Абийрбек АБЫКАЕВ: Аялзатка напси тыйылбайт

АҢГЕМЕ Жылдар зымырап өтүп, жылдар менен кайран жаштыгы кайрылгыс болуп кетип жатса да отуз жаштан өтүп, кыркты чамалап калган “карт бойдок” атка акырындап ээ болгон Ашырга акыркы күндөрү жолуккан эле киши качан аял аласың дей берип тажатышчу болду. Бара-бара ал суроолорго камдап алган түркүн жооптору да азайып, элдин арасына баргандан заарканат. Эң таамай жоопту аталаш агасы Курманаалыга берди: — Ай, Ашыр жүрө бербей аял алсаң боло, тиги жеңемдин колу-буту узарып, келиндин чайын ичсем дегенде эки көзү төрт болуп жүрөт. — […]

Олжобай ШАКИР: Алтын аяк

АҢГЕМЕ «Сүйүү кайсы доордо жашаса да эркин». Автор 1 – Бу кайдагы чоочун камчы? – Карыя улага жакта жаткан табылга саптуу камчыны көрүп, ийик чимирип отурган байбичесине тигилди. – Кимдики болмок эле. Күнүгө шылтоо таппай, шыңаарлап кымыз уулап келгир жанагы Мукаштыкыдыр… Көзү тешилгир! Бүгүн даа калтырып кеткенин кара!– деген кемпиринин мукмасал кебине карыя маани бербеди. – Эсине жара чыкканбы анын, кымыз ичкен жеринде камчысын таштап… Алып, жогору илип койгула, – чалынын кебине кемпири чаңк этти: – Жата берсин, кудай алмак […]

Касымаалы ЖАНТӨШЕВ: Эки жаш

ПОВЕСТЬ Жол үстү Элдин бетин көптөн бери көрбөгөнүмбү же мендеги айрым кубанычтардын күчтүүлүгүнөнбү, улам ойгонуп, кайра уктоо менен таңды араң атырдым. Мен турган убакта элдин бардыгы уйкунун тынчтык кучагында эле. Жалгыз гана Канабат станциясынын эмгектүү кыймылы, паровоздун кыйкырган үнү, жаңы төгүлгөн эгиндерди салган вагондорду маневр кылуу менен элди ойготуп, эмгекке чакыргандай, анда-санда чыккан кондукторлордун ышкырыгына баш ийип макул дегендей, «пуп-пу-уп» деп, паровоздор каршы-терши жүгүрүшөт. Элдин бардыгы туруп, күндөгүдөй кесиптерине киришти. Самовардагы чайы кайнап, кызыл чайканалар да ачылды. – Самоварчы аке! […]

Өз кемчилигин ойноштор гана бири бирине көрсөтпөйт

Пьер БУАСТ (1765-1824), француз афористи жана лексикограф   *** Нике – чоң утушка ээ болуп калармын деп ар ким ишенген лотереядай. *** Саясат менен көз таңмай экөө окшош. Баарынын көзү таңылуу: кээси гана жол тапса табат. *** Эгер адам баласынын баардык каалаганы аткарыла берсе, жер бети тозокко айланмак.

Өмүрбек КАРАЕВ: «Тирүүлөй жетим»

АҢГЕМЕ Эскилиги жеткен жыгач дарбаза. Шыңгырагы жок. Тоолуу кыштакта кайдан болсун. Эртелеп келишкен жоон топ адам ошол дарбазаны сыртынан тарсылдата берип эстери ооду көрүнөт. Улам бирөөсү келип муштуму менен дарбазаны ургулап калат, үй ээлери ичинде жүрүшсө да негедир дарбазасын ачып, буларды киргизе турган ниеттери билинбейт. Киши жашабагансып, кошуналар тарап да жымжырт. Тургандарына эки сааттан ашты. Акыры чыдамы кетти көрүнөт, бараандуу, салабаттуу көрүнөйүн деп кара момосуй көйнөгүнө кыпкызыл галстук тагынып алган арык чырай, узун бойлуу кишиси кыйкырып кирди:

Олжобай ШАКИР: Жашыруун нике

АҢГЕМЕ I Уулу менен кызынын бөлмөсүнөн угулган дабыштан улам Качкын ууру мышыктай болуп каалгадан башбакты. Анар керебетинен жаңы эле туруп аткан экен. — Кызым турдуңбу? Жакшы уктадыңбы? — Иги… уктадым. Түш көрдүм ата… айтып берейинби? — Айта гой… айт. Кана…