Рудаки: Жүзүң ачсаң, эки бетиң— жанган от, \ Жүзүн катат булутка Күн арга жок

Абу Абдаллах Жафар Рудаки (860-941) – классикалык парсы поэзиясынын анабашы. Мезгилинде Бухарадагы Саманиддер аксарайында акындар тобун жетектеп, соңку муунга ардактуу устат атыгып, касиеттүү жан катары кадыр-барк күткөн. Карылыкка моюндап калганда бийлик төбөлдөрүнүн каарына кабылып, (имишке ишенсек: көзү оюлуп) аксарайдан куулат да, өзү туулуп-өскөн Панжрудак айлында өлбөстүн күнүн көрүп, жакырдыкта көз жумат. Анын божомолдуу бейити азыр заңгыраган кумбөзгө айланган. Акын өмурундө 130 миң же андан он эсе көп бейт (кош сап) жазган деген жоромолдор: бар, бизге жеткени эки миңдей гана сап, […]

О кандай шор: акылмандан акмак тукум төрөлгөн!

МУСУЛМАН САНАТТАРЫ Абу Мухаммед Иляс Жусуп НИЗАМИ (1141-1209), азербайжан акыны Башыңа күн түшкөн кезде колдогон Баарынан оор – бир да досуң болбогон. * * * Жүрөгүмдү тепчибесин десең күйүт жебеси, Кайратыңды калкан кыла билсең гана жеңесиң.