Габриэла Мистральдын поэзиясы Назгүл Осмонованын котормосунда

Чили акыны Габриэла Мистраль 1889-жылы төрөлүп, 1957-жылы көз жумган. 1914-жылы ошол кезде аты-жөнү эч кимге белгисиз болуп, кичинекей Лос Андес шаарында мектепте мугалим болуп иштеген Габриэла Мистраль борбор шаардагы “Гүл оюндары” аталган адабий сынакка “Өлүм сонеттери” деген чыгармаларын жиберет. Башында атактуу Чили акыны Манэль Магаляненос Моуре турган абройлуу конкурстун калыстар тобу (сынакка төрт жүздөн ашуун чыгарма келип түшкөн) Габриэлага башбайгени ыйгарып, ага орхидея гүлүн, алтын медаль жана лавр гүлчамбары менен диплом берилет. Сыйлык тапшыруу аземинде белгисиз бойдон калууну чечкен Габриэла […]

Эрнис АСЕК уулу: Аптээк*

АҢГЕМЕ Ак марлиге оролуп, терезеде илинип турат. Канча болду? Бир кылымбы, эки кылымбы, үч кылымбы, төрт кылымбы? Билбейм, ай. Көп болду. Чаңдап бүттү. Карып бүттү. Ушинтип эле турат, турат, турат, терезеден сыртты карап, жайы-кышы ушинтип эле илинип турат. “Эмнеге илинип турат?” деп ойлоп калам. Ушинтип эле тура береби? Же пайдасы жок, же зыяны жок. Чоң апам “Окуйм” дейт. Бирок мен окуганын көрө элекмин. Илинип турганы турган. А чоң апам “Окуйм” дейт. “Качан?” десем, “Сен окушуңда жүргөндө” дейт. “А мен мектепке […]

Сынакка: «Журналист болууну самайм»

Мен ким болгум келет? «Туулган жердин топурагы алтын» дегендей, мен дагы кышы ызгаар, жайы салкын, тоолорунун мөнгүсү күнгө жалтыраган, жайлоосу жашыл көлдөлөң Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында 2002-жылы 17-декабрда жарык дүйнөгө келгем. Азыр районубуздагы Ш.Бейшеналиев орто мектебинде 8-б класста окуйм. «Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың» дегендей, келечекте ким болоорумду азыртадан ойлонуп, ар убак толгонуп жүргөн мезгилим. Кичине кезимден эле теле алып баруучу, журналист, кабарчы болуу менин жан дүйнөмө жакын. Азыр толугу менен ушул кесипке берилип, кыргыз жана англис […]

Sos: «Кыргыз адабияты» коркунучта!

Зыялынын добулбас! Кийинки окуу жылынан тартып Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мектептерине жаңы окуу планы киргизилгени турат. Эгер буга чейин мектептерибизде 24-25 предмет окутулуп келсе, кийинки жылдан 14-15 предмет гана калат деген министрликтин планы бар. Себеби, батыштагылар ошондой окуйт экен, балдардын жүгү оор болуп кетиптир. Анда кайсыл предмет кыскарат дегенде айтарыбыз: адеп сабагы кыскарды, эми баягы эле кыргыз тили, кыргыз адабияты, Кыргызстандын тарыхы… Мисалы, окутуу орус тилинде, өзбек тилинде, тажик тилинде жүргүзүлгөн класстардын кыргыз адабияты сабагы түп тамырынан жоюлуп кетиши мүмкүн […]

Мектепке барган чал жөнүндө

Украин жомогу Бечара бир чал болуптур. Бир курдай ал айыл башкармалыгына баратса, алдынан чычайган чылым тиштеген мугалим жолугат. Чал күңкүлдөйт ага: – Мурдуңду курт жегир десе! – Сиз да чегип жүрбөңүз? – деп чалга да чылым берет. Чал минтет: – Айтчы, баатыр, мугалим эмессиңби… Чылымдын мындай кымбатын кантип сатып аласың? А мен арзанын да сатып алалбайм.

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: Ит атар

АҢГЕМЕ Ар шаршемби күнү экинчи сабактан кийинки чоң танаписте мектептин адаттагы «линейкасы» болор эле. Аны тарбия завучу Күкүн эжей өткөзүп, окуу, тазалык, тарбия боюнча жума жыйынтыгы чыгарылчу. Алдын ала дүйшөмбү күнү эле эжейибиз тазалык сектору менен бирдикте ич кийимдерди текшерип, кимден канча бит чыкса, фамилиясы окулуп, алар «линейкага» чыгарылып, катарга тизилген окуучулар алдында уяткарылчу. Бүгүн да баягы эле фамилиялар: — Туралиев Канжар, 5-«б» класс, үч бит, эки сирке, Туралиева Дамира 9-класс,  эки бит, Туралиев Тайырбек 7-класс, алты бит, бир сирке. […]

Акын — элдик кенч

  “Өрнөктүү адам жумшаган мээнет суу менен абага сиңип кетпейт, элге сиңет”. Мо-Цзы Узак жыл бою ийиндеш жөлөк, үзөңгү кагыш бирге жүргөн адамдар көп. Алардын арасынан Кыялбек Урманбетовду мен адабияттын астанасын аттаган жылдардан эле тааныдым. Тааныганда да чыгармачылыгы, кулк-мүнөзү, үйбүлөсү, айлана-чөйрөсүндөгү кадырлаштары, алака мамилелеш өнөрпоз достору ким – баары менен тааныштыгым бар. Жаш курагыбыз тең болбогону менен жан курдаштайбыз. Кыялбек байкенин адабияттан чарк айланып алыс кеталбаганы мага да абыдан таасирдүү “азгырык” болду. Анын пайдалуу азгырыктарын учкай сөз кыла кетейин…