Касым Тыныстанов: Талаага тай өнүптүр

АҢГЕМЕ — Тай алып бер, атаке, — деп Абыл көптөн бери атасына айтып жүрүүчү эле. Абылдын сөзүнө атасы көп кулак салбай жүрдү. Бир күнү тай минип жүргөн балдарды керүп, Абылдын ичи кызыды. — Тай алып бер! — деп атасына асыла берди. — Макул, балам, жаз чыксын. Сен мектептен бошогон кезде, мен тайыңды даяр кылып коёмун. Ага чейин сен жакшылап окуй бер, — деди атасы. Жаз чыгып, Абыл мектептен бошоду: — Баягы тайды эмне кылдың, атаке? — деп Абыл сурай кетти. […]

Калык ИБРАИМОВ: Мусулман маданияты жана Жусуп Баласагындын руханий мурасы

Азыркы адамзат маданиятын мусулман маданиятысыз элестете албайбыз. Ал ааламдык цивилизация тарыхында абал өзү жаралгандан баштап айтаарлык роль ойноп келатканы айдан ачык. Бүгүн да мусулман маданияты дүйнөлүк цивилизациялык-маданий өнүгүүнүн маанилүү фактору болуп атканы айныгыс акыйкат. Ошондуктан мусулман дүйнөсү, мусулман цивилизациясы, мусулман маданияты кандай рухий нарк-дөөлөттөрдүн негизинде калыптанган деген маселеге баш бакпай туруп, 1000 жылдык мааракеси белгиленип жаткан Жусуп Баласагын бабабыздын руханий дүйнөсүн да ойдогудай аңдай албайбыз. Анткени, биздин атактуу эки жердешибиз – Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгаринин жашоо жагдайы жана чыгармачылык […]

Эң кымбат мурас

Жапон жомогу Жапайы жаныбарлардын ар нерсесин мурас тутунган князь болуптур. Укмуштуунун баары бар экен анда: апсыйган арстандын мүйүзү, балыктын киндиги, тэнгунун[1] желбүүрү[2], ал тургай чагылгандын Кудайы Каминарисаманын кемер курунан өйдө сактап жүрүптүр! Князь өзүнүн мурастары менен өтө сыймыктанчу дешет. Анын эң өзгөчө сыймыктанганы алтын короз экен. Анысы алтындан жасалганы менен кудум эле жандуу корозго окшош болуптур. Ал эмес ар таңда «кукареку!» деп үн созчу дешет. Уламдан улам өз мурастарын ордунан алып чыгып көз кумарын кандыруу княздын бирден бир ыракаты экен. […]

Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ: Биз, эне тилибизди абдан начар билебиз

Кыргыз кыргыз болуп жаралганы бу дүйнөдөн канчалаган залкар, асыл адамдар өттү. Биринин кеби кыргызды даңктаса, биринин сүрү кыргызды сактап келгени тарыхта айтылат, жазылат. Арийне, биз таберик тутар улуттук дөөлөт ошолордун артында калган чыгармалары, асыл кептери эмеспи. Эмесе өтөлгөлүү өмүр сүргөн улуулардын кыргыз радиосунун алтын фондусунда сакталган маектеринин бирин жарыяламакчыбыз. Ал – залкар жазуучубуз Т.Сыдыкбеков менен Т.Орокчиев агабыздын төмөндөгү маеги… О.Тенти: Кыргызда Мекен деген сөз бар. Ушул сөздүн тегерегинде адам баласы эс тарткандан бери далай ойлорун ортого салып келүүдө. Ал туурасында […]

Айтматовдун антропокосмосу

МУРАС ТААНУУ Чыңгыз Айтматовду атак-даңкы жана адаш-уйкаш атынан улам, көзү тирүүсүндө эле көптөр Чыңгыз хан менен салыштырып көкөлөтүшкөнү адабий журтчулукка башынан маалым. Атүгүл, анын чыгармачылыгын астейдил изилдеген чыгаан адабиятчы Г.Гачев Ч. Айтматовдун «Чыңгыз хандын ак булуту» баянына жазган баш сөзүндө: «Чыңгыз качандыр бир Чыңгыз хан менен сөзсүз жекеме-жекеге чыгып, беттешет го деп күтчү элем, дал ошо мен ойлогондой болду»,-деп маашырланганы бар. Анын сыңарындай, адамзат тарыхына абай салып көрсөк, чындыгында да түбү тектеш түрк-моңгол элдери буга дейре бу жалганга атагы дүйнөнү […]

Лайли ҮКҮБАЕВА: «Осмонаалы Сыдыковдун эмгектери – баа жеткис адабий мурас»

АЛГЫ СӨЗ Кыргыз элинин туңгуч агартуучуларынын бири, санжырачы, кыргыз жазма тарыхынын негиздөөчүсү Осмонаалы Сыдык уулунун «Мухтасар тарих Кыргызиа» (1913), «Тарих кыргыз Шадманиа» (1914) китептеринин Уфа шаарында жарык көргөнүнө 100 жылдан ашык убакыт болуптур. Бул эки эмгек Осмонаалы кызы Бүбүштүн көп жылдык аракетинен кийин 2014-жылдын май айында «Турар» басмасынан кайрадан басылып жарык көрдү. (Кыргызстанда биринчи жолу «Тарих кыргыз Шадманиа» Кыргыз санжырасы. 1990-жылы чыккан) Китеп жарыкка чыгары менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жетекчилигинин колдоосу менен Осмонаалы Сыдыковдун өмүрү, эмгектери боюнча университетте республикалык илимий-практикалык […]

Чыңгыз АЙТМАТОВ: «Сүйүүдөн аалам жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк…»

Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен драматург Султан Раевдин маеги БАШСӨЗ ОРДУНА Чыңгыз Айтматовдун арабыздан о дүйнө салып, арабыздан кеткенине алты жылга чамалаш убакыт өтсө да анын элеси, руху кудум бүгүн да биз менен чогуу чаран жүргөндөй туюлат. Убакыт өткөн сайын ал ак кар, көк муз кетпеген Улуу тоонун чокусундай бийик, барандуу көрүнүп, анын ар бир сөзү өзүнүн улуулугун да, салмагын да, тереңин да, маанисин да кемитпей, мезгилдин эмес, замандардын уюткулуу оюна айланып барат. Чыңгыз Айтматов менен бул жолу жолугушууга […]