Дилазык: Дүйнө таануу

ИКАЯ Бир окумуштуу адам дүйнө жүзүндөгү болуп жаткан көйгөйлүү маселелерди чечүү менен алектенип, керээлдин кечке иш бөлмөсүндө заманбап, цивилизациялык жоопторду табуу менен баш катырып, убакыт өткөрөт. Күндөрдүн биринде жети жаштагы баласы атасынын кичине ойноп коюусун өтүнүп, иш бөлмөсүнө кирди. Глобалдуу маселелер менен баш катырып отурганда баласынан эптеп кутулуштун амалын кылып, ары жакта турган журналдан дүйнө жүзүнүн картасы түшүрүлгөн бир бетин айырып, бөлүкчөгө бөлүп-бөлүп: — Ме, балам, — деди, — сен кураштырган оюндарды жакшы көрөсүң го, бул жерде – тоо-таш, деңиз, […]

Украин жомогу: Койчу кантип ханбийкени алдады

Бир падышанын аябай сулуу жана абдан акылдуу кызы бар экен. Ага көп эле жерден куда түшүп келишип, далай ханзадалар колун сурашып, кыздын акылына акылдары жетпегендиктен атасы бербей койот, алар кыздын да купулуна толбойт. Анткен менен падыша кызынын турмушка чыкпай калышынан чочулап: “Кызым кимдин үч табышмагын таппай калса, ошого турмушка чыгат”, — деп жарыя айттырат. Муну уккандын баары эле үч табышмак айтып, ханбийкеге бара беришет, бирок акылдуу кыз баардык табышмактарды ойлонбой таба берет. Муну уккан койчу дагы: “Балким багымдан болуп ханбийкени […]

Балдарга «баш катырма»

Амал менен окусаң, жыл мезгилин табасың Кардан тонду жамынып, Ызгаар жортуп жорголойт. Шыргалаң суу чорголойт. Жадырап тийип күн нуру, Ала шалбырт кез келет. Заматта бүрдөйт тал-терек. Жалбырттаган жалынсыз, Аптабы кактайт өрттөбөй. Йемен деген өлкөдөй. Кырманга кызыл дан толуп, Үйүлөт саман-топону. Зор береке ошобу? Айдаганда дейт экен Мышыкты – мыш, Итти – чык, Карганы – кыш, Төөнү – оч, Уйду – өш, Эчкини – чек, Эшекти – хы, Жылкыны – чу, Койду – кош, Тоокту – ток. Сөздүк ыр Байыркы мезгил […]

Конкурска: Балдарга табышмак

№16 …Ай, Ай! Асмандагы алтын ай, Аскар – Аруу, Аппак, мөлтүр балдардай. Балга ороп, бал таңдай, Таңда чуркайт карматпай. Кана балдар тапкыла?! Табышмакты бир жаттай, Таппасаңар бир саптай. Ыр жазайын тил катпай… Ошол ырды калтырбай, Жаттагыла тартынбай…

Конкурска: Кимдики туура?

№6 Ойноп жатып  Аскат, Таштан. Коюшту алар чырды баштап. — Кедей атаң, коон саткан… Менин атам бай! — деди Аскат. — Менин атам коон сатса, Сенин атаң тоону саткан ! — -Ким айтты-ы-ы! — деди Аскат. Атам айткан, — деди Таштан.

Балдар акыны мейманда

Токтосун САМУДИНОВ КАСИЕТТҮҮ ЭНЕ ТИЛ Карылардын оозунда – Шекер, шербет, бал болгон. Эр жигиттин оозунда – Намыс менен ар болгон. Касиеттүү эне тил Аруу, назик сезимдей. Кылым бойлоп келесиң Кыргыз атын өчүрбөй. Бой тумардай санайбыз Кадыр тутуп өзүңдү. Көп колдонбос буюмдай Чаң баспасын сөзүңдү.