Эрк – бакытка өбөлгө

Пхенчян шаарында болуп жаткан дүйнөлүк олимпиадага Кыргызстандан да спортчулардын чакан тобу жөнөп кетти. Кошуна Казакстандын атынан муз бийи боюнча жарышка жөнөгөн Элизабет Турсынбаеванын апасы Падишахан Султаналиева – кыргыз кызы. Ушул зор сыноого аттанган чакта да канатташ кыргыз менен казакты, уул-кыздардын таалимин ойлойт экен. Анын бүгүнкү маеги да окурманды кайдыгер калтырбайт деп ойлойм. — Падишахан, кыргыз менен казактан буга чейин муз бий чеберлери чыккан эмес эле. Спорттун өзгөчө чеберчиликти, көркөм табитти, анан, албетте, бекем эркти талап кылган бул түрүн кандайча тандап […]

«Атамекен» фракциясынын эки депутаты «РухЭш» сайтына чоң колдоо көрсөттү

Эки күндөн бери «РухЭш» сайтынын окурмандарына ыңгайсыздык болуп келди. Анын эң башкы себеби – эки жылдан бери туруктуу окурмандарыбыздын саны арбыганы менен, тилекке каршы, туруктуу финансылык булагыбыз жогуна байланыштуу окурмандардын колдоосуна муктаж экенибизди жазып келген элек («РухЭш» – улуттук долбоор). Жалпы окурмандарыбыздын арасынан сайтыбызды колдоо максатында ЭЛСОМ 0558 08 08 60 эсебине 100 сомдон которгон күйөрмандарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз! Арийне, адабият, маданиятыбызга күйгөн мекенчил аткаминерлерибизди бул маселе кайдыгер калтырбаса керек, бүгүн Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясынын эки депутаты Каныбек Иманалиев менен […]

Мээнет менен табылган акы

Адыгей жомогу Байгер жашаган адам болуптур, анын уулу жеткен жалкоо, жеткен ашкулу болуп чыгат. Колдоюп ишке жөндөмү болбоптур: даяр кийимге, даяр ашка гана тап берип, ысырапкорчулугу да чектен ашат. Атасы аны эмгекке үйрөтүп, сарамжалдуулукка тарбиялоо үчүн алыскы айылдагы кабардин улутундагы бирөөнө жумушчу кылып берет. Жыл өткөн соң акысына бир тоголок алтын төлөнмөк болот. Бала байдын эркеталтаңы экенин билген кожоюн бирок аны оор жумушка деле мажбурлабаптыр, жакшы ичинтип, жакшы кийинтет. Бир жыл өтөт. Балага бир тоголок алтын берип жөнөтөт. Бала өз […]

Конкурска: Ак эмгек – даамдуу нан

№14 Жомок Илгери, бир үй-бүлө жашаптыр. Ак эмгек менен нан таап, эл катары оокат кылып күн көрүшөт. Балдары чоңойгон сайын кем-карчтары көбөйүп, жашоолору оорлой баштайт. “Буйруса, балдарыбыз эр жетсе колубуз узарып, жашообуз оңолот”, — деп келечектен үмүттөрүн үзбөгөн ата-эне, балдарына  жакшы тарбия бергенге аракет кылышат. Эмгек кылууга, ак эмгек менен нан табууга үйрөтүшөт. Бирок ар баланын ар кыял-жоругу болот тура. Надыр дегени тентек, жалкоо, уйкучу чыгат. Ал эр жеткен сайын колунда бар, бардар жашагандарга көз артып, алардын жашоолоруна кызыкканын койбойт. […]

Эстүү колукту

Азербайжан жомогу Бу жарыкта абыдан ынтымактуу, бирине-бири ачуу сөз айтпаган эрди-катын жашаптыр. Күйөөсү эртеден кеч талаада иштесе, аялы жип ийрип, жамап-жаскаган үй тирлигинен бошобочу экен. Айылдаштары бул үйбүлөнүн туткасын кармаган аялдын жөн билгилигин дайыма макташып, акылдуулугуна суктанышкан дешет. Күндөр өтөт, айлар, жылдар өтөт. Бул аял жөнүндө мактоолор эл арасында ооздон оозго тарайт.