Шабданбай АБДЫРАМАНОВ: Бушайман

АҢГЕМЕ …Кабыл эмгектеп ноюбаган, билеги чулу айылдагы азаматтардын бири. Өзүнүн чоюндай салмагына жуп келишкен күжүрмөн кесипти тандап алганын карасаң. Ала жаздан боз кыроого чейин беш күн үйүндө удаа жаткан учурлары кем. Трактордун жанында болбой калган күнү өмүрү бекер өтүп жаткансып оңкулдап чыдай албайт. Каржалбаган эмгекчил жан. Бир айта кете турган нерсе, өз үй-тиричилигине бүйрөлүгү жогураактай. Ошон үчүн сөзү азыраак кыска болуп, үйдөгүлөрү кээде беттен алып, тынчсыздандырып коюшат. Мындай учурларда Кабыл унчукпай гана чайын ичип эшикке чыгат. Мунун себеби Айгүл эшикке […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Аялзатка напси тыйылбайт

АҢГЕМЕ Жылдар зымырап өтүп, жылдар менен кайран жаштыгы кайрылгыс болуп кетип жатса да отуз жаштан өтүп, кыркты чамалап калган “карт бойдок” атка акырындап ээ болгон Ашырга акыркы күндөрү жолуккан эле киши качан аял аласың дей берип тажатышчу болду. Бара-бара ал суроолорго камдап алган түркүн жооптору да азайып, элдин арасына баргандан заарканат. Эң таамай жоопту аталаш агасы Курманаалыга берди: — Ай, Ашыр жүрө бербей аял алсаң боло, тиги жеңемдин колу-буту узарып, келиндин чайын ичсем дегенде эки көзү төрт болуп жүрөт. — […]

Ризван ИСМАИЛОВА: Бөдөнөпуруш

АҢГЕМЕ Айылдан четирээк төшү жайкалган дөбөнүн этегинде ылай пакса менен урулган коргондун ичинен бирөө чыкты, эки жагын абайлай каранып, одуракай бөзгө оролгон бирдемени колтугуна кыскан бойдон тез-тез кадамдады. Түн көшүп, уйкуга маташкан көзүн ача албайт. Тыптынч. Ылдыйраактагы бирине-бири моюндашкан үйлөрдөн анда-санда иттин арсар үргөнү угулат. Жарыктык ай, уурту жарылгандай аппак нурларга чөмүлүп лаззаттуу балкылдайт. Айдын жарыгы чочуттубу, баягы киши пахта талаанын этегиндеги тыт катардын далдоосуна өтүп алды. Кез-кез келме келтирип коет. Бутунун кончуна бычакты салдымбы деген кыязда эңкейип өтүгүн кармалады. […]

Касымаалы ЖАНТӨШЕВ: Эки жаш

ПОВЕСТЬ Жол үстү Элдин бетин көптөн бери көрбөгөнүмбү же мендеги айрым кубанычтардын күчтүүлүгүнөнбү, улам ойгонуп, кайра уктоо менен таңды араң атырдым. Мен турган убакта элдин бардыгы уйкунун тынчтык кучагында эле. Жалгыз гана Канабат станциясынын эмгектүү кыймылы, паровоздун кыйкырган үнү, жаңы төгүлгөн эгиндерди салган вагондорду маневр кылуу менен элди ойготуп, эмгекке чакыргандай, анда-санда чыккан кондукторлордун ышкырыгына баш ийип макул дегендей, «пуп-пу-уп» деп, паровоздор каршы-терши жүгүрүшөт. Элдин бардыгы туруп, күндөгүдөй кесиптерине киришти. Самовардагы чайы кайнап, кызыл чайканалар да ачылды. – Самоварчы аке! […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Молдо»

Аңгеме Ошко  борбордон иш сапар менен келген төрт аял Сулайман тоону көрмөкчү болуп эми гана тоонун таш жолуна бут койгондо кайдан чыга калганы белгисиз, алардын бет алдыда бул жердин  молдосу пайда боло калды. Ал  аялдарды  баштан аяк  бир карап алды да, ызырына  тилдеп кирди: – Бейыйман албарстылар, жок дегенде башыңарга жоолук салып албайсыңарбы? Ыйык тоого келгениңерди билбейсиңерби? Кудай жалгабаса, кебетеңер курусун! Силерге  окшогондордун таманы  үчүн бу тоонун ташы да убал… Ушинтип күбүрөнгөн  топучан чал биртоп наалып, капа болуп, анан аялдарды […]