Людмила МОЛДАЛИЕВА: Тунжер Жүдженоглунун «Көчкү» пьесасы

Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры жаңы жылды түрк драматургу Тунжер Жүдженоглунун «Көчкү» пьесасы боюнча коюлган ошол эле аталыштагы драмасы менен баштады. Оюнду эки таланттуу адам – театр режиссеру Эльвира Ибрагимова жана театр сүрөтчүсү Юлдаш Нурматов коюшкан. Пьеса автордун журналист досунун бийик тоодо жашаган бир эл жөнүндөгү аңгемесинин таасири менен жазылган. …Жылдын тогуз айы бою адамдар такай коркунучта жашайт: шыбырашып сүйлөшүүгө туура келет, күлүшпөйт, анткени катуу добуштан көчкүлөр ордунан козголушу мүмкүн. Калган үч айда толук кандуу жашоо сүрүшөт: […]

Ата-энелерге кулак кагыш: Баланы кантип ийгиликтүү адам кылып тарбиялоо керек?

Монтессори-мугалимдин кеңештери Расмий билдирүүлөргө таянып жаза турган болсок, ар күнү Кыргызстан боюнча 250дөн ашуун наристе бул жарык дүйнөгө келет. Ушул күндөн баштап ата-эне деген ардактуу атка ээ болгон инсандар чечилиши зарыл болгон көптөгөн көйгөйлөргө кезигишет, туура жооп берүүгө милдеттендирген түрдүү суроолорго кабылышат. “Баланы кантип туура тарбиялап чоңойтуш керек?”деген собол ошолордун арасындагы эң орчундуусу болуп саналат.  Kaktus.media сайтынын редакциясына «Синяя птица» монтессори-клубунун негиздөөчүсү монтессори-мугалими Камила Исабекова бул маселе боюнча маек курду (монтессори – көрүнүктүү италиялык окумуштуу-педагог Мария Монтессоринин бүт дүйнөгө жайылган […]

Дандапани ЖЕЯКАНТАН: Бөтөн кайгы

АҢГЕМЕ Бул полицей бир эле суроо үчүн үймө үй кыдырып жүрдү. – Кара шым, ак көйнөкчөн он жаштардагы уулуңуз жок беле? Баардык кирген үйлөрдөн «жок» деген жооптуу укса да тажабай кыдыра берди. Кезектеги үй ээси дароо айтты: – Бар, бар! Эмне болду? Кайда экен? Короого он жаштардагы бала жүгүрүп келип, полицейди көргөндө арсарсып токтоп калды. – Бери жакынырак кел, – деди энеси. – Барбайм! – деп кыйкырган бала качып жөнөдү. – Сени жеп жибермек беле, кел дейм! Полицей жеңилденгенсип улутунду. […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: Коммунизм оттору

АҢГЕМЕ Кыргызстан, Кыргызстан Алма-бак шагындай Жүрөгүбүз, жүрөгүбүз Коммунизм менен жалындай!… Күн сайын кечинде сабактан кайткан малчылардын уулдары, кыздары жүк машиненин үстүнө жык болуп түшүп алып ушул ырды зоңкулдата ырдаган бойдон кыштоого үйлөрүнө жөнөшөт. Эртең менен да ошол, кыштоодон ырдаган бойдон мектепке келишет. Үстүнүн жарым-жартылайы жыртык брезент менен жабылган жүк машине айдаган шоопур кыштак четиндеги кыштоолордон малчылардын балдарын күн сайын мектепке ташыйт. Аларды эртең менен саат 8ге окууга жеткириш үчүн ал таң үрүң-бараңда туруп ишин баштайт. Кыш чилдесинде машиненин үстүндө үшүгөн […]

Ысмайыл КАДЫРОВ: Гүланда

АҢГЕМЕ Октябрь майрамынын алды. Гүланда көчө жээгинде ойлуу келаткан. — Салам! – деген үн чочутуп жиберди. — А салам!  Маңдайында турган жигит Жапар экен. — Оюңузду бузуп койдук көрүнөт? — Жок, жок, мен өзүмчө эле… — Мен сага атайын келаттым эле. Ырас болбодубу жолугуп калганыбыз. Убактың болсо киного кирбейлиби!? — Мейли. Алар ал-жай сурашып, андан ары узашты. Жапар Гүланданын эски таанышы боло турган. Алар кайсы бир кечеде таанышкан эле. Кинодон чыгышкан адамдардын кай бирлери кинону талкуулап көчө бойлой басышса, айрымдары […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Мен жашаган айылдагы аталар

АҢГЕМЕ Айлананы бозорто туман басып, жер-суу тоңо баштаган маалда ушул алакандай айыл тургундарынын катарына кошулгам. Эки үй-бүлө үчүн ылайыкташтырылып салынган үйдүн бир жак капталында жашайм. Мени жууркан-төшөктөр, идиш-аяктар менен бирге атам тартуулаган радио, телевизор жана итибиздин күчүктөрүнүн бирөөсү «коштой» келген. Өкүнүчүмдү, өксүгүмдү бой тарткан шаарыма калтыргам. Жок, туура эмес айтып алдым, мындан мурунку өмүр күндөрүмө дейинчи… Азыр мен мурда көрүп билбеген, алыскы тоо коюнундагы «Төрөт үйүндө» эмгектенем. Эзелтеден эле ишин баштаган, касиеттүү кесиптин ээсимин. Энелерге «жардам берип» жарык дүйнөгө келаткан […]

Олжобай ШАКИР: Кош канат

АҢГЕМЕ Саратандын ысыгында тери шоргологон момун Акбар үйүнө араң жетти. Терден нымшыган көйнөгүн босогону аттаар замат чечкенге да чамасы жетсечи, бүчүлөсүн араң ажыратты. Тулку бойдон дарман жок. Жонундагы терге чыланган көйнөгү жонуна жабышып калыптыр, чечип эле бурчка ыргытты. «Өхү» – үшкүрүгү бекер болгон жок… Ооба, бул момун жашоодо эмнени көрбөдү.

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Чымчыктар сайрап жатат

АҢГЕМЕ  — Самат, Самат, уксаң…Чымчыктар сайрап жатат, — деди аялы, уйку-соонун ортосунда жаткан Саматты акырын нукуп. Самат кайдыгер гана: — Аа… — деп койду. — Уксаң, Самат, чымчыктар сайрап жатат, — дейм. Чымчыктар сайраганда, үйгө дайыма бирөө келчү эле. Бүгүн да бирөө келет окшойт.