Амирхан ЕНИКИ: Наристе

Татарчадан которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу Татар элинин таланттуу жазуучусу жана публицист Амирхан Еники (чыныгы аты-жөнү Амирхан Нигметзянович Еникеев) 1909-жылы 2-мартта азыркы Башкыртстандагы Жогорку Каргалы айылында жарык дүйнөгө келген. Өмүрүнүн акырына чейин “Саз чәчәге” (Саздагы гүл, 1955), “Рәшә” (Туман, 1962), “Вөҗдан” (Ынсап, 1968), “Гөләндәм туташ хатирәсе” («Гөландам туташты эскерүү», 1975) жана автобиографиялык «Соңгы китап» («Соңку китеп», 1981-82) повестерин жазган. 2000-жылы 16-февралда 90 жаш курагында Казанда көз жумган. АҢГЕМЕ Лейтенант Ивановдун ротасы токой бойлоп, өтө сактык менен алдын ала белгиленген аймакты көздөй жылып […]

Сынакка: Үй-бүлөнүн кыздарга жакшы тарбия берүүсү, коомго жакшы аялзатынын келүүсү

№4 Адам космоско жетип, акылынын чеги аалам чапчып турган бүгүнкү күнгө чейин аялзатына болгон мамиле айрым элде дагы деле байыркы замандагыдай болуп келет. Мисалы, Африкадагы Чад деген мамлекетте, Сомалиде, Малиде, Борбордук Америкадагы Гватемалада, Афганстанда, Пакистан, Ирак, Индиянын айрым жерлеринде кыз-келиндер кордолуп, басмырланып, кемсинтилип, зордук-зомбулуктун бутасына айланган. Ал жерлерде кыз болуп төрөлүп калганы үчүн гана азап тартышат. Ошол кыз акыры анын энеси боло тургандыгы эч кимдин оюна да келбейт. Батыш өлкөлөрүндө аялдар эркектер менен тең укукта. Андай бакытка ошол өлкөлөрдүн кыз-келиндери […]

Сынакка: Аялзат ыракаттын, мээримдин, сүйүүнүн булагы

№3 Аялзаттын үй-бүлөдөгү орду кандай болууга тийиш жана бүгүнкү күндөгү социалдык турмуш жүгү эмне себептен аялзаттын мойнуна көбүрөөк жүктөлүп калууда? Биз бүгүн сөз кылып жаткан тема — бул бүгүнкү күндө коомдогу эң актуалдуу маселелердин бири. Аялдардын үй-бүлөдөгү орду өтө чоң мааниге ээ. Кыргыз элинде аялзаты ар дайым урматталып, үй-бүлөдө, коомдо татыктуу орунду ээлеп келген. Аларды эне-катары, жубай-катары сыйлап урматташкан. Ошондой эле биздин каада-салттарыбыз, эл макалдарыбыз, аялдардын жүрүм-түрүм эрежелерине өз убагында, салым кошуп турат. Башка элдерге караганда уят, намыс бизде жогору […]

Жолдош ТУРДУБАЕВ: Бүбү Батманын көз жашы

же АЯЛБАЙ КАЛГАН АСЫЛЗАТ Эзелки мааниси боюнча аяр мамиле менен бапестелүүгө тийиш болгон аялзатын бүгүн кандай карап жатабыз? Эркектердин өзүмчүлдүгү, күйүмсүздүгү улут келечегине балта чаап жаткан жокпу? Эсиргени экиден, кутурганы төрттөн… Азыркы кезде үйдүн да, сырттын да түйшүгүн аркалаган жалгыз бой энелер көп. Акчаны мен ашыкча табам деп эрине үстөмдүк кылгандар бар, алты саны аман туруп бекерчиликке (аракечтикке да) берилген күйөөсүн багып, анын акмакчылыгына чыдаган аялдар да аз эмес. Аялдын эсебинен митедей жан баккандардын арасында ырыскыны кудай берет деп коюп […]

Сынакка: Аял бул – аалам

«Сен кимсиң, Аялзат?» сынагына №1 «Кудай эркекти жаратып бүткөн соң, андан да кыйын нерсени жарата алаарына көзү жетип АЯЛды жараткан». Адела Сент-Жон Сен кимсиң, аялзат? Мен бул суроого жооп издей баштаган убакыттан баштап, Жараткан адам баласын канчалык татаал, кызыктуу жана өзүнө окшош табышмактуу жаратканына дагы бир жолу таң калып, таң бердим. Бул таң калып, таң берүү өмүрүмдүн акырына чейин, Жаратканымдын алдына баргычакты мени менен калат болуш керек. Элүү эки жылдык өмүр жолумда, 10 жылдык психологдук иш тажрыйбамда кандай гана аял, […]

Балдар чыгармачылыгы боюнча конкурс!

«Коом жана Мен» сайты буга чейин маалымдап келгендей: бу сапар өспүрүмдөр арасында чыгармачылык конкурс жарыялайт. Конкурс 2016-жылдын 24-декабрында башталып, 2017-жылдын 30-майында жыйынтыкталат жана жеңүүчүлөрдүн байгеси – балдардын Эларалык майрамына карата 1-июнда тапшырылат. Байге фондубуз 32 000 (отуз эки миң) сом! 10 жаштан 13 жашка чейинкилер арасында: 1-байге – 5 000 (беш миң) сом; 2-байге – 4 000 (төрт миң) сом; 3-байге – 3 000 (үч миң) сом; 4-байге – 2 000 (эки миң) сом; 5-байге – 1 000 (бир миң) […]

Конкурска: Жыт

№17 Бир күнү делдең бөжөк жолдон бир ууч арпа таап алды. Алгач сактангандай акырын жыттап келип бир-экөөнү ирмеп чайнап көрдү.  «Бах» деп тамшанды ширесин соруп. Анан өзүн кармай албай ары-бери кайсап жиберди. Бирок бир ууч арпа канча кылмак эле: оозунда даамы эле калбаса, курсагына жук болгон жок. Алымсынбай калган бөжөк «Дагы бар болду бекен?» деп эки жакты шимшилеп издей баштады. Айланада көрүнбөйт. Адатынча арткы кош аягына тура калып туш келди искегиледи. «Мына» деп сүйүнүп кетти бир маалда. Арпанын жагымдуу жыты […]

Адабий сынак жыйынтыкталаарына саналуу күндөр калды, чамдагыла!

Урматтуу акын-жазуучулар, «Коом жана Мен» сайты жарыялаган балдар адабияты боюнча сынак 20-декабрь күнү саат 20.00дө ЭлТР каналынын түз эфиринде жыйынтыкталарын эскертип келебиз!

Сен кимсиң, аялзат?

АНОНС! Урматтуу журналисттер, публицисттер жана жалпы эле калемгерлер! «Коом жана Мен» сайты «Сен кимсиң, аялзат?» деген тема алдында мыкты публицистикалык чыгармалар жана журналистикалык иликтөөлөр боюнча конкурс жарыялайт. Үйбүлөнүн куту Аялзат, Эне, Жар деген эмне? Анын социалдык турмуштагы башкы ролу эмнеде? Эмнеге бүгүн турмуштун эң оор жүгүн Эне мойнуна артып таштадык?  Буга эмне себеп?.. Бул туурасында конкурстун жобосун жана жалпы байге фондун жакынкы күндөрдө жарыялайбыз. Аталган конкурстун жыйынтыгы 2017-жылдын 8-Март аялдардын Эларалык майрамы күнү чыгарылат. Чамдай бериңиздер! Конкурска жарыяланар эмгектериңиздерди камдай бериңиздер! Аялзатына жүрөгүңүздөрдү […]

Конкурска: Айдын кичинекей ханзаадасы

№12 Жомок Актан  быйыл беш жашка чыгат. Ал өзү жакшы бала болгону менен түнү уктаганды аябай жаман көрчү.  Кеч киргенде ата-энесинен “Мен бүгүн уктабай эле коеюнчу”, —  деп сурана баштоочу.  Бирок Умай энелүү болгондон бери  түн киргенде төшөгүнө жатып, уктаганга шашылат.  Анткени  Умай эне ал уктап жатканында Айдан түшүп келип, анын жаздыгынын алдына сонун белектерди катып коерун билет. А түгүл Актандын эмне каалаганын да күн сайын билип турат. Кечээ «киндер-сюрприз» момпосуюн суранды эле: эрте менен ойгонгондо өзү жаткан жаздыкты көтөрүп […]

Конкурска: Кейиштүү суроо

№8 Кечке маал. Эшик кар. Келе жатсам жумуштан. Кара жолдо үч бала, Каткырышып турушкан. Жакындашсам аларга, Жалынгандай үн чыгат. Топто күчүк. Топ кылып тебишсе, ал кыңшылайт…