Орхан КЕМАЛ: Эки жарым лира

Түркчөдөн которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу Түрк адабиятынын роман жанрындагы атактуу өкүлдөрүнүн бири Орхан Кемал (өзүнүн чыныгы аты-жөнү Мехмет Рашит Өгүтчү болгон) 1914-жылы, 15-сентябрда Аданада жарык дүйнөгө келген. Романдан сырткары ыр, аңгеме, драма жазуу менен алектенген. 1938-жылы аскердик кызматын өтөө маалында Максим Горький менен Назым Хикметтин китептерин окуган үчүн чет элдин көз карашын түрк элине таңуулап жатат деген күнөө менен беш жылга эркинен ажыратылган. Абакта отурган маалында алгачкы “Дуварлар” (Дубалдар) аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. 1945-жылы жүргүзүлгөн сурамжылоодо окурмандар тарабынан эң мыкты […]

Чоюн ӨМҮРАЛЫ: Омор Султанов ким?

ТУБАСА ПРОЛОГ Адегенде эле түз, «алагушту атынан чакырып» айтыш керек: Омор Султанов кыргыз улуттук кыртышынан өнүп чыккан нукура акын; ушул эле учурда чыгармаларынын баасы-баркы дүйнөлүк бийик чен-өлчөмдөр менен өлчөнүп баалана турган эл аралык масштабдагы чоӊ акын.  Бир сөз менен айтканда – классик. Улуттук поэзиянын соӊку классиги. «Соӊку» демекчи, совет заманынан берки жазма адабиятыбызды белгилүү мезгилдик мерчемдеринде карай келсек, «классик» деген критерийге толук жооп берген саналуу гана акындар калат. Алар жазма адабиятыбыздын телчигип калыптануу кезеӊинин ири өкүлү, фольклордон жаңы поэзияга  салынган […]

Эрнест ХЕМИНГУЭЙ: «Адамдык кудурет»

ӨНӨРКАНА  Эч ким мени дүйнөгө өзүмдөй айтып бералбайт. Адам аткарган иши, ачкан ачылыштары болобу, айтор, кай тарабынан болбосун, элдин элегинен өтөт. Алардан өзүңдү жашырам деш, акылсыз далбаса. Мен туулган, турган турпатым менен өз китебимдемин.

Габриель Гарсиа МАРКЕС: «Биз АКШ кандай кааласа, ошондой аңкуштайбыз»

* * * Мен ар дайым жеңил-желпи, көз жаштуу чыгарма жазууну эңсер элем. Мага окшогон жердигинен жашык кишилер романга караганда ошондой чыгармаларды жактырат. * * * Биз сенек, катып калган тилге каршы чыктык. «Эл», «демократия» деген сөздөр небак жээгин жеп бүттү. Алгачкы маанисин жоготту. «Демократия» деген шайлоо алдында эле эске келет.