Чыгыш эл жомогу: Шашпаган уста

Бир киши уулдуу болуп абдан кубанат. Ал баласына бешик жасатыш үчүн жыгач устага келип, бир риал[1] берип мындай деди: — Уулдуу болуп жетине албай турам, бешик жасап берчи. — Макул, кийинки ишембиде келип буюртмаңды алып кет. Бул жума күн эле, кийинки ишембиге чейин дагы сегиз күн бар болчу, андыктан уста бешикти жасап үлгүрмөк. Көңүлү тынч үйүнө жөнөгөн буюртмачы күн санап, туптуура сегиз күн өткөндөн кийин устадан бешигин сураса, тигиниси: — Азырынча даяр болбой жатат, бир жумадан кийин кел. Бир жума […]

Лев Толстойдун балдар үчүн жазган алакандай аңгемелеринен

Абышка жана небере Абышка абдан картайды. Буту баспайт, көзү начар, кулагын да кудай алган. А оозунда тиши калбады. Тамак ичкенде, оозуна салганы бери томолонот. Уул-келини андан обочолоп, тамагын мештин артына түртүп коюшат. Чал бир күнү сорпону жылдырса, кулаган кесеси сынып калбаспы. Ачууланган келини мурду менен бир тийди. – Идиш-аякты сындырып бүтмөй болдуң го! Мындан кийин тамакты чылапчынга куюп берем. Абышка улутунуп тим болду. Бир жолу уул-келини үйдө эле. Бала тактайларды кынап, бир нерсе жасап ойноп аткан. Атасы: — Миша, бу […]

Мурзаш АШИРБЕКОВ: Табып, небере жана жылан

АҢГЕМЕ Табып менен небере дарылык чөп терип жүрүштү. Ушу тапта неберенин көңүлү кушбак эле. Анткени, бүгүн дары чөптөрдү көп тапты. Аска тектирчелерине, таштан-ташка улактай түйүлүп секирип жүрүп, таятасы көрсөткөн ошол дары чөптөрдүн бирди-жарымын таап алса жомокто гана айтылчу түгөнгүс кенчке ээ болгонсуп, мулуңдап жүгүрүп таятасына жеткенче шашат. – Ушунуңа да миңкалла шүгүр. – Жаратканына табынып койду табып. Өлгөн кызынын кыркын чыгаргандан кийин ушул жалгыз небересин чөлдөн тоого алып баса бергенине аз эле күн болгон. А небересинин он сөзгө бир ооз […]

Валентин РАСПУТИН: Аялдардын сүйлөшүүсү

«Мыкты котормо» критерийи боюнча конкурсубузда 1-байгеликти жеңген Жолдош Турдубаев кыргызчалаган чыгарма окурмандар назарында… АҢГЕМЕ Кыш ортологон ченде Вика алыскы айылдагы чоң энесиникине аргасыз келип калды. Он алты жашында боюнан алдыруу оңойбу. Кошулган шойкомдуу тобу жолдон чыгарган эле да. Мектепти таштап, үй бетин көрбөй безип жүргөн чарк айланып. Ата-энеси кокуйлап айлампадан сууруп алганча кыз кош бойлуу болуп калган экен. Ооруканадан кийин бир жума үйдө жаткырышты, анан атасы эски «Нивасын» жүргүзүп, каяша кылганга чамасы келе элек немени чоң энесиникине сүргүндөп салды, тарбия-таалим алсын деп. […]

Валентин РАСПУТИН: Аялдардын сүйлөшүүсү

АҢГЕМЕ Кыш ортологон ченде Вика алыскы айылдагы чоң энесиникине аргасыз келип калды. Он алты жашында боюнан алдыруу оңойбу. Кошулган шойкомдуу тобу жолдон чыгарган эле да. Мектепти таштап, үй бетин көрбөй безип жүргөн чарк айланып. Ата-энеси кокуйлап айлампадан сууруп алганча кыз кош бойлуу болуп калган экен. Ооруканадан кийин бир жума үйдө жаткырышты, анан атасы эски «Нивасын» жүргүзүп, каяша кылганга чамасы келе элек немени чоң энесиникине сүргүндөп салды, тарбия-таалим алсын деп. Мына эки айдан бери тарбияланып, азап тартууда: курбу издебеди, чоң энесинин […]

Мерих ГҮНАЙ: Уулумдун атасы

Түркчөдөн которгон Толук Бек БАЙЗАК АҢГЕМЕ Анын үйгө эрте келген күнүнүн саны көп эмес эле. Түн бир оокумдан мурун келчү эмес. Кеч курун үйүбүздүн темир торлуу терезесинен көчөдөгү балдарды карап турар элем. Атасы менен топ ойногон балдар, аталары менен кол кармашып кыдырган балдар, аталары менен дүкөндөргө кирген балдар… Аталар жана балдар; аталуу балдар. Энеме кайрылар элем: — Атам качан келет,эне? — Бир аздан кийин келет, уулум. Абдан сейрек болор эле ошол «бир аздан», ошол керемет, ошол укмуш «бир аздан» мени ушунча […]

Ырысбай АБДЫРАИМОВ: Күйгүлтүк

АҢГЕМЕ Бар күчүн үрөп жүгүргөнгө бүт денесинен ысык булоо чыккандай Таалайдын чачтарынын түбүнөн өйдө кызып, жадесе, башындагы тумагы менен үстүндөгү ак көйнөк, кара костюму да оор тарткандай туюлду. Өспүрүмдүн көзүнө ала-телек карга чулганган айылдын жол четиндеги жылаңач тал-тереги, үйлөрү тең жарышкансып, чайпалгансып барат. Күйүккөнү менен иши жок, эсинде таңга жуук капыс сыркоолоп, үйдөгүлөрүнө бүлүк түшүргөн иниси турду. Бир бооруна жан тарткан адамдардын ичинен ага тегирменчи бөтөнчө жакын көрүндү. Издегенин таап берген тегирменчинин ажаат ачканына ичи ан сайын элжирейт… Тегирмен таш […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Бейиш тоо

АҢГЕМЕ Кемпир сопсоо жүрүп, эмнеден кеселдегенин билбей калды. Табышмак. Ал буга чейин мынчалык ооруп көрбөгөн. Жаны жер тартып, башы айланып, тамакка табити жок, өзүн кыйнап ичкен тамагын сиңире албай, көзү чарасына кирип чүңүрөйүп, бетине бырыштыр толуп кетти. Жашы сексенден ашып, оозунда тиши калган эмес, карыганда эти качып, билек сөөктөрү жооноюп кеткендей сезилет. Ал өзүнүн чын жашын жашырып, дайым кем айтат. Мурда антчү эмес, жашы улгайган сайын санагы артка жылып, он, он беш жашка жашарып алат. Кемпирдин корккону кесел болучу, ал […]

Ак-чечек – Ак гүл

Алтай жомогу Алыс-алыста, тогуз суунун куймасында, тогуз тоонун ашташында бир алп кедр ай-ааламдын баарын ээлеп өсүп турган. Анын шуудураган жибек жалбырактарынын астында аркайган бутактарын тирек кылып узак-узак жылдар бою жалгыз алачык тигилип турган. Алачыкта карылыктан сөөктөрү куурайдай куу, өңүнүн оту такыр өчкөн бир абышка жашачу экен. Карыянан биринен бири сулуу үч небереси бар эле. Бир жолу ошол абышка отунга келди. Токойлуу тоону өрдөп чыгып, бир карагайга көзү кадалды. — Бул карагайдын тамыры чирип бүтүптүр. Балта менен бир урсаң жыгылат, — […]

Феба ГИЛТОН: Жоктон барды жараткан чоң ата

Жусуп бөбөк кезинде чоң атасы неберем жылуу-жумшак жатсын, жаман түштөрдү көрбөсүн деп, ага аябай кооз шайы кездемеден жууркан жасап берди. Жусуп чоңойгон сайын кооз жууркан эскирип отурду. Бир күн апасы Жусупка айтты: «Уулум, жуурканыңды карачы. Ал тамтыгы чыгып эскирди. Өңү өчтү. Бүтүн жери калбады. Эми аны ыргытчу убакыт келди.” Жусуп апасына: «Чоң атам оңдоп берет»,- деп жуурканды чоң атасына алып барды. Чоң атасы «ыммм» деп ичинен күңгүрөнүп, жуурканды ары айлантып, бери тегеретип көрдү. Кайчысы менен жуурканды узун-кыска, төрт чарчы кылып […]

Карыянын көз жашы

Ибрагим БАЛТАБАЕВ АҢГЕМЕ Күңүрт жарык кирген бөлмөдөгү керебетте карыя жатты. Көздөрүнөн шоргологон жашы жүзүн жууп, күмүш түстүү сакалынан сарыгып, жаздыгына тама сиңип, жаздыкты кыйла нымдап койгон.Үнсүз гана ыйлап жатты. Көз жашына кошулуп жүрөгү мыжыгып ыйлады. Оу кылымга тете өмүрүндө качан ыйлаганы эсинде жок. Адатта, күн сайын конок аягы үзүлбөчү бөлмөнү бүгүн жаптырып алган. Эч кимди кыртышы сүйөр эместей… Бул үйдөн конок үзүлбөйт.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Доктур»  

Аңгеме Айылдык доктурду жумуш ордунан таба албаган  Эргеш ава  түз эле анын үйүн көздөй жөнөдү. Жаз эмеспи, иш маалы үйүндөдүр деди. Небересинин эти от менен жалын, эртеден бери эмчек эмбей кыйналып жатат. Абышка жабык турган дарбазаны  оболу акырын каккылады, эч ким чыга бербегенде  муштуму менен катуу  ургулай баштады. Доктур бул маалда там артындагы  жерине бала-чакасы менен   тамеки көчөтүн отургузуп аткан. Дарбазадагы дабышты уккан ал аялына катуу табыштады. — Мени сурап келгендер болсо, районго кеткен деп айт. Күйөөсүнүн сырын беш колдой […]

Чоң ата менен небере

Филиппин жомогу Илгери-илгери дейт, адамдар узак өмүр сүргөн доордо ыргалган токойго жакын айылда бир жакыр бүлө жашаптыр. Алар үч жан экен – чоң ата, ата, небере. Чоң ата ал-күчтөн тайыса да жүз жаштын чайын ичип, дайыма баласы менен небересине далай-далай канбулоон согуш окуялары менен узун өмүрдө көргөн-билгендерин баяндап отурчу экен. Жана да укмуштуу уламыш-жомокторду жобурап бергенин небереси кунт коюп тыңшачу дешет. Бир күнү кудай уруп, абышка өз баласына ашка жүк, башка жүк көрүнүп, баласы андан кантип кутулуштун айласын изде, анан […]