Олжобай ШАКИР: Байбиче болор байкуштун кабагы суз, \ Башкасын алаар молдонун напсиси – кыз

«Санжыра» радиосунун «Жаргылчак» уктуруусунда болгон Өзүбек ажы менен «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакирдин көп аял алуу туурасындагы талашы. Уктуруунун алып баруучусу – Чынара Токонова. Бул талаш туурасында чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү менен диний аалымдардын орток пикирге келүүсүнө «РухЭш» сайты толук мүмкүнчүлүк берүүгө даяр. Арийне, кимде ким улут келечеги туурасында кереге кеңеш курууну кааласа, биз менен байланышыңыздар.

Убакыттан өткөн кеменгер жок

Фрэнсис БЭКОН (1561-1626), англис философу Китеп – мезгил агымындагы толкундардын үстүндө калкып, муундан муунга асыл ойлорду ташып жүргөн жүгү бар кеме сыяктуу. * * * Китепти сен бир нерсени жокко чыгарып, же бирөөнө каршы сүйлөө үчүн, же окуганыңдан ишеним таап, башкалар менен масилеттешүүдө сөзгө кыстара кетер нерселерди издеш үчүн эмес, өз алдыңча ой калчап, талдоого алууну үйрөнүш үчүн оку. * * * Китеп окуу адамды билерман кылса, маектешүү – баамчыл кылат, а окуган, уккандарыңды жазуу – тактыкка үйрөтөт. * * […]

Кереметтүү үч белек

Пакистан жомогу Эки биртууган жашаптыр. Улуусунун үч уулу, кичүүсүнүн жалгыз кызы болот. Улуусу бир күнү көз жумат экен. Анан анын үч уулу авасыныкына келип, минтип айтышат: – Аваке, кызыңызга үйлөнөлү деп, биз анын колун сурап келдик. – Менин кызым жалгыз болсо, а силер үчөөңсүңөр, – дейт кыздын атасы. – Жалгыз карагымды үчөөңөрдүн кимиңерге бермек элем? Мегиле, колуңарга үч жүз рупий[1] берейин, муну өз ара бөлүшүп, соода ишин кылгыла. Кимиңердин итиңер чөп жесе, кызымды ошонуңар аласыңар. Тиги үчөө акчаны алып, буюм […]

FAKT.KG: “Эгер Манастан туулган баатыр элдин тукуму болсо эмне үчүн мага окшогон жалгыз калмактан коркот” (Видео)

Акын, жазуучу “РухЭш” сайттынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир фейсбук баракчасына 5- март күнү “Мына ак калпак деле кийип көрдүм, атасынын оозун урайын деп, бирок эмне өзгөрдү? Эй, Кыргыздар, башыңарга ак калпак киесиңерби же алтындан таажы киесиңерби, бирок түркөйлүгүңдү өзгөртүп, мээңерге таза кислород жеткиргиле, антпесеңер жок болуп тынасыңар! Силерди ак калпак сактап калбайт, илим-билим, ыйман сактап калат. Ак калпак Ала-Тоо символу дегендерге айтаарым, атаңардын башы. Эгер Ала-Тоону символ кылгыңар келсе, Ала-Тоодой бийик болгула ! Бүгункү лекциям бүттү” — деген билдирүүсү коомчулукта кызуу […]

Көп учурда өлкөбүздү сүйгөн үчүн өлкө башчысын сүйүүгө аргасызбыз

Жозеф ЖУБЕР (1754-1824), француз жазуучусу Өмүр кечи өз шамын көтөрө келет. * * * Кагаз баарына чыдайт, окурман чыдабайт. * * * Жаңы китептин кемчилиги эмнеде? Эски китептерди окуюн десең, азгырып туруп алат. * * * Чуру-чуу аудитория сөзүмдү даана уксун десең, акырын сүйлө. * * * Балдар акылды эмес, үлгүнү тез кабылдайт. * * * Досуң бир көздүү болсо, ага капталыңды салып отур. * * * Көп учурда өлкөбүздү сүйгөн үчүн өлкө башчысын сүйүүгө аргасызбыз. * * * Искусство […]

Олжобай ШАКИР: Кайнаган шорподон муздаган жүрөк

АҢГЕМЕ «Э-к! макулук сени… Өз энесин сүзгөн ушуну көрдүм». Чоң күрөң уй бак коруктагы кичинекей күрөң уйга мүйүз челигенин көргөн кара кемпир картаң уйга болуша кетти. Бу кичинекей күрөң уй качанкы мал. Ага тап берип мүйүзүн челиген чоң күрөң өзүнүн эле этке төгүлбөй калган торпокторунун бири экени эсинде, анда күүлүү-күчтүү кези, бул уйду өзү саачу. Эми минтип эки уйдун чатагына көз салганча ийик ийирип отурган кемпирдин бөкчөйүп калган убагы. Ыраматылык чалынын көзү өткөндөн берки жылдарды санап отурса, жыйырма жылдан ашыптыр. […]

Олжобай ШАКИР: Тилек

АҢГЕМЕ 1 Бишкектин көчөлөрүндө салбырап басып жүрүп жадаганда, китеп дүкөнгө кайрылып, Шопенгауэрдин «Афоризмы житейской мудрости» аттуу белгилүү философиялык чыгармасын сатып алып, Эркиндик гүлзарына беталдым. Ээн скамейкалардын биринен орун алып, китепке үңүлдүм. Улам биринин артынан бири таасир берген кабат ойлор эсимде калар эмес, чөнтөктөн калем алып, ошол экметтердин алдын сызганга өттүм. Көп өтпөй жаныман өтүп бараткан шиштаканын үнү угулду. Менден бираз өтүп барып, кайра кайрылды. А мен китептен баш көтөргүм келбеди. Шиштака мен жакка кадам шилтеди.

Олжобай ШАКИР: «Кежир чал»

Чал укмуш сүйлөйт экен. Аны менен башында бакылдашып сүйлөшкөнүм үчүн кийин оңтойсузданып калбадымбы. Чалдардын баары эле сүйлөшкөндү жакшы көрөт дешке болбойт тура. Шаар турмушуна көнбөгөн чал сөздү сагынгандыр депмин. Шаарда бук болуп, айылды сагынып тургансыганынан аны аяп, зериккен экенсиң деп аны-муну кеп кылып отургам. Ал дагы көзүн чылк жумуп, башын ийкеңдетсе, сөз тыңшап отурат деп ойлодум да. Угуп отуруп эле, кептин кызуусуну келгенимде: — Балам, эмне иш кыласың? – деди.

Абулкасым ФИРДОУСИ: Сиявуш жөнүндө дастан

Баян башы Зээниң тунук, шыктуу болсоң каламга, дастан жайын даңазалап баянда. Тең уюган жүрөк менен акылы, жазат муну акындардын акыны. Тээ байыркы бул баянды телмире кезиккен бир дыйкан айтып бердиле.

Атактуулар жөнүндө алакандай аңгемелер

Чөнтөк дептер Алик Акималиевдин эшек дептериби, жөн дептериби, айтор аны Жолдошбек Зарлыкбеков таап алыптыр. Ичин ачса, кайдагынын баары жүрөт дейт. Жазуучулар чөйрөсү жөнүндө бирдеңкелерди чиймелеп баштаган узун тизмедегилер Жокебиздин көңүлүн көбүрөк бурган экен. Себеби А.Акималиев түзгөн тизме: «Менин устаттарым – баландай-түкүндөй аттуу-баштуулар. А замандаштарым – баландай-түкүндөй итибай-чотубайлар» менен бүтүптүр. Кызыгы, «Менин шакирттерим» деген узун тизменин аягында Жолдошбек Зарлыкбеков бар экен. Аны көргөн Жокебиз: «Ким-кимге устат экен! Жок дегенде, замандаштарым баландай-түкүндөй итибай-чотубайлар дегенге кошпойт беле!» деп бырсылыктап күлөр эле.

Олжобай ШАКИР: «Ностальгия»

Аңгеме  Биз анда студентпиз. Эрте-кеч шыңаарлаганыбыз кыздардын комнатасы. Кайсы кыз жатакананын тияк башындагы кухнядан бияк башындагы өз бөлмөсүн көздөй мискей көтөрүп өтсө, шылтоо издеп артынан жетип барабыз шимеңдеп… Шылтоону убагында таап, артынан жетпесең бүттү. Куру калдың. Анда эле бизден жалкып бүткөн кыздар бөлмөлөрүн ичинен илип алганча шашат. Бышкан ашты аңдыган сомодой жигиттердин бирөө-жарымы башбакты дегиче бөлө талашып жеп кетерин билишет да. Кыздардын тамак бышырган идиши деле жарытып курсак тойгузарлык эмес, ашып кетсе Кожомкул балбандын котушундай кенедей мискей. Анан ошол кенедей […]