Молдова эл жомогу: Балыкчынын аялы

Илгери-илгери эрди-катын жашаптыр.  Күйөөсү балык кармаганды жакшы көрчү экен,  бирок анда-санда эле бир нерсе кармайт. Күндөрдүн биринде  анын  жолу болуп: үйдөн кеч чыгып кетип, бир күндө тогуз форель кармап алыптыр. Үйүнө кубанып келип аялына мындай дейт: –  Бүгүн  ийгиликтүү күн болду: мен тогуз форель кармадым, аларды бышырчы, а мен  молдону биз менен балык жеңиз деп чакырып келейин. –   Бирөөнү жеп көрөйүнчү, байкайын кандай экен,–  деди күйөөсү кеткенден кийин аял. Ал бир форельди бүт жеп көрдү да оозун жалап, экинчисине өттү. […]

Ишенбай АБДУРАЗАКОВ: Сакем ички уңгусу боюнча ар бир кыры жаркыраган көөр таш сымал эле…

Бир жыл илгери кайсы бир белгилүү адамдын юбилейинин эртеси телефон шыңгырап калды. Тыңшасам Сакем экен, «үйдөсүңбү?» дейт. «Тышта болсом телефонду алат белем? десем, «Баса дейм да, сени кечинде эле эмес, күндүзгү тойлордун баарына чакырышат экен, ансыз той көркүнө чыкпай калыптыр деген сөз угуп калдым эле, болбосо жөн эле келе бермекмин. Болду, мен азыр барам» деп карсылдап күлдү. «Ой, мен азыр тойго кетип бараттым эле. Болуптур эми, сен биринчи жолу телефон чалып келмекчи болгонуң чоң жаңылык. Ошону белгилейли»… Учурдагы абал боюнча […]

Абдыкерим МУРАТОВ: «Чочоккесер»

АҢГЕМЕ «Чачтарачкана» деген жазуусу өчөйүн деп калган, тактайларынын жарымы чирип, өзү бир жагына ооп турган, ичи эски-куску кайчы, устара, аларды курчута турган кайыштарга жана дагы ыбырсыган майда нерселерге толгон, анча-мынча атыр-упасы бар бул эски будкадан чыгып баратып анын эски ээси – ушул будкасындай бир топко барып калган сакалчан неме артына бир кылчайды да четтери карала-торала болуп кеткен күзгүнүн аркасына колун салып, ал жактан небак ачылып, жарымы түгөнгөн арагын алып чыкты.

Иттин тумары 

Низамидин МУРЗАЕВ Аңгеме Сарыбай бай  Сарыкашка күлүктү минип, бир чаарынын этин куржунга салып бөктөрүп, Аладөбөттү ээрчитип өмүрүндө биринчи жолу бирөөгө астейдил иши түшүп, бушайман болуп, таңкы салкында  жөнөп келатканда, Кожомүшкүр молдо кечээ келген  меймандары, эки-үч коңушусу менен дасторкон  үстүндө кызуу маектешип олтурган. — Адам баласынын көйгөйү туулгандан  өлгөнчө түгөнбөйт. Ар бир күндүн өз көйгөйү бар. Ошол көйгөй-маселени чечип атканда адам  адам экенин унутпашы керек, — деп Иброхим дамылла бир маселени жыйынтыктап айтканда, Кожомүшкүр молдо  баш ийкегенче: “Көз ирмемде да адам […]