Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: Ай баткан кезде сезээрбиз

(Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналат) Мухити соолуп кыргыздын Муңканып турган чагыбыз. Муунтканы калган ажалдан, Мунаса кылып алганга, Мурдараак жетип барганга, Муунабай койду алыбыз. Келбеси кетип кыргыздын, Кетилип турган чагыбыз. Кешигиң каткан ажалдан, «Келе!» – деп сууруп алганга, Кечикпей жетип барганга, Келалбай койду алыбыз. Желеги түшүп кыргыздын, Жер муштап турган чагыбыз. Жеткирбей жексур ажалга, Жергелүү кыргыз жерине, Жетелеп алып кеткенге, Жеталбай койду алыбыз. Кош эми, Чыке, жалганда, Өлүмгө айла жок экен. Өчүрөр кези келгенде, Өөдө-ылдый өкчөй бербестен Өзөккө тийчү ок экен. […]

Нуралы КАПАРОВ: «Жибек аял»

Кыш эле кычыраган, бороон эле. Күз эле күтүрөгөн, шамал эле. Оо ал бир орой эле, орой эле, оо анда көптөр чыны чабал эле. Жалтанып койгон эмес бычагыңан, мылтыктан, чокморуңан, ушагыңан. Туткунун жеңип далай көр турмуштун, кебелбей чыккан азап тузагынан. Төкмөнү төкчү кээде нөшөрлөтүп, кара сөз жазчу кээде өчөңдөтүп, бир чыгаан болот эле бул ойронуң талантты бербегенде кечеңдетип. Ырдаса ыры мукам үнү булбул, иштесе оозу дудук, жаны дулдул. Ичкенде булбул да жок, дулдул да жок, бука баш айбан болуп калчу кургур. […]

Сергей Есениндин «Кара киши» поэмасы Сагын Акматбекованын котормосунда

Поэма Досум ай, досум, досум! Оорумун, оорулуумун, Оорумун өтө катуу. Бул оору качан, кайдан Жабышты, билбейм, билбейм. Өзүмдөн өзүм кирдеп, Өзүмдөн өзүм зилдейм. Кечээ, же мурдагы ичкен Кээриби ичкиликтин. Жыйрылып кабак-кашым Чыңалып ооруйт башым. Ылымта, ыктоо таппай, Ыргалам жерге батпай. Күндөрү сентябрдын Күбүгөн жалбырактай. Кийими, ырай, түсү Карадан кара киши, Карадан кара киши Карасы көзгө саяр. Караңгы кирер замат Кашымда болот даяр. Барактап бир китепти Ар сабын талдап, иргеп: «Билчүмүн мен бирөөнү Угуп ал, угуп ал! – дейт – Ал […]