Сократтын солк этпес чындыгы

Өлүм бул – адамзаттын эң улуу көз боочусу. Биз жашап турганда ал али келе элек болсо, а биз өлгөндө – эбак келип кеткен болот. * * * Менде каалоолор канчалык аз болсо, Кудайга ошончолук жакынмын. * * * Ким ааламды ордунан жылдыргысы келсе, ал адегенде өзүн жылдырсын. * * * Эгер адам ден соолугуна өзү көзөмөл кылса, анда ага анын өзүнөн ашкан дарыгерди табуу кыйын. * * * Жандүйнөнү дарылабай туруп, денени дарылоого болбойт. * * * Боорукерлик жана пайдалуу […]

Достоевскийди Эдгар Понун окуучусу деп ырастаган адабиятчылар бар

Эдгар Аллан По — америкалык жазуучу, акын, адабият сынчысы. XIX кылымдын 1-жарымында жашаган Эдгар По Америка адабиятында романтизмдин дарканы, кыска жана коркунучтуу аңгемелердин теңдешсиз чебери катары таанылган. Эдгар Алан По (18-январь, 1809, 7-октябрь, 1849). Американын уулу акын-жазуучуларынын бири. Адабият жөнүндөгү пикирин калемгерлерге түз айткан кабылан. Эдгар Пону атактуу англис жазуучусу Артур Конан Дойл детективдик аңгемелердин атасы, пири деп атаса, дүйнөлүк адабияттын дөө -шааларынын бири Федор Достоевский «Адамдын ички дүйнөсүнүн абалын Эдгар Подой иликтеп жазган эч бир жазуучу жок жана кыялдагы нерсени […]

Антон Чехов: Почта бөлүмүндө

АҢГЕМЕ Которгон Догдурбек ЮСУПОВ Жакында биз карыя почтмейстер Сладкоперцевдин жаш жубайын акыркы сапарга узаттык. Көрүстөнгө коюлгандан кийин ата-бабалардын салты боюнча ага көңүл айтуу үчүн почта бөлүмүнө жөнөдүк. Баарына тамак куюлгандан кийин жесил-карыя булкулдап ыйлап жиберди да, мындай деди: – Мобу токочтун да маркум сыяктуу көрктүүлүгүн карагылачы. Дал ошондой сулуу! Тим эле өз-зү-ү! – Чын эле, – деп бардыгы макул болушту. – Сиздин жубайыңыз чын эле сулуу болчу… Биринчи сорттогу аял эле! – Ооба… Ага бардыгы суктанчу… Бирок төрөлөр, мен аны […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Элеттик куйручуктар — I

Чукугандай сөз тапкан, калың элди кыраан-каткыга салган ар бир айылдын өзүнүн Бекназары, Куйручугу, Шаршени, Асанкулу, Күмөндөрү бар. Бирок аттиң арман, ошол эл арасындагы куудул таланттардын сөздөрүнө көңүл бөлүп, маани берип жыйнаган жазмакер адамдарыбыздын жогунан кыргыз юмористикасынын алтын казынасына кире турган мыкты-мыкты юморлор, аскиялар өз айылында айтылып-айтылып, жыл өткөн сайын, муун алмашкан сайын унутулуп, жалпы кыргыз энчисине айланалбай өз коктусунда, өз айылында коромжу болуп жоюлуп-жоголуп баратканы өкүндүрөт. Кемин районун Тегирменти айылынын тургуну, таланттуу акын, активдүү коомдук ишмер Абийирбек Абыкаев ошол өксүктү […]

Даңгыт жөнүндө уламыш

ОКШОШТУК «Ит тукуму – кумайык» дейт илгертен кыргыз. Даңгыт бирок кумайыктан айлансын. Даңгыт илгери эле чыгыптыр. Кумайык тукумунан эмес экен ал. Билермандар аны бычылган дөбөт ит дейт. Адам колу менен бычылбаптыр даңгыт. Эки ит талаша кетип, бири экинчисин баса калат да, алдында жыгылгандын калтагын чайнап салып, шалтурук кылып таштаган экен. Чала бычылып калыптыр. Чала бычылганы менен даңгыттан деле тукум тарайт экен, бирок кадыресе ит тукумуна окшобойт экен алардыкы. Тукумум калсын деп, канчык көрсөле баса калмайы бар дейт. Көрүнгөн канчыкка асылбайт […]

Убакыттан өткөн кеменгер жок

Фрэнсис БЭКОН (1561-1626), англис философу Китеп – мезгил агымындагы толкундардын үстүндө калкып, муундан муунга асыл ойлорду ташып жүргөн жүгү бар кеме сыяктуу. * * * Китепти сен бир нерсени жокко чыгарып, же бирөөнө каршы сүйлөө үчүн, же окуганыңдан ишеним таап, башкалар менен масилеттешүүдө сөзгө кыстара кетер нерселерди издеш үчүн эмес, өз алдыңча ой калчап, талдоого алууну үйрөнүш үчүн оку. * * * Китеп окуу адамды билерман кылса, маектешүү – баамчыл кылат, а окуган, уккандарыңды жазуу – тактыкка үйрөтөт. * * […]

Мамат Сабыров: Мен адабияттын «Дублер палванымын»

Кээде жакшы кишиге жолугуп сукпат куруп отурган кандай сонун. Бирок кеп дүкөн курууда баары эле ширелүү андаза куруп бере албайт. Сөз багып, ой багып жүргөнсүгөн көп эле жазуучуларыбыз бар, көбү менен маек курган күндөрүм болду. Бирок кээде ууга чыгып жолу болбой калган мергенден бетер шаабайым сууп, жакшы маек куралбай калган учурларым арбын. Бүгүн журналист катары да, адам катары да мен сыйлаган жазуучу Мамат САБЫРОВ менен маек куруп, кулак кужур кана түштү… – Мамат аке, жаңы эле басмадан чыккан китебиңиз кут […]

Бейшебай Усубалиев: «Алым аке ырды жасачу эмес, жаратчу»

(1-маек) (2-маек) – Сиз менен талаша турган жерлери деле бар, Бейшебай байке, бирок антсек өзүӊүз айткандай теорияга сүӊгүп кетип, аскада асылып калчудайбыз. Андан көрө Алым байке деп калдыӊыз, мен билгенден экөөӊүздөр өтө жакын элеӊиздер, кеп тизгинин ушу Алым байкеге бурсак кантет? – Атаӊдын көрү, ушул быйыл мен өзүмө жакын төмөнкү үч кишиге ичимден үӊүлдөп ыйладым: илим доктору Калыбек Байжигитовго, этнопедагог Сабыр Иптаровго анан Алым акеге. Алым аке жөнүндө өзүнчө атайын сөз кылуу –моюнумдагы парзым, ошондой эле бул жерде анын акындык […]