Керээттүү кеменгер кетти

Айыл интеллигенциясынын эң алдыңкы өкүлү дээр мугалим эле Кеңешбек авабыз. Тарыхтан кеп кылса, талашка түшө албайт элек жанында. Көркөм адабиятты сөзгө алса, табитине сөз кайтара албай тыңшап угар элек кебин. Көңкү кыргыз көрөңгөсүн көлкүп айтчу, мөнгүдөй тунук мөртүн айтчу. Кара кыргыз тарыйкасын калпып айтчу, калкагар тоодон бийиктин артын айтчу. Не айтпасын – өзгөнү кепке курсант кылмайын жүрбөчү, өзүнүн да жарпы жазыла сүйлөчү. Келечекке ой серпкен кеменгер эле, керээттүү кебинин учугу тереңден эле, кайран! Борбор калаага каттап калса, «Айтыш» коомдук фондунун […]

Рене РОСИНИ: Өмүр бою бизде сакталып  кала турган ардактуу эстелик

Француз тилинен которгон Бактыгүл ИМАНБЕК кызы АҢГЕМЕ Бүгүн баардыгыбыз мектепке көңүлүбүз  куунак келдик. Анткени жалпы классыбыз менен сүрөткө түшө турган күн. Эжейибиз айткандай, ардакталып өмүр бою бизде сактала турган сүрөткө түшүүчү күн. А түгүл баардыгыбыздын таза, тыкан, жуунуп-таранып келүүбүздү да эскерткен эле. Ушундай сонун маанай менен кыялдарга чулганып келдим да, баягы биздин класс чогулган жыйынга аралаштым. Жыйындын так ортосунда Жофройду эжейибиз ортого алып жемелеп аткан экен. Жемелей турган деле жөнү бар, анткени ал сүрөткө түшүү үчүн моряктын формасын кийип келиптир. […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Сырдуу китеп

АҢГЕМЕ Ассалому-алейкум, атаке! Сизге көөдөнүмдө жазылган катты окуп бергим келди. Өзүңүз жашап өткөн 1905-1992-жылдарды салаама салып, санап отурам. Бабам Сүйүнбайдын 16 баласы болгон экен. 1910-жылы кара тумоо деген оору каптап, бабам баштап балдары өлүп, 1916-жылы Үркүн болуп калганы өлүп… Атылбай калган аркардай атам Ырысаалы менен Упаян деген эжем калган экен. Анан Кожобек деген бир тууганынан Ашым, Молдобек деген бир тууганынан Турдакун деген эки бала калыптыр. — Ата, эмнеге Кытайга үркүп качтыңар эле? — Элге келген алааматтан кантип кутулмак элек… — […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: Коргон дубал

АҢГЕМЕ Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынын аяк чени, союздун күүлдөп турган учуру. Күн ысып, алдуу-күчтүү колхозчунун баары чөп орокко кеткен маалда эртелеп айылдын бригаты участкалык милиционерди, айылдын бирин-экин активдерин ээрчитип алып өйдө жактан келген дагы бир кезектеги буйрукту аткаруу үчүн айыл аралап жөнөштү. Бул дагы адаттагыдай эле колхозчулардын ар биринин үйүнө барып менчигине кол салуу эле. Бул жолу “чоңдор” колхозчулардын короосун тоскон дубалдарды бузууга жөнөштү. Кечээ бригат райистен ушул буйрукту алган. Райис колхоз аймагындагы айылдардын бригадирлерин чакырып алып: — Топурактан курулган […]

Ризван ИСМАИЛОВА: Окулбаган каттар

АҢГЕМЕ Жаңы ишке көпкө көнө албай жүрдүм… Мурда мектепте иштегенде сабагымды окутуп коюп, үйгө «жылт» койчумун. Ата-энемдин бешенесинде үлпүлдөп жүрүп, жогорку окуу жайын бүткүчө турмуш эмне экенин түшүнбөпмүн. Беш кыздын кенжеси дешип, эпсиз эркелетишкениненби, көңүлүмө жакканын жасап, өз тагдырымдын ээси «өзүммүн» деп, ичимен дердейгеним куп бекер болду. Институтту бүтүп, эки-үч жыл иштеп калганымда колумду сураган киши чыкпады. Балдар дүйнөсүнө аралашып, чыга албай жүрүп, баштараак арадан жети-сегиз жыл өткүчө деле анчалык эрөөн-төрөөн алганым жок. Жанда жок кыялкеч элем. Кыялдангандан эч тажачу […]

Мамат САБЫРОВ: Ант

АҢГЕМЕ Үстүндөгү кители, погондору эскирип, күнгө оңуп кеткен ак чач капитан улам бет аарчысы менен чекесиндеги терин сүртүп коюп, мени участка менен тааныштырып жүрдү. – Ылдый жакта Ойрон деген бир айыл бар. Балдары шунчалык бейбаш, жат киши баргандан заарканат. Той-топурга эмес, патаага барган кишилерди дагы чекеге сүйрөп чыгып, токмоктоп ташташат да. Бир жолу Араван жактан жуучулар келишсе, мас балдар машинасын токтотуп, ичиндегилерди аксакал эле девей, аял киши эле девей жанчишиптир. Шонон кийин беш жылдай Ойронго жуучу кевей, мектепти бүткөн кыздар […]

Абдыкерим МУРАТОВ: «Күн эжей»

АҢГЕМЕ — Жамбаштап жата бербей, кир жууганга биржадан бирөөнү алып келбейсиңби, кызматчыбыз айылга суранып кеткен, бири отпускада? — Аялы эми эле телевизордун пультун колго алган Медерге аткарабы-аткарбайбы дегендей, бирок ургаачылыкка салып буйра сүйлөдү. Мындайда Медер аялын чымын чакканчалык көрбөсө да, боору оорудубу же жекшембилик зеригүүсүн бир аз болсо да унутайын дедиби, айтор, машинасынын ачкычын алып, спорт кийимчен сыртка жөнөдү. — Түзүгүрөөгүн алып кел! Бир уурусун же алкашын жетелеп келбе! — Аялы катар-катар темир эшиктерин шарактата жаап атып дагы бир жолу […]