жансың кышты дагы жаз кылган, Шарап сымал акылымды мас кылган. Түйшүк салып түнү боюу уктатпай, Түйшөлдүрүп түмөн ырды жаздырган. Алдай албайм тилим начар, келегей, Жандай албайм, акым да жок кенедей. Ансыз деле азап тарттым жашоодо, Жолун таппай, жээкке урунган кемедей. Деңиздейсиң албуут, терең, жан алып, Мен деңизчи ашык болгон карарып. Толкунуңда чабалактайм балыктай, Бирде өлүп, бирде кайра […]

Азамат ТӨКӨРОВ: Хемингуэйдей алдыма улуу максат койгон эмесмин

Маектешибиз Азамат Төкөров Россияда жүргөн мекендештерибиздин бири. Анын азын-оолак ырлары «РухЭш» сайтына жарыяланары менен дароо адабий сынчылар менен белгилүү калемгерлердин назарына илинип, бизде да А.Төкөровдун чыгармачылыгына болгон кызыгуубуз арткан. Бу саам Азамат менен маек куруп отурбуз… Ал эми буга чейин жарыяланган чыгармаларын береги шилтемеден толук окуй аласыздар: «Бактысыздан экөө болсо, бирөө мен»  – Азаке, обол турмуш жагдайдан кеп кылалы. Мекендештердин абалы кандай? — Кудайга шүгүр, баары жакшы. Же тагыраагы жакшыдай сүрөт сызып жүрөбүз эл катары. Турмуш-тиричилик жакшы эле. Москвадагы мекендештер […]

Самара НАСЫРОВА: Төрөлбөй калган уул же кыз

ОЙ ТОЛГОО… Баалабастан өмүрдүн кыска экенин, Барктабайбыз карынын нуска кебин. Анан бир күн «аттиң ай» деп калабыз, Алдыргандай куу түлкү «кушка жемин». Күндүгүнө манчыркап жорго минген, Күпүлдөгөн кыйын көп солдо жүргөн. Ала салып ак жүргөн багытынан Адашкандар арамза жолго кирген. Карек өчөт бир күнү капилеттен, Каның токтоп, ысык дем качып эттен. Дуулдап жашап атсак да бул дүйнөдө, Сурагы бар. Корколу!.. Акыреттен. Алсыздыгын замандын карап анан, Аргасыздан бүт дүйнөм жараланам. Бүтпөйт тура тирүүлүк тунжуроодон, Айрымдардан тим гана сабак алам…. ЧЫРПЫКТАЙ ЧАЧЫЛБАЙЛЫ […]

Мигрант акындан бийликке дубай салам

АПРЕЛДЕ ОККО УЧКАН ДОСУМА КАТ Шейит дешти, оозуң келбей келмеге окко учтуң же ичээр сууң кем беле? Көрдө жатып сен өзүңдөн сураарсың: «Өзгөрбөптүр… Өлдүм эле эмнеге?» Ооба, досум, ба-а-ягыдай жашообуз, Жыргабадык, ошол-ошол, ошобуз. Баса, сага эсим барда айтайын, Бакиевден башка азыр ажобуз. Свет кымбат, бензин баасы асманда, Азыр бийлик элге жаман кастан да. «Камбар-Ата-2» калган курулбай, Байлап кеткен «Бакиевдер» качканда. Жайнап чыккан жык партия күнөстөн, Бирөөсү жок эл-жер үчүн күрөшкөн. Бизге азыр мыйзам жазып жүрүшөт, Депутаттар «Ак жол» менен бир […]

Жалалидин ЖЭЭНБАЙ «Эртең куйрук жегиң келсе, бүгүнкү өпкөдөн баш тарт» дейт

Жаңычыл көзкараш Жалалидин ЖЭЭНБАЙ агабыз учурда Бириккен Араб Эмиратындагы Абу-Даби шаарынын Зайд Университетинде эмгектенген мекендешибиз. Бул маекте бүгүнкү күндөгү коомдук процесстерге болгон көзкарашын жана элибиздин кулк-мүнөзүнө таандык сапаттар туурасында кеп учугун баштайт… – Адегенде өзүңүз туурасында атпай-журтка азын-оолак баян куруп бербейсизби. Америкада, кийин Абу-Даби шаарынын Зайд Университетинде кантип иштеп, кантип профессор наамын алдыңыз? – Олжобай иним, мен мурда Америкага барып жашайын же иштеп калайын деп план да, аракет да кылган эмесмин. Тек гана Америкадан үйрөнө турган нерселер көп экенин жакшы […]

Атамбаевге алыскы Маскөөдөн кат

Буулуп турам түнөргөн булуттардай, Шатыратып бугумду төккүм келип. Ант ургур, ай, ант ургур, куруп кал, ай, Араң турам ашатып сөккүм келип! Өлгөндөрдүн үстүндө бейитинин, «Төшү түктүү Жер ур!» — деп ант бергенсиң. Татып даамын бийликтин «бейишинин» Антты унутуп, түлкүдөй жалт бергенсиң. «Кымбаттаткан адамды Кудай урат, — дедиң эле бакылдап, — электирди». Күбө болуп ал турат, бу да турат, Эми Кудай урушу керек кимди? Жерде башы бириккен алты адамдын, Адатыңыз өпкөлөп арызданмай. Келечегин күрөөгө Кыргызстандын Коркпой коюп тапканың — карыз алмай. […]

Самара Насырова: Ичпечи, иним!

Кечээ дагы жер алдындагы жолдон көрдүм. Мас… Селсаяктан айырмасы жок, колунда тамеки… Өзү бутуна туралбай атып дагы бирдемелерди булдурап сүйлөп коёт. Жүрөгүм жанчылып кеткендей болду, бир туугандын иши кыйын го, чиркин!… Бирок, бирок жанына баралбадым, бир эсе элден уялсам, бир эсе баары бир алым жетпейт да, мас неме жүр деген менен тилимди ала койбойт ко… «Олдо кагылайын, бир боорум-ай! Сени ким түрттү бул жолго, өзүңдү колго алсаң боло! Эркиңдин боштугу, өзүңдүн жооштугуң сени ушул абалга жеткизди го. Өзүң гана кыйналбай, […]

Азамат ТӨКӨРОВ: «Бактысыздан экөө болсо, бирөө мен»

ПОЭЗИЯ * * * Бактысыздан экөө болсо – бирөө мен, Бирөө болсо ошол жалгыз бирөөмүн. Төрөлгөнүм үмүт, тилек болгондур, Бирок үнсүз, ыйсыз болот түгөнүүм. Жакшы адамдын кыска болот өмүрү, Менден болсо дүйнө болор безээри… Өлөөрүмдө алсыз соккон жүрөктү, Анык бекен айыптардын эзээри?

Алыстагы мигранттарга акындан кат!

ЭСТЕЛИК КОЁТ ЭЛЕМ Кыргыз мигранттарына арнайм Россиянын кырк градус суугунда аба жиреп, кабат-кабат үйлөрдү кайыгып салып жаткан, ит баккан Италиянын, куш баккан Түркиянын үйлөрүндө турбай калган саңырсыган сары жамбаш кемпир-чалын багып жаткан, Австралиянын куйкалаган күнүндө кой кайтарып, Норвегиянын кол какшаткан көк суугунда тор жайып, балык тарткан, ак бубак аюу болуп Тайганын карагайын кыйып жаткан, Американын өрттөнгөн токойлорун өчүрөм деп, куу жыгачка сайылган шишкебектей кара-күрөң эт болуп күйүп жаткан.

Көздөн учкан Мекен жөнүндө маек

«Жандилибизди тузактаган жер бул – Атамекен». ВОЛЬТЕР  «Коом жана Мен» сайтынын «Мекендеш» рубрикасынын бүгүнкү мейманы Айжаркын БЕЧЕЛОВА Якутиянын Мир калаасында үйбүлөсү менен тирлигин кылып келаткан замандаштарыбыздын бири. Биз бүгүн Айжаркындын Мекен туурасындагы сагынычтуу, кусалуу кебин тыңдадык. Жана да мындан ары аталган рубрикабыздын алдында бөлөк эл, бөтөн жерде жүргөн мекендештерибиз менен кызыктуу маектерди уланта бермекчибиз. Андыктан алыста жүргөн ага-инилерибизди, эже-карындаштарыбызды «Коом жана Мен» сайты менен тыгыз байланышта болууга чакырабыз. Аталган сайт аркылуу алыстагы жакындарыңыздарга дубай саламыңыздарды жолдоп, үйбүлөлүк альбомуңуздарда сакталган сүрөттөр менен бирге дил […]