Гурбанназар ЭЗИЗОВ: Табыт

БООРДОШ ЭЛ АДАБИЯТЫНАН Гурбанназар ЭЗИЗОВ – түркмөн элинин 20-кылымдагы классик жазуучуларынын бири. О.э. ал Түркменстандын эл жазуучусу жана Махтумкули наамындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Бүгүн биз анын «Табыт» аттуу чакан аңгемесин замандашыбыз Азат Жапарбектин котормосунда жарыялайбыз. Аңгеме Чоң атамдын узунча келген боз табыты бар эле. Аны качан, эмне үчүн жасатканын билбейм. Бир билгеним: көптөн бери урунуп жүрчү. Өзү тыттын жыгачынан кынаптап жасалган тартайган оокат. Чоң атам аны дайыма жасап-түзөп, кырып-кыпчып таза кармаганы менен, негедир көзгө комсоо көрүнүп, жүрөктүн үшүн алат. Айрыкча […]

Өз жазасын алган кечил

Тай жомогу Монастрда жашаган кечил[1] болуптур, бетелди[2] абыдан жакшы көрчү дейт. Ал күнүгө кыштакта ким-бирөөнүн өлгөнү туурасында билип кел деп өз нөкөрүн[3] тызылдатып жүгүртчү экен. Анткени өлүк чыккан жерде анын шыбагасына бетель буюрчу дейт. Кокусунан бир дыйкан «Бүгүн ким өлгөнүн билип кел» деген кечилдин нөкөргө айткан кебин угуп калат. Дыйкан анан өз үйүнө келет да туугандарын жыйып, минтип турганы: – Кечилге көргүлүктү көрсөтпөсөм элеби. Анткени ал шүмшүк бетелге тоюнуш үчүн кыштакта ким өлгөнүн тиленет экен. Көрсө ага адам өмүрүнөн да […]

Акындан айрылуу

Садык АЛАХАН Эссе Адам турмушунун күзгүсү болгон адабияттын алмустактан бери келаткан жолунда ага адал кызмат өтөп, анын аруулугун андан бетер арттырган ашкере пакиза өкүлдөрү ар убакта боло келиптир. Адабий ишмердиги менен адамдык насили бөтөнчө бир шайкеш келген андай инсандар, адабий турмуштан айкын болуп жүргөндөй, тилекке каршы, анча деле арбын болбойт экен. Төл адабиятыбызда аруулуктун мындай айныксыз белгиси болуп, өзүмдүн жеке ишенимимде, алгачкы муундун өкүлдөрүнүн арасынан айтылуу Мукай Элебаев эсептелсе, адабиятыбызга алтымышынчы жылдары келишкен муундун ичинен Жолон Мамытовдун адамдык асыл сапаты […]