Жеймс ВАТТ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Англис механиги жана ойлоп табуучусу Жеймс Ватт 1736-жылы 19-январда Шотландиянын Гринок деген шаарында жыгач устанын үй-бүлөсүндө туулган. Мектепте ал физика менен математикага кызыгып, аларды абдан жакшы окуган. Калган сабактардан анча жетишкен эмес. Жогорку билим алууну кыялданган, бирок аны окутууга үй-бүлөсүнүн каражаты жетишсиз болгон.