Азамат ТӨКӨРОВ: «Бактысыздан экөө болсо, бирөө мен»

ПОЭЗИЯ * * * Бактысыздан экөө болсо – бирөө мен, Бирөө болсо ошол жалгыз бирөөмүн. Төрөлгөнүм үмүт, тилек болгондур, Бирок үнсүз, ыйсыз болот түгөнүүм. Жакшы адамдын кыска болот өмүрү, Менден болсо дүйнө болор безээри… Өлөөрүмдө алсыз соккон жүрөктү, Анык бекен айыптардын эзээри?

Көп адамдар сатты мени, мен саттым \– Эки бети болот тура теңгенин

Табылга Мурда-кийин тааныш эмес экенбиз. Адабий чөйрөдө Азамат Төкөров аттуу жаш акын бар экенин деле укпаптырмын. Качан гана «Жашооң түшкүр, кайкымай да, ойкумай, \Дүйнөң түшкүр, түлкү мүнөз жойпудай. \Дүйнө менен жашоо балким күнөөсүз, \Анткени адам табияты сойкудай» сымал саптарды окуган соң – адабияттын ышкыбооз жаш өкүлүнүн эмес, турмуштун көлөкө-жарыгын тааныган, дасыккан акындын тунук поэзиясы колума урунганына курсант болдум. Не аны Мекенден алыска чүлүктөп алып кеткен тагдырдын касирет-күйүтү көкүрөк кылын черткенден жаралган саптар бекен; не күч анын көөдөнүнөн сууруп чыккан саптар […]

Бактыгүл Сейитбекова: Ар бир мигранттын карегинде Ата-Журт…

«Мекендеш» рубрикабыздын бүгүнкү мейманы Россиянын Москва калаасында эмгектенген мингранттарыбыздын бири, акын эжекебиз Бактыгүл Сейитбекова болду. – Бактыгүл эже, арыбаңыз… Канча жылдардан бери тышкы миграциянын көйүн өз жонтериңиз менен сезип-туюп келаткан чыгармачыл адамсыз. Андыктан артта калган азаптар менен бүгүнкү жетишкендиктериңиз туурасында сөз курар учур келди го дейм. Же дале жан үрөгөн тирилик менен алышып жүрөсүзбү? Дегеле ушул тапта эмне менен алексиз, жанга жай турмушка жеттиңизби? – Саламатчылык. Албетте, азыр бир топ жетишкендиктер бар. Келген жылдар менен азыркы учурдун айрымасы абдан эле […]

Нуралы КАПАРОВ: Мигранттар

ПОЭЗИЯ Күчүктөй пайда издеген кыйгач карап, үзүктөй калың чачын кыйгач тарап, дөбөттөй этти карай, эшектей чөптү карай жулкунган заман келди. Жондуулар жымыңдаган, кыйындар кымыңдаган, түлкүлөр жалпактаган, коркоктор жалтактаган, карыздуулар карыз издеп каргадай күнү-түнү салпактаган…

Сыйлоосуз сүйгөндүктөн өлкөбүздү, \ Сырт жакка сүрүп салды өлкө бизди!

Мигрант ыры Ала салган турмуш менен агылып, Алыс бөлгөн тагдырыма багынып. Аңтарылган сезимдерге тушуктум, Аскар тоону, аккан сууну сагынып. Кутулалбай куса деген оорудан, Кыярбады кыялдагы окуям. Томсоруңку тарткан менен кебетем, Тоонун жытын толкуп эстеп отурам. Тосмосу жок куса күчү ойгонсо, Толкуп келип туталантып койгондо. Тыбыраган жүрөгүмдү бек кармап, Токтоо кылам тоо баласы болгонго. Ала-Тоого аттанмайын кадамдар, Айыкпаган жүрөгүмдө жарам бар. Ата Журттун баркын аңдайт турбайбы, Аргасыздан алыстаган адамдар.