Жеке архивден: Ашыке кандай киши эле?

Залкардын 90 жылдыгына карата Агынан жарылган жан эле. Ал аксакалды ошонүчүн жакшы көрчүмүн. Гезит үчүн маек курсаң да, өзүң үчүн аркы-беркини кобурашсаң да, шар ооз эле. Насыбайын түкүргөндөй эле, болгонун болгондой айтып салчу. Насыбайдан ачуу чындыкты айтчу. Өз заманындагы эл шайырлары жөнүндө эскерип берүүсүн сурансаң, алардын кимиси жинди, кимиси куу-шумдуктуу ит экенин, а кимиси чыныгы адам сыягында жашап өткөнүн кобурап отурчу. Көпчүлүк сыяктуу эле (биз — эркектер) аялзатына келгенде напсисин тизгиндей албагандардын бири экенин да жашырчу эмес. Анысын маашырланып айтчу. […]

Таалайбек АБДИЕВ: Сүзгөндү билбеген кишини сууга ыргытпа (3-маек)

1-МАЕК жана 2-МАЕК ушул шилтемелерден ачылат…  – Салижан Жигитов менен курган маектеримдин биринде ал киши: «Назым Хикмет сүрөттү кисти эмес, шыбабыра менен дубал бетине балпайтып тарткандай тартып, бирок деталдарын жакшы иштеген эмес. Алыстан жакшы кабыл алынат, а которуп келсең, өксүгөн жерлери көзгө даана урунат. Мен ошол жерлерин кыргызчада жакшыртып койдум» дегени бар. Муну кепке кыстарып отурганымдын себеби, өзүңүздүн «Котормотаанууга киришүү» аттуу эмгегиңизде Хикметтин «Мажүрүм талын» котормо жанрындагы көзгө басар айырмачылык катары кыстара кеткен экенсиз. Жалпы окурман үчүн Салижан акенин ошол эмгегиндеги […]

Дебора Поттер: Көзкарандысыз журналистика колдонмосу

Редакциядан: Дебора Поттер айымдын журналисттердин кесиптик милдетине багытталган бул эмгеги бир гана аталган кесиптин ээлери үчүн эмес, бүгүнкү биз жашап жаткан жалпы коом үчүн да чоң мааниге ээ экендигин баса белгилегибиз келет. Арийне, ар бир жаран да өзүнүн маалымат алуу укугун билүүгө тийиш. Чын-чынында караламан калк азыр чыныгы маалымат эмне, ушак эмне, каралоо эмне экенин ажырата албай калган заманда жашап аткан кезең. Мейли, мамлекеттик маалымат каражаттарында же көзкарандысыз делген жеке тараптардын маалымат каражаттарында болсун, баарынын кесиптик кемчиликтери бири-бирине окшош кыргыз журналистикасы пайда […]

Решат Нури ГҮНТЕКИН: «Куштар кеткенде»

Түрк тилинен которгон Таалайбек АБДИЕВ   РОМАН -İ- — «Алтын жалбырак аноним» фирмасынан эмнеге кеттиң дейсиңби? Мунун таң кала турган деле эч нерсеси жок. Алган алтымыш эки лира айлыгым эч нерсеге жетчү эмес. Мойнумда кызыл чиедей эки бир тууганым, оорукчан апам бар… Кээде апам суукту, бир туугандарым кара курсакты айтып кыңкылдашчу. Мен ийними куушуруп: «Эмне кылайын, болгону ушул болуп атпайбы. Тапканымы барда, балда ичип-жеп, силерди ушинтип жалдыратып койсом, айтсаңар болот эле. Бирок баарын көрүп турбайсыңарбы», — дечүмүн. Бул ачык акыйкатты […]

Жек ЛОНДОН: «Ак Азуу»

ПОВЕСТЬ I БӨЛҮМ жана II БӨЛҮМ ушул шилтемеден ачылат III БӨЛҮМ I бап. От ээлери Бөлтүрүк  буга  капыстан  дуушар  болду.  Буга  өзү  күнөөлүү.  Аңкоолук кылды.  Үңкүрдөн  чыгып,  суу  ичкени  бараткан.  Сыягы,  жакшы  ойгоно  электиги да  себеп  болду  окшойт.  (Түнү  менен  аң  уулап  жүргөн  бөлтүрүк  жаңы  эле ойгонгон.)  Анын  үстүнө  сууга  кеткен  жолду  беш  колундай  билчү.  Ал  буга чейин эч нерсе болбой, аман-эсен эле барып-келип жүрчү да. Бөлтүрүк жалгыз аяк жол менен куурап калган кызыл карагайга түшүп келип,  ачык  жерден  өттү  да,  […]

Таалайбек АБДИЕВ «Апаӊды атаӊа пардаз менен көрсөт» дейт (2-МАЕК)

(1-МАЕК) ушул шилтемеде… – Убагында Алыкул Осмоновдун «Көл толкуну» аттуу тандалма ырлар жыйнагы «Сорос» фонду тарабынан англис тилине которулганына кубанып, тебетейибизди көккө ыргыта сүйүндүк эле, кийин мага англис тилин мыкты билген досторумдун бирөө Алыкулдун ошол тандалма ырларын которууда кетирилген алешемдиктер оголе арбын экендигин айтып келгени бар. Андагы интерпретацияларда айрым поэтикалык ойлор бурмаланып калган жерлерди атайы белгилеп койгон элек. Сиз ошол китепти карап көрбөдүңүз бекен? Маселен, «Эне тили» аттуу ырында «тил» жөнүндөгү маани биологиялык кызыл эт маанисинде которулуп жүрөт деп калды эле. […]

Жек ЛОНДОН: «Ак Азуу»

Жек Лондон – америкалык жазуучу, журналист жана коомдук активист. Ал Сан-Франциско шаарында, жарды фермердин үй-бүлөсүндө туулган. Жазуучунун балалык чагы жакырчылыкта өткөн. Жазуучулук даражага жеткенге чейин ал ар түрдүү кесипти башынан өткөргөн. Ал 11 жашында көчө кыдырып газета саткан, андан соң балык уулап, консерва заводунда, кендир ийрүүчү фабрикада жана кир жуучу жайда жумушчу болуп иштеген, матрос болуп Япония менен Арктиканын жээктерине чейин сүзүп барган жана репортёрлук кызматты аткарган. Англис тилинен которгон Таалайбек АБДИЕВ I БӨЛҮМ I бап. Куугун Муз тоңгон  дайранын  […]

Таалайбек АБДИЕВ «Бардык нерсенин куну – эмгек» дейт (1-МАЕК)

«Эң башкы тилдердин кайсынысы болсун, алты эле жылда үйрөнсө болот. Өз эне тилиңди толук үйрөнүүгө бүт өмүрүң да жетпейт». ВОЛЬТЕР Мансап, көрдүйнөнүн артынан кууйт кыргыз. Сая кууйт. Илим-билимдин артынан кууганы аз. Биздин бүгүнкү мейман улуттук көрөңгөбүздү байытуунун абыгери – Таалабек Абдиев агабыз. Жүрүм-туруму өтө жөнөкөй болгон бул инсандын билими туурасында те бир кезең Салижан Жигитовдун оозунан уккан жайыбыз бар. Салижан устатыбыздын назарына эрте илинген Т.Абдиевди сыртынан гана таанычубуз. Өзү Өзгөндөн. Оштун Мамлекеттик университетин бүтүрүп, кийин Санкт-Петербургда лингвистикалык изилдөөлөр Институтунан кандидаттык […]

Таалайбек АБДИЕВ: «Котормотаануу илимине киришүү…» (4-БӨЛҮК)

1-БӨЛҮК, 2-БӨЛҮК, 3-БӨЛҮК (ушул шилтемелерден ачылат) Фразеологизмдер жана аларды которуунун ыкмалары Сөз айкаштарынын эки түрү бар: эркин сөз айкаштары жана туруктуу сөз  айкаштары.  Эркин  сөз  айкаштары  синтаксисте,  ал эми  туруктуу  сөз айкаштары  фразеологияда  изилденет.  Эркин  сөз  айкаштарынын курамындагы сөздөр маани жана форма жагынан ылайык келген ар кандай сөздөр  менен  айкаша  берет  жана  алар  туруктуу  мүнөзгө  ээ  эмес.  Ал  эми туруктуу  сөз  айкаштары  фразеологизмдер  деп  аталат  жана  алардын төмөнкүдөй бөтөнчөлүктөрү бар:

Таалайбек АБДИЕВ: «Котормотаануу илимине киришүү…» (3-БӨЛҮК)

1-БӨЛҮК жана 2-БӨЛҮК (ушул эки шилтемеден ачылат) Калькалоо Буга чейин белгиленгендей,  котормо  тилинде  жок  бирдиктер транскрипция же транслитерация менен эле эмес, кээде калькалоо ыкмасы (французча calque «көчүрмө»  деген  сөздөн  алынган) менен да  которулат. Мында  сөздүн  же  сөз  айкашынын  курамдык  бөлүктөрү  (сөз  болсо – морфема,  сөз  айкашы  болсо –  лексема)  котормо  тилинин  тиешелүү бирдиктери  менен  берилет.  Калькалоонун  маңызы  —  түпнусканын лексикалык  бирдигинин  структурасын  көчүрүү  менен  котормо  тилинде жаңы сөз же сөз айкашын жаратуу.  Мисалы: superpower — супердержава – супердержава; mass culture — […]

Таалай АБДИЕВ: «Котормотаануу илимине киришүү…» (2-БӨЛҮК)

1-БӨЛҮК (ушул шилтемеден ачылат) ТРАНСЛИТЕРАЦИЯ  ТАЗА  ТҮРҮНДӨ  СЕЙРЕК  КЕЗДЕШЕТ  Котормо тексттердин типтери Котормо практикасын  жана  азыркы  котормотаануу  илиминдеги түшүнүктөрдү  системалуу  түрдө  талдоо  котормолордун  бирдиктүү типологиясын  түзүүгө  мүмкүнчүлүк  берет.  Котормолорду  типтештирүү төмөнкү параметрлер боюнча жүргүзүлөт:

О’Генри: «Олуялардын белеги»

О. Ге́нри, чыныгы аты Уи́льям Си́дни По́ртер – америкалык жазуучу, аңгеме жазуунун таанылган чебери. 1862-ж. 11-сентябрда Гринсборо шаарында (Түндүк Каролина) врачтын үй-бүлөсүндө туулган. Үч жашында энесинен ажырап, эжесинин колунда тарбияланган. Фармацевттин окуусун бүтүп, Техаста ар кандай жумуштарда иштеген. Адабий чыгармаларды 1880-жылдан жаза баштаган. Андан кийин банкта иштеп, акча жетпей калгандыгы үчүн соттолгон (1898–1901). Түрмөдө Портер аңгемелерди жазып, О. Генри деген псевдоним менен чыгара баштаган. Анын «Королдор жана капуста» деген жалгыз романы (сатиркалык икаясы) 1904-ж. жарык көргөн. Андан кийин «Төрт миллион» […]

Таалай АБДИЕВ: «Котормотаануу илимине киришүү…»

1-БӨЛҮК Атактуу  жазуучу  Чыңгыз  Айтматов  алгачкы  «калем акысы»  болгон бир  жилик этти орусчадан  кыргызчага,  кыргызчадан  орусчага  которуп, тилмечтик  кылуу  менен  алган  экен.  Жазуучунун  эскерүүсүнө  караганда, бул мындай  болот: Жайлоого  алып  келишкен  зоот  айгырлардын  бири  уу чөп жеп алып, өлүп калат да, ушундан улам жакадан келген орус зоотехник менен  жылкычылар  тил  билбегендиктен,  бири-бирин  түшүнө  албай коюшат. Айла  кетип  турганда,  жылкычылардын  бири  эстей  коёт  да,  беш-алты жаштагы Чыңгызды алып келишет. Жергиликтүү жылкылар уу чөптү жебесин,  ал  эми  зоот  айгыр  аны билбестен  жеп  […]

Решат Нури ГҮНТЕКИН: «Туюк махабат»

АҢГЕМЕ Расим бир күнү кечке маал мектептен келип, бир кат таап алды. Өзүнө келиптир. Ичинде гүлдүү баракка жазылган ушул саптар бар экен: «Расим мырза, мен сизди көптөн бери сүйүп жүргөн бир жаш кызмын. Абдан сулуумун деп тартынбай эле айта алам. Сиздин сүйгөнүңүз, жубайыңыз болсом дегенде эки көзүм төрт. Бирок жашыбыз жетпегендиктен, бир нече жыл күтүшүбүз керек деп ойлойм. Азырынча сизге өзүмдү тааныштырбайм. Каттарыңызды … деген дарекке сурап алма кылып жөнөтүңүз. Атам абдан катаал киши, көчөгө көп чыгарбайт. Бирок бир күнү, […]