Антон ЧЕХОВ: Анюта

АҢГЕМЕ “Лиссабондун” жөнөкөй бөлмөлөрүнүн биринде үчүнчү курстун студенти Степан Клочков тигил бурчтан бул бурчка кадам шилтеп, медицина терминдерин тырышып жаттады. Тынымсыз эбирегенден эрди кургап, чекесинен тер чыпылдап акканычы. Аяздан улам чиймелерге толгон терезенин алдында аны менен чогуу жашаган көгүш көз, кара чачтуу, өңү купкуу тарткан жыйырма беш жаштагы Анюта тактайда отурду. Анысы жону бүкүрөйүп, көйнөктүн жакасына кызыл жип менен сайма тепчилеп аткан. Коридордо илинген саат жебеси чыкылдап түш оогонун көрсөткөнү менен бөлмөнүн ичи али жыйнала элек. Чачылган жууркан, туш-тушка ыргытылган […]

Бир сүрөттүн тарыхы (уландысы)

<<<<<<<<<<<<<<<БАШЫ «Коомдук иштин» коктуларында Тарых, улуттук дүйнөтааным менен кызуу алпурушуп жүргөн чагым. Петроглиф сырларына, скиф айбанат стили атыккан искусство дүйнөсүнө, алардан жалпылана калкып чыккан көчмөндөрдүн орнамент ааламына системдүү илик салып, улуттук философиянын уңгусун материалдык маданияттан излеп, издеп жүргөн кезим. Ошол кезде жан дүйнөмдү катуу козгогон, түйшөлдүргөн, мен үчүн өзгөчө орошон бир окуя болду. Сүрөт музейинде «Байыркы Хакас искусствосу» деген көргөзмө ачылды. Көргөзмөгө адеп киргенимде талып жыгыла жаздадым. Музейдин экинчи кабатынын дээрлик жарымын ээлеп Хакасия, Алтай мейкиндигиндеги таш сүрөттөрдүн көчүрмөсү күтүрөп […]

Шайымбек АПЫЛОВ: Жалгыз эрээн

НОВЕЛЛА Бу да эскерме эмес белем. Эми элесим кош сызык темир жолдо дүңгүрөгөн сан дөңгөлөк от арабам болуп, дагы эле сапар чегип, зымырай берем. Же ал элесим учкул учактай, дагы эле зуулай берем. Кыялымда кыйыр да кошо зымырайт, оюмда закым да мени коштой мелмилдеп агыла берет… Дагы эле баягы – күндүзү дүр-дүйнө айланган, түнү от көлү жайнаган калдайган зор калаага кез келе берем. Тили буруу жаатында бу калааны мегаполис-борбор дейт. Элеттик кырчын өмүрүм ушу чен-ченемсиз зор калаага туш келген белем. […]

Олжобай ШАКИР: Пикассо

АҢГЕМЕ (Жаныбек Райга арнайм) Эң мурда мен анын сүрөт көрсөтмөсүнөн катуу таасир алдым. Чынында сүрөт өнөрүнө жыргатып түшүнчү эмесмин. Ошол кезде Айтматовдун баскан-турган изинен өйдө кызыгып жүргөн кезим. Анан гезит беттеринин биринен «Кыргыз Пикассосунун сүрөт көрсөтмөсүнө биздин ааламга белгилүү улуу жазуучубуз да катышат» деген кабарды окуган үчүн сүрөт көрсөтмө уюшулган жерге келгем. Мен мурда-кийин мындай көрсөтмөлөргө катышпагандыктан чоң залда илинген сүрөттөрдүн салтанаттуу ачылышын күтпөстөн көрсөтмөнүн эң төрүнө өтүп алыптырмын. Аңгыча ошол жердеги бир чети жыгач устадай, бир чети кароолчудай көрүнгөн […]

Жаныбек РАЙ: Авангард

АҢГЕМЕ I Омош Чонтоев Жанаалы таздын үйүнө жакындаганда, ал адетинче үйүнө чуркап кирип, кире бериштеги күзгүдөн желкесиндеги колго илинген суюк чачын астына тарай жасанып чыга калды. Омош планшетин ачып, Жанаалы таздын күнгө чагылышкан жалтырак башын алеки мүнөттө кашкайта, кудум өзүнө окшоштуруп тарта койду.   Баятан бери дубалдын көлөкөсүндө кобурашып-жобурашып, шок курагы, чок курагынан кеп кылыша, оозуна толгон насыбай аралаш шилекейин борпоң топуракка болп эткизе түкүрө, таягы менен көөмп коюп отурушкан карыялардын этек-жеңдери козголо: – О-уу, мына, мына, Жанаалынын башын музейге […]

О’Генри: «Акыркы жалбырак»

АҢГЕМЕ Вашингтон аянтынын батыш тарабындагы анча чоң эмес кварталдын көчөлөрү өткөөлдөр деп аталган кыска жолдор менен кесиле турган. Бул ийри-муйру өткөөлдөр таң калычтуу булуң- бурчтардан турар эле. Мындагы бир көчө өзүн-өзү эки жолу кесип өтөт. Кайсы бир сүрөтчүгө бул көчөнүн абдан баалуу бөтөнчөлүгүн ачуу буюруптур. Боёк, кагаз, картина алайын деп чыккан сүрөтчү бир тыйын коротпостон кайра келгендигин элестетип көрүңүзчү!

Рамис РЫСКУЛОВ: «Сайрана»

ЭССЕ Күн сайраган тышта ак көйнөкчөн бакыт барат. Эркетай кыздар өздөрүнчө ашыгышат. Не бир жетим, жесирди алпештеген замана оңой эмес. Көп  жоолашкан  эл  бирин  бири  кечирди,  көп  маселелер  чечилди. Эмки жаштар жаралгансыйт көбүктөн. Дүрбөгөн көп аянтта эл быкпыр. Кабинетте отурган кызматчылар оңдолгон сааттай чыкыяшат. Не бир мыкчегер өзүнчө мыкчыят.

Рюноске АКУТАГАВА: «Караңгыда маек»

Которгон Сагын АКМАТБЕКОВА 1 Ү н: – Сен мен ойлогондой эмес экенсиң. М е н: – Ага мен күнөөлүү эмесмин. Ү н: – Ошентип ойлотуп мени чаташтырган сенсиң. М е н: – Жок, мен эмесмин. Ү н: – Бирок сен көркөмдүктү жана сулуулукту жакшы көрөсүң, аны жакшы билем. Же жөн эле жакшы көргөнсүп жүрөсүңбү? М е н: – Жакшы көрөм.