Үмүт КУЛТАЕВА: Эл башчылары бирин-бирин жамандаса, алар башкарган эл кантип биригет?

Эл агартуунун отличниги (2000-ж), педагогика илимдеринин кандидаты (1990), доцент (1999), филология илимдеринин доктору (2011), белгилүү окумуштуу Үмүт Култаева менен биз бүгүн учурдагы коомдук абал туурасында кеп курдук… – Үмүт Баймуратовна, күздө болор президенттик таймашка аттанган сүрмө топ саясатчыларды көрүп аткандырсыз. Ал эми албан-субандай Америкада да президенттик шайлоодо саясый атаандаштыкка чыккандардын саны мынча болбостугун турмушубузда көрүп келатабыз. Мунун өзү улуттук кулк-мүнөзүбүздөгү мансапкорлукпу же бул биздин коомдогу ашкере саясатташып кеткендеги эле көрүнүшпү? Сиз кандай түшүндүрөр элеңиз муну? – Башкы себеп, коомдун ашкере […]

Эл, бийлик, мамлекет

Эл – бул талаадагы чөп, а падыша – шамал: шамал кайда ыргаса, чөп ошол жакка жапырылат. Конфуций Элди сүйүп, эл башкаргысы келген адамдын дайыма колу-жолу бош болсун. Лао-цзы Өзүн өзү олуя санаган өлкө башчысы капталдан кеп-кеңеш айтаар акылдуу бирөө пайда болушун каалабайт. Ал курчоосунда дайыма жымжырт болуп турганда гана өз жанын жай алып жүрөт. Лао-цзы Даанышман падыша башкарган өлкөнүн элине падышанын бар-жогу билинбейт. Акылсыз падыша башкарган өлкөнүн эли падышага жуукур, кошоматчыга айланат. Акылы чолок падыша башкарган өлкөнүн эли падышасынан коркот. […]

Рум падыша менен Турум падыша

Кыргыз жомогу Илгери, илгери бир Турум деген падышанын баласы куш салып кечинде үйүнө кайра келатса, ак тайлак минген бир кыз алдынан чыгат. Бала сайт: — Кайдан келатасың, атың ким? Кыз жооп кайтарат: — Мен Рум падышанын Каракөз айым деген кызы боломун, мени издеп таап ал,- деп ак тайлакка камчы салып жөнөйт. — Кара кашка аргымагым куусам жетет, кармап эле алайын -дейт да бала кызды кууйт. Бирок ал жерден чаң бурк этип, бул жерден чаң бурк этип, бала жетпей калат. Турум […]

Кыргыз жомогу: Асан менен Үсөн

  Илгери, илгери бир чал-кемпирдин Асан, Үсөн деген эки баласы бар экен. Бир күнү чал отун алып жүрсө, калың куурайдын ичинен бир тоок учуп чыгат. Ал тооктун жаткан жерин караса, уя толгон жумуртка. Чал тузак тартып коюп базарга кетет. Отунун сатып, кайра келип караса, тузагына баягы тоок түшүп калган. Чал жумуртканы этегине салып, тоогун көтөрүп үйүнө келет. Тоокту жүк жыйчу тактанын алдына бутунан байлап бактырып коет. Бир күнү чал беш-алты жумурткасын алып, «падышанын тоогунун жумурткасына салыштырамын», — деп падышанын сарайына […]

Кереметтүү үч белек

Пакистан жомогу Эки биртууган жашаптыр. Улуусунун үч уулу, кичүүсүнүн жалгыз кызы болот. Улуусу бир күнү көз жумат экен. Анан анын үч уулу авасыныкына келип, минтип айтышат: – Аваке, кызыңызга үйлөнөлү деп, биз анын колун сурап келдик. – Менин кызым жалгыз болсо, а силер үчөөңсүңөр, – дейт кыздын атасы. – Жалгыз карагымды үчөөңөрдүн кимиңерге бермек элем? Мегиле, колуңарга үч жүз рупий[1] берейин, муну өз ара бөлүшүп, соода ишин кылгыла. Кимиңердин итиңер чөп жесе, кызымды ошонуңар аласыңар. Тиги үчөө акчаны алып, буюм […]

Диндин бир түрү – апийим, себеби дин экөө эгиз сыяктуу окшош

Генрих ГЕЙНЕ (1797-1856), немис акыны   Баардык улуу акындардын чыгармаларында ортозаар каарман болбойт. Кайсынысы болбосун баш каармандай көрүнө берет. * * * Адабият тарыйкасы узун өлүкканага окшош. Ага кээси эң бир жакын адамын, кээси дайынсыз жоголгон тууганынын сөөгүн издегенсип кайрылат. * * * Генийди гений жаратат. Алар бир-бирине шыктанып эмес, тирешкен үчүн генийге айланат. * * * Кандай автор болбосун өзү жараткан чыгарма үчүн атак-даңкка жетсем дейт. Ал эмес «Тооратты» жараткан кудайың деле өзүнүн мемуарында: «Атагымды унуткарбас үчүн адамзатты жараттым» […]

Шыралганы туура бөлүштүрүү жөнүндө

Ооган жомогу Жолборс, карышкыр жана түлкү чогулуп, ууга чыкмай болушат. Үчөө бир кулжа, бир жейрен, бир коёнду жайлаптыр. Олжону жолборстун үңкүрүнө алып барышат. Карышкыр менен түлкү өздөрүнчө ой жоруйт: жолборс эми өзү каалагандай калчап, а бизге болор болбос бирдеңкесин кармататтыр. Бирок алардын оюнда эмне турганын жолборс дароо баамдап, ичинен күбүрөндү: «Силер антип ойлосоңор, а менин оюм башка. Эмине болорун азыр көрөсүңөр!»

Падышанын үч күлкүсү

Тажик жомогу Бир күнү өтүнүч менен келгендердин арасынан те бурчта отурган адам гана падышадан эч нерсе суранбайт. Аны көргөн падыша өз башын сылап койду. А тиги адам таазим эте жүгүнүп, оозун сылады. Падыша өз жүзүн сылады эле, тиги кокосун сылады. Падыша өзүнүн курсагын сылап койду эле, тиги өзүнүн бутун сылады.

Отунчу

Түрк жомогу Илгери бир отунчу жашаптыр. Анын аялы бар экен. Күн сайын ал токойго барып отун алуучу. Отунун сатып, кайра базардан ар кандай тамак-аштарды ташынып келчү. Аялы кечки тамак бышырчу да, аны жеген соң көңүлдүү отуруш башташчу: ырдашчу, бийлешчү, ар кандай оюндарды ойношчу. Ошол элдин падышасы жарлык чыгарат да, анда  кечинде оюн-зоок өткөрүүгө, жарык жагууга туюу салынат. Элдин баары түнү катуу сүйлөбөй, чырактарын күйгүзбөй калат. Бир күнү өз жарлыгы кандайча аткарылып жатканын билүү үчүн падыша эл аралап чыгат. Келип-келип биздин […]

Бача падыша жана кумурскалар жөнүндө

Кытай жомогу Зор өлкөдө Бача аттуу зобололуу падыша жашаптыр. Бир күнү ал көңүл жубатууну каалап, кең жайык жерди тандатып, укмуштуудай чоң той өткөрөт. Шаан-шөкөткө миң-миңдеген меймандар чакырылат. Ошол миңдеген адамдардын оозунан чубурган күрүчтөргө да эсеп жеткис болуптур. Акыры ичип-жеп, чычкан коноктун баары кетет. Ал жерге ысырап болуп төгүлгөн күрүчтүн күкүмүнөн өйдө кумурскалар терип-жыйнап, жерге көмүп коюшат. Көп өтпөй башка да бир зор өлкөнүн зобололуу падышасы ошол кең жайыктуу жерге келгенде тизгин тартып, той өткөн жерди тополоң-тозго айлантууну чечет.

Оливье ТАЛЛЕК : «Койлордун падышасы Луис I»

Жомок «Мага эмне жакшы болсо, ал менин элиме жакшы». Луис I Бороон-чапкындуу бир күнү Луис деген кара бышты койлордун падышасы болуп калды жана ал Луис I деп аталды. Луис I менде  эң алды менен падыша катары койлорду башкарганга таажым болушу керек деп ойлоду. Жана отуруп алып адилеттүү бийлик жүргүзүү үчүн өз тактым болушу шарт, себеби бийлик жүргүзүүдө адилеттик баарынан маанилүү деп ойлоду ал. Анан падыша түнкүсүн кандай эс алганын жалпы журт билип туруусу үчүн падышада чоң кенен керебети болушу абзел. […]

Өлкөнү дөөпүрөс падыша башкарса, эл аны жек көргөнгө чейин жетет

Лао-Цзы (VI-V к.к.), кытай даанышманы Өзүн өзү олуя санаган өлкө башчысы капталдан кеп-кеңеш айтаар акылдуу бирөө пайда болушун каалабайт. Ал курчоосунда дайыма жымжырт болуп турганда гана өз жанын жай алып жүрөт. * * * Даанышман падыша башкарган өлкөнүн элине падышанын бар-жогу билинбейт. Акылсыз падыша башкарган өлкөнүн эли падышага жуукур, кошоматчыга айланат. Акылы чолок падыша башкарган өлкөнүн эли падышасынан коркот. Эгерде өлкөнү дөөпүрөс падыша башкарса, эл аны жек көргөнгө чейин жетет.

Шахзаада* жана дөө

Түрк жомогу Бар экен, жок экен, илгери өткөн заманда падышалар көп болгон экен. Ошол байыркы-байыркы заманда, калың казан түбүндө бир падыша болуптур да, анын жалгыз уулу бар экен. Бала он жети-он сегизге чыкканда атасы аны үйлөмөкчү болот. Кыйла жерден кыз издеп, акыры ылайыктуусун таап, падышалардын салты менен үйлөнтөт. Той шааниси башталат. Кырк күндүк, кырк түндүк тойдун бир түнүбү, күнүбү айтор жаңы келген келин жоголот. Арытан издейт жок, беритен издейт жок. Же бир дайыны, же бир шек-шыбасы болсочу, жер жуткандай жок […]