Сагын АКМАТБЕКОВА: «Экөө»

ЭССЕ Таштын үстүндө олтурган адамга таштын түбүндө жаткан жылан кайрылды: — Эмне кылып олтурасың, адам? — Эс алып олтурам, а өзүңчү? — Күнөстөп жатам. Кайдан келатасың? — Көрүнгөн тоонун боорунан. — Көрүнгөн тоонун боорунда эмне бар экен? — Өскөн үй. Көгүлтүр туман жана жаңы чыккан байчечекей. — Ошол элеби?

«Жүгүргөн  туман» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук  фонду  КР Жазуучулар Союзу жана Улуттук Филармония менен  биргеликте  Кыргызстандагы эл-журтка кеңири  белгилүү акын, жазуучулардын  жана жаш таланттардын  поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси  эл ичинде   сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акын, Кыргыз Эл акыны Сагын Акматбекованын  чыгармачылыгына арналат.  “Жүгүргөн туман” аталган бул поэзия кечеси 2017-жылдын 20- январында  саат 17.00дө Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармониянын кичи залында өтөт.

Сергей Есениндин «Кара киши» поэмасы Сагын Акматбекованын котормосунда

Поэма Досум ай, досум, досум! Оорумун, оорулуумун, Оорумун өтө катуу. Бул оору качан, кайдан Жабышты, билбейм, билбейм. Өзүмдөн өзүм кирдеп, Өзүмдөн өзүм зилдейм. Кечээ, же мурдагы ичкен Кээриби ичкиликтин. Жыйрылып кабак-кашым Чыңалып ооруйт башым. Ылымта, ыктоо таппай, Ыргалам жерге батпай. Күндөрү сентябрдын Күбүгөн жалбырактай. Кийими, ырай, түсү Карадан кара киши, Карадан кара киши Карасы көзгө саяр. Караңгы кирер замат Кашымда болот даяр. Барактап бир китепти Ар сабын талдап, иргеп: «Билчүмүн мен бирөөнү Угуп ал, угуп ал! – дейт – Ал […]