Тахир МАЛИК: Шайтанат (Уландысы)

Мурда жарыяланганы: 1-баян  2-баян 3-баян ПОВЕСТЬ 2 Хамдамдын сунушун али ойлоп көрүшкө үлгүрө элегинде депара ИИБ башчысы капитан Мирсултонов кирип келди. — Оо! «Ат айланып казыгын табат» — дейт. Ишти өзүбүздөн баштаганың жакшы болуптур. Бул жакта мына, биз барбыз. Карап турбайбыз. Колдон келишинче жардам беребиз. Бардыңбы? Эмне деп жыйынтыкка келдиң? — деди ал Захиддин колун кош колдоп кармап учурашканча — Али бир жыйынтыкка келе элекмин, — деди Захид. — Анын эмнесин ойлоносуң? — деди капитан, — Өзүң көргөндүрсүң? Баары бештен […]

Самара КАНЫБЕКОВА: Август

АҢГЕМЕ Август айы борбор шаарды куйкалап, көлөкө издеген эле адамдар. Айсезим маянасы түзүгүрөк жумуш издегенди жаз мезгилинен баштаган. Табылган иш Айсезимге жакпайт. Аптаптуу күндөрү бутун тарта албай үмүт чиркин бүгүн-эртең иш чыгып калабы деп калааны түрө кыдыртат. Бүгүн да жолу болбой капалуу, чарчаңкы маанайда маршруткага түшө берерде чоң челектери менен “кечиресиздер!” деп жөөлөп кирген аялды көрүп, челектерин көтөрүшө кетти. — Ой, эжеке, мынча оор челегиңиз? Ичинде эмне бар?! — Балмуздак, кызым! — Балмуздак? А дүкөнгөбү? — Жок. Ушул бойдон көтөрүп […]

Жорж КАРЛИН: Сүйүүгө убакыт табыңыз…

ЭССЕ «Биздин замандын парадоксу ушунда экен; бизде имараттар бийик бирок сабырлуулугубуз төмөн, жолдор кенен бирок көз карашыбыз тар. Көп коротобуз, бирок аз карманабыз, көп нерсе сатып алабыз, бирок аз кубанабыз. Чоң үйлөрдө жашайбыз, бирок үй-бүлөбүз чакан, жакшы шарттарыбыз бар, бирок убактыбыз эч нерсеге жетпейт. Жакшы окуу жайларыбыз бар, бирок акылыбыз аз, жакшы билимибиз бар бирок кырдаалды баалаганды билбейбиз, эксперттерибиз көп, бирок ошого жараша проблемабыз да көп, саламаттыкты сактоо деле бар, бирок ден соолук жок. Көп ичебиз, көп чегебиз, көп эле […]

Назгүл ОСМОНОВА: Сен берген гүлдөр тирилбейт…

* * * Дилдеги сөздү айталбай, Карадың неге тайсалдай? Өткөнүн жылдар карачы, Ирмемдей болуп байкалбай. Эстетип эбак өткөндү, Жылдарга терең чөккөндү Эңсетип кайра башынан, Жадымдан чыкпас көктөмдү. Алдымдан чыксаң жаркырап, Аптыгып, жүрөк тартынат. Сезимдер толкун — ал сенин, Жээгиңе карай тартылат… Ак карда аппак махабат Ырларда баары айтылган, Ырларга сүйүү катылган. Эстетип таттуу күндөрдү Чакырбай жүрчү артымдан. Сен сүйдүң сүрдөп тартынып, Мен сүйдүм сага тартылып. Келгеним сага билдиңби, Кылымдын жүгүн артынып. Сен сүйгөн ошол деңизмин, Ар качан толук, тегизмин. Жаралып […]

Ризван ИСМАИЛОВА: Коктудагы сары айвандар

АҢГЕМЕ Коктуга конгон айыл тоону көздөй чукулунан өрдөп кетет. Бир жак өйүзүндө береги үйлөрдөн кыйла обочорок тектирде үстү камыш менен жабылган тамда жашаган аялдын бир эркек баласы менен бой тартып келаткан кызынан башка эч кимиси жок. Тоту курган кантсин, өмүрү же эрден, же тиричилигинен жалчыбады. Өзү жетим кыз, алысыраак туугандарынын колунда түртүндү болуп жүргөндө Чойбек деген чабан аяпбы же чындап көңүлү түшүппү, токолдукка алып, барып-келип жашап жүрүп никесине алган дешет. Чойбектин ажаан аялы токолду эч нерсесине эгедер кылбады. Элден уялганынан […]

Султан РАЕВ: Оскар Уайльд

АҢГЕМЕ — И… кыйратып салгансып… Маанайың суз? – деди Асия, жаңы эле кирип келген Адэмини теше тиктеп. – Бирдемеке дедиби?.. — Карабай койду! – Адэми, тултуюп кол сумкесин керебеттин үстүнө ыргытты. – Таптакыр… Үн каткан да жок… — Каш каксаң да, көз сүзсөң да, телмирсең да! – Асия кер какшык аралаш демитти. – Карабай койдубу?.. Мен сага айткамын “мини юбкаңды кийип ал” деп… Кашайып, кайдан тапкансып узун көйнөктү кийип аласың!.. – Асия олурая тиктеди. – Билесиңби, эркектин жүрөгү кайда? — […]

Жомок: Улан менен Санташ

Илгери өткөн заманда аскасы асман тиреген тоо арасындагы бир кичинекей айылда ай десе аркы, күн десе көркү жок Канышай аттуу сулуу кыз жашаган экен. Ал сулуу гана эмес акылы тунук, ата-энесине жароокер, жан-жаныбарларга боорукер жан болуптур. Көргөн адамдын көз жоосун алып Канышай солкулдап бойго жеткенде ага Жети-Өгүздүн сыртындагы Санташ менен Боом капчыгайынын этегинде жашаган Улан аттуу эки жигит ашык болуп калат. Алар Канышайга жагуунун аракетин кыла башташат. Жаа тартышса да, балбан күрөшкө түшүшсө да, эңишсе да алар эч кимден жеңилбейт. […]

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Жүрөк сууга агып баратат (шедевр)

АҢГЕМЕ Эстелик сага, Эскерип кара. Эстелик жазган «Э» деген тамга. * * * «О» деген тамга тегерек, Окуудан башка не керек. * * * Гүлдөй өс, Гүлдөй жайна. Өткөн өмүр, Келбейт кайра. (Окуучулук курактагы күндөлүктөн) …Кайсы класста экеним эсимде жок, айтор, акыркы сабак болсо керек эле. Эжей сабакты мына эми баштайын деп оозун эптеп келатканда эле, Замира класска үңүлдөп ыйлап кирип келди. Баарыбыз делдейдик. Эжей да делдейди. Замира эки колу менен бетин басты да, үңүлдөгөн бойдон партасына жөнөдү. Партага өбөктөп […]

Сулуулук: ойношунун оозун ачырып, күйөөсүн кызганычтан чочулаткан зор күч

Амброз БИРС (1842-1914), америкалык жазуучу  Аялдын кучагына кабылсак да, аттиң, колуна түшүп калбасак кандай сонун болмок! * * * Аял менен түлкү канчалык алсыз болбосун, баарыбир артыкчылыктарын көрсөтөт. * * * Алдында шараптын бош бөтөлкөсү турган аял беделинен тез айрылат.

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Жаз айынын жамгыры – залкардын көз жашы»

ЭССЕ “Өзүңө ой-санаасы, руханий дүйнөсү, табигый мүнөзү шай келишкен адамды жолуктуруудан өткөн бакыт жок”. Чынгыз АЙТМАТОВ “Дал өзүңдөй кайдан билсин кайгымды эл, Ашык көңүл түбөлүк жаш, айдың көл. Сүйүү менен сүргөн күндөр гана өмүр, А калганы жай күндөр”. Муктар ШАХАНОВ “Айланайын Чыңгыз, адабиятта кандай улуу болсо, махабатын жерге берерде да ошондой улуу, чыныгы жигиттигин көрсөттү” деп төбөм көккө жетип турду”. Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ

Абдыкерим МУРАТОВ: «Жамийла — элдик тарбия нускаларын тебелөөчүбү же сыйлоочубу?»

Адабият таануу Ч.Айтматовдун «Обон» («Жамийла») повести жазуучунун атын дүйнөгө тааныткан чыгарма гана эмес, ал улуттук алкакта ой жүгүртүүнү жаңы тепкичке көтөрүлгөндүгүн ачык айгинелеген, коомдук турмушта болуп жаткан өзгөрүүлөргө кабарчы чыгарма болду. Анын тагдырындагы дилеммалуу пикирлерди жараткан «жакшы» жана «жаман», «оң» жана «терс» деген критерийлердин элегине салганда эки өйүздө калган каарман бул Жамийла болгон. Жамийла – элдик салттарды, анын ичинде элдик тарбиянын эреже-нормаларын тээп чыккан, ошол алкак тарлык кылып, ага батпай калган каарман деп айтып келебиз. Бул чыгарманы кандайча кабыл алгандыгы, […]

Фаризат Асанкалиева: "Мен сүйгөн сирень"

МЕН СҮЙГӨН СИРЕНЬ Көздөрдү сүйүнтүп гүлдөрү, Мен сүйгөн сирендер гүлдөдү. Жүрөктө калды го унтулбай, Ал жаздын кайрылгыс күндөрү. Эсимде ошондо келгениң, Бир кучак сиренди бергениң. Жытына магдырап, эзилип, Бакыттын гүлдөрүн тергемин… Жыттаймын жытынан аңкыган, Жытынан бүт денем балкыган. Биз неге биргелеп сүзбөдүк? Сүйүүнүн деңизин чалкыган. Жаз келди, жапжашыл жайнаган. Сирендер гүлдөдү кайрадан. Жалгыздап жол улайм өзүңсүз, Турмушта түйшүгү кайнаган.. Жаштыктын жылдыздуу түндөрү Жыпар жыт сирендин гүлдөрү, Эстедим, эстегин сен дагы, Мен сүйгөн сирендер гүлдөдү…

Зарлыкбековдун поэзиясы

* * * Кош болгун, селки, кош болгун. Кайрылбайм сага калтырам, шамалын кара Кочкордун, изимди жууган артыман. Эскербе, күтпө. Күлкүңдү кирдетпе. Дагы сураныч, колуңдан келсе ал түндү койгунуң эстен чыгарып. Аман бол! Албайм тынчыңды, аруу го дегем. Кыз депмин. Ачылган эбак кулпуңдун ачкычын бекер издепмин.

Сүйүү алдамчынын алдамчысын да алдайт

Маргарита НАВАРРСКАЯ (1492-1549), «Гептамерон» сүйүү новеллаларын жазган Наварра королевасы Көрүнгөн аялга чөгөлөп сыйынганча бир эле аялдын кадырына жетип ал. * * * Аялдар сараң келет. Бирок атак-даңкы чыккандары сараңдыгын жеңе баштайт. * * * Сыдыргыга тарткандай жакшы тарбиялуу аялга канча жүгүнүп сый кылсаң да туруш-турпатынан жазбайт.