Ги де Мопассан: Суу жүрѳк

АҢГЕМЕ Коомчулукта аны «Жагымдуу Синьоль» деп аташчу. Анын толук аты-жѳнү  виконт[i] Гонтран-Жозеф де Синьоль эле. Жетим ɵскɵн, жетиштүү байлык топтой алган, мындайча айтканда, кийингени, баскан-турганы менен эл кɵзүнѳ кѳрүнүктүү адам эле. Ал жагымдуу келбети, тартиптүү жүрүм-туруму, орундуу сүйлѳгѳн эстүүлүгү, тубаса кылдаттыгы, ак сѳѳктүү сыймыгы, жарашыктуу муруту, терең кѳздѳрү менен кыскасы, аялзаты жактыруучу бардык сапаттардан  куру жалак эмес эле. Ал конокто болгондо, айымдар аны менен жеңил бийге чыгууну жактырышса, мырзалар болсо, күлүп караганы менен ичинен жактырышчу эмес. Аны кѳп айымдар менен […]

Абхаз эл жомогу: Мелдеш

Балдары ар кай жакк тарап кетип, карыганда жалгыз калган кемпир-чал сүйлөшүп отурганда абышка олуттуу түрдө мындай дейт: — Баягы эле сөздөрүң кемпир, сүйлөшө турган кебибиз деле калган жок окшойт, анын үстүнө оозуңду ачсаң эле үшкүрүк чыгып, балдарыңдын таштап кеткенин, келиндериңдин жаман экенин айтып баштайсың. Уккум да келбейт андай сөздөрүңдү. Кел ошон үчүн унчукпас ойнойлу. Ким биринчи үн чыгарса ошол эртең торпокту аркандап, уйду токойго айдап барып откорот. — Макул, — деди кемпир. Ошентип мелдеш башталды. Кемпир үйдө отун жок экенин […]

Улан, Санташ шамалы жана Чолпон-Ата тууралуу уламыш

Эзелтеден калган сөзгө караганда, азыркы Ысык-Көл аймагын мекендеп көп эл жашаган экен. Ошол элдин эл сүйгөн эки баатыры болуптур. Алардын бири – Улан, Ысык-Көлдүн күн батыш жагынан, экинчиси — Санташ, күн чыгыш тарабынан. Экөө тең сымбаттуу жана бир курдуу болуп, аларга ашык болгон кыздар көп болуптур. Ал эки баатырга ашык болгон кыздардын бири – Чолпон деген абдан сулуу кыз экен. Ал бир карапайым адамдын кызы экен. Чолпон сулуу баягы эки баатырдын экөөнү тең бирдей сүйүп, биринен экинчисин ажырата албайт. Эки […]

Англис жомогу: Камыш кийимчен

Анда уккула балдарым! Качандыр бир бай жашаптыр. Анын үч кызы бар экен. Бир күнү кыздары аны кандай сүйөрүн билмекчи болот. Ал биринчи улуу кызынан сурайт: — Айтчы кызым, сен мени кандай сүйөсүң? — Өз өмүрүмдү сүйгөндөй сүйөм! — Бул жакшы, — деген бай ортончу кызынан сурайт: — Сен мени кандай жакшы көрөсүң кызым? — Бүткүл ааламдан да сизди гана сүйөм! — Бул эң жакшы, — деген бай кенже кызынан сурайт: — А сен мени кандай көрөсүң кызым? — Мен сени […]

Кыйтырдын кеңеши

Дат жомогу Ютландияда колдон суурулган эки алдамчы жашашыптыр. Биринин  эл койгон ылакап аты Шыпыр, экинчисиники Кыйтыр экен. Экөөнүн кылган иштери  алдамай болгону менен бири бирин таанышчу эмес тура.  Бирок алар акыры жолугушушуп,  алдамчылыктарын сынашып, ал мындайча болуптур. Бир жолу кайран Шыпыр бир эле уюн жети касапчыга сатып акчасын жок кылат. Бирок бул жолу ал канчалык далбастаса дагы жети жагынан жети касапчы жети ач  карышкырдай талап, соттун алдына алып  барышат. Башы менен жер сүзсө дагы түзүк ой,  оң арга таппаган Шыпыр […]

Төө жана чычкан

Бурят жомогу Төө менен чычкан мелдеше кетти. — Мен күндү сенден мурда көрөм, – деди төө. — Жок, мени биринчи көрөм, – деди чычкан. — Сен деген менин кирпигиме да тең эмессиң. Мен деген сага – тоомун! Дагы мелдешет имиш! Түн бою төө уктабай, талаанын чок ортосуна туруп алып чыгыш жактан таң сүрүлүшүн, анан күндүн чыгышын күтүп атты. Чычкан болсо төөнүн өркөчүнө чыгып алып, батыш жакты карап таң атырды. Чычкан куулук кылып, таң сүрүлүп, күн чыга баштаганда адегенде батыш жактагы […]

Канаттуулардын төрөсү

Лит жомогу Качандыр бир заманда канаттуулар жайык аңызга жыйналыш уюштуруп, куш төрөнү шайламай болушат. Чогулгандардын арасында: шумкар, кунас, чыйырчык, жылкычы чымчык, ак куу, торгой, карга, ал эмес кибиреген кенедей бир куу чымчык да бар экен. Канаттуулардын ар бири эле төрө болуп шайлангысы келиптир. Бирок алдыга чыгып эч кимисинин «мен» дегенге ооздору барбайт. Баары чуру-чуу, күрү-гүү. Бир убакта калдайган канатына ишенип, алдын ала ой жоруп турган кунас мындай дейт: – Кимде ким баарынан бийик уча алса, төрөбүз ошол болсун. Анын айтканын […]

Иттин ит болгону

Кытай жомогу Жарыктык бир ит болуптур. Бир күнү ал сейилдеп келмекке тоого жөнөй. Ал жактан бугулардын жарышып мелдешкенин көрүп, тып токтойт. Оозу ачылат. Караса, бугулардын жүгүргөнү укмуш турбайбы. Ичи күйдү иттин! Карап турду, карап турду, акыры кармана албай: ал да тигилер менен кошо жарышты. Бирок бугулар учат экен, ит караандай турган эмес. Жарышкан сайын артта кала берди. Күйбөгөн жери күл болду. Суктанды тигилерге. Өзүнөн өзү уялды. Арийне, жүгүрө берсем: аракеттен берекет деп үмүт артты. Мен да бугудан калбаган күлүк болуп […]

Галдан менен Баир

Бурят жомогу Илгери өткөн замандардын биринде эки бир тууган жашаптыр. Улуусу — Галдан, көпчүлүк кандай жашаса ошондой жашоону каалоочу. Ал жапалдаш бойлуу, жоош, көп эмес, анча-мынча эле байлыгым болсо жетет дечү. Кичүүсү – Баир. Ал чыйрак, акыл-эстүү болгон. Өз күчү жана акылы менен жашагысы келчү. Байлык топтосом дечү, а эгер бай боло албай калсам да, кедей болсом да, иши кылып мени эл сыйласын дээр эле. Галдан бир мертебе инисине мындай дейт: — Жүр, монастрга* барабыз, ламага* жолугабыз! Алар кудайга жакын, […]

Фото мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды!

«Коом жана Мен» сайты окурмандар арасында кызыктуу фото-сүрөттөр боюнча сынак жарыялап, ар бир айдын соңунда мелдеш жыйынтыгын чыгарарыбызды маалымдаган элек. Жыйынтык чыгарылды, Жеңүүчүлөр аныкталды! Байгелер өз ээлерин күтүп туру…

Канаттуулардын төрөсү

Лит жомогу Качандыр бир заманда канаттуулар жайык аңызга жыйналыш уюштуруп, куш төрөнү шайламай болушат. Чогулгандардын арасында: шумкар, кунас, чыйырчык, жылкычы чымчык, ак куу, торгой, карга, ал эмес кибиреген кенедей бир куу чымчык да бар экен. Канаттуулардын ар бири эле төрө болуп шайлангысы келиптир. Бирок алдыга чыгып эч кимисинин «мен» дегенге ооздору барбайт. Баары чуру-чуу, күрү-гүү. Бир убакта калдайган канатына ишенип, алдын ала ой жоруп турган кунас мындай дейт: – Кимде ким баарынан бийик уча алса, төрөбүз ошол болсун.

Кубат акенин Кулжанбек аңгемелеринен

Аңгеме  3. Рай менен Ырысманбет Баягы жылы боякта, ушул убакта, ушундай күздүн күнү чөп чаап атабыз, чөп чаап атпайбызбы, чалгы менен, ал убакта чалгы менен чапчубуз. Көкөм, бу киши, менин жанымда отурбайбы. Ырысмамбет, Жумабек, Жумабектин баласы Дөөлөт болуп, Майбулактын алдындагы Чалмада чалынып-малынып чөп чаап атсак, чалгыны такымына бекем басып Рай келип калыптыр. «Эй, мени менен чабышасыңбы?» дейт. «Кана, кимибиз менен чабышасың?» дедим. «Кимиң болсо» дейт. «Сени менен» дейт. Муну кудай урган экен» дедим ичимде. «Мына, Ырысмамбет менен чабыш». «Койчу, Ырысмамбетиңди, […]