Төлөндү Акматов: Бала

АҢГЕМЕ Иниси Ыбырайымдын аялы кыз төрөгөндөн бери Мамбет кары баштагыдай кабагын карыш салып, отура бербес болду. Ал өзү илдиреп, араң жүрсө да, Ыбырайымдыкына барып, анын балдарын эркелетип, тырбалаңдап отунун жарып берип, короосун шыпырат. Эр ортону элүүдегү Ыбырайым колхоздун эки аттуу ырдыван арабасын айдайт. Анын үч уул, үч кызы бар. Улуу баласы аскерге кеткенине эки жылча болуп калды. Андан кийинки кызы өткөн жылы турмушка чыгып кетип, эми үйүндө бир кол арага жарап калган кызы, эки чыт курсак, бир ымыркай бар. Ал […]

Жунай Мавлянов: Жек көрөм

АҢГЕМЕ Ата-энеден жалгызмын. Шаарда туулуп, шаарда өстүм. Атам мен төрткө чыкканда, өз оорусунан каза болот. Ошентип, энем жыйырма сегиз жашында жесир калыптыр. Аялдын ошол жашта отуруп калганы сейрек учурарын чоңойгондо билип жүрбөймүнбү. Эри өлсө, зайыбы башка эрге тийгени, тескерисинче, аялы өлсө эри башкага үйлөнгөнү эзелтеден бери келаткан турмуш салты, тагдырдын буйругу экен го. Эмне үчүн менин энем күлгүндөй жаш курагын, атайылап суу куйбаган дарактай мезгилсиз соолутуп алганына алиге түшүнбөйм. Аны аяйм. Кээде ачык эле: «Туура эмес кылгансыз, апа, атамын арбагын […]

Ботояндын үңкүрү жөнүндө уламыш

Көкөмерен дарыясынын боюнда, жолдун жээгинде «Ботояндын үңкүрү» деген үңкүр бар. Ал үңкүр жол боюнда болгондуктан, ачарчылык убактарда жолоочулар конуп-түнөп, от жагып, таштан кемеге жасап тамак жасап жегени байкалып турат. Оттун түтүнүнөн улам үңкүр ичи ышталып карарып турганы ошондон окшойт. Айтымда, бул үңкүрдүн тарыхы туурасында мындай окуя бар. Тээ бир жүз жылдын ары-берисинде ачарчылык болуп, жер оогон эл арбын болгон экен. Ошондо аргасыз күнгө туш болгон бир келин айы-күнү келгенине карабай жолго чыккан экен. Ал келиндин аты Ботоян болуптур. Жолдо жүрүп, […]

АНАКСАГОР

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Байыркы грек философу Анаксагор Кичи Азиядагы Клазоменден чыккан. Б.з.ч. 500-428-жылдар ченде жашаган. Ал кул ээлөөчүлүк демократиянын идеологу болгон. Афиныда биринчи жолу философияны сабак катары окуткан. Өкмөт аны кудайсыз деп жарыялап, өлүм жазасын өкүм кылган. Андан качып Лампсак деген шаарга келген да, анда өзүнүн философиялык мектебин негиздеген. Ал байыркы грек философу Эмпедокл жана атомисттер (ага Левкипп, Демокрит, Эпикур, Лукреция ж.б. кирген) менен бирге бөлүнбөй турган элементтер жөнүндөгү натурфилософиялык илимди өнүктүргөн. Ал элементтер чексиз жана алар чексиз бөлүнөт, бөлүкчөлөрдү […]

Самара НАСЫРОВА: Төрөлбөй калган уул же кыз

ОЙ ТОЛГОО… Баалабастан өмүрдүн кыска экенин, Барктабайбыз карынын нуска кебин. Анан бир күн «аттиң ай» деп калабыз, Алдыргандай куу түлкү «кушка жемин». Күндүгүнө манчыркап жорго минген, Күпүлдөгөн кыйын көп солдо жүргөн. Ала салып ак жүргөн багытынан Адашкандар арамза жолго кирген. Карек өчөт бир күнү капилеттен, Каның токтоп, ысык дем качып эттен. Дуулдап жашап атсак да бул дүйнөдө, Сурагы бар. Корколу!.. Акыреттен. Алсыздыгын замандын карап анан, Аргасыздан бүт дүйнөм жараланам. Бүтпөйт тура тирүүлүк тунжуроодон, Айрымдардан тим гана сабак алам…. ЧЫРПЫКТАЙ ЧАЧЫЛБАЙЛЫ […]

Байыркылардын акылдан тамган шооласы

Агер шалаакы болуп, жаманчылыкка өзүң илээшип жүрсөң, башыңдан бактысыздык кетпейт, бакытты сурай да албайсың. Тагдырды алпештөө мааниге ээ эмес, аны барк албай койгондон балээ болуп деле кетпейт. Мо-цзы Агер Асмандын каалаганын мен аткарсам, Асман дагы менин каалаганымды аткарат. А менин каалаганым – бакыт жана бакубаттык, жек көргөнүм – бактысыздык. Мо-цзы Бакытты кол булгап чакырып, жаныңа келтире албайсың. Мо-цзы

К У С А Л Ы Г Ы М: Мен көргөн улуу залкар

Биринчи баянды ушул шилтемеден табасыз Экинчи баян Э С С Е   Москвадан дарыланып келгенден көп өтпөй Асакенин көңүлү ачылбай, буулукканы күчөдү. Кусалыгы кууратты! Ал кусалык – эл алдына чыгып ырдоо эле. Бир-эки курдай аким-губернаторлорго кадырын салып, баягы илгеркиче жер-жерлерди кыдырып элге концерт берүүнү самады. Аккордеондун коштоосундагы ырларды элеттиктер сагынды деп ойлоду. Бирок ал заманда Асакем самагандай концерттер кайда?! Жер-жерлерде маданият үйлөрү иштебей, клубдар кыйрап-бүлүнүп, жыгач-таштары тонолуп, уурдалып, көпчүлүк караламан көртирилик айынан Чүй, Бишкекке «чү» койгон… Жан сактоо издеп. Ошол […]

Поэзия: Куй, шараптан! 

Сайрагүл ЖОЛБОРСОВА  Куй шараптан! Жүрөк бир аз эргисин, Кутулайлы кайгы-капа азаптан. Башка салган бүт түйшүктү токтотуп, Ушул дүйнө бактылуудай сезилсин! Куй шараптан! Көңүл бир аз жыргасын. Кубанычтан мейли көңүл ыйласын! Тагдыр бизди,

Ырысбай АБДЫРАИМОВ: «Ак көйнөкчөн Көкө баатыр»

Аңгеме Аткан таңдын кеч кирмеги, алоо оттун өчмөгү, башталган иштин бүтмөгү, шилтенген кылычтын баш кесмеги, көз кызарта кумарланткан чоктой гүлдүн өңдөн кетмеги бар. Томолок жер, нуру өчкүс Күндү атам замандан бери айланып келаткандай жашоонун кайталанганы кайталанган. Муну эч бир пенде токтото албас, антейин дегени мезгил шарына такаат кыла албас. Кокту-колоту, адыр-ойдуңу жанга дабаа дары чөп, акактай тунук сууга мол, абасы таза тоо этегиндеги айылды байыр туткан Көкө ата-энесинен эрте ажыраган. Алардан арткан дүйнөсү кемип, төшү түктүү жер бети нечен жаңырса […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Орунча»

Аңгеме Жайкысын суусу киргилт, албуут  аккан дарыянын эки жээги тээ тоо башынан карасаң  шахмат  тактайын  элестетет. Жерди көптөгөн төрт бурчтуктурга бөлүп, тегиздеп, чекелерин  чым, баткак менен тосуп, ага суу толтуруп, суу боюнун эли күрүч айдашат.  Күрүч  суу ичинде бышат. Муну  шалыкерлер “шалыпая” деп аташат. Күрүч бышканча  суусун карап, чөбүн отоп, кыскасы кетмен көтөргөн, шымын тизесине чейин түргөн, жылаңаяк, таманы туурулган  эркектер  менен аялдар жай бою  отоп, суусун карап, шалыпаяны айланчыктап жүрө беришет. Бу албуут  аккан дарыяга ишенич жок,  жамгыр жааган […]

Сүйүү

Сүйөм дейсиң жаш жигит, Шашпаа, шашпа, коё турчу… Билесиңби? Айтайынбы билгеним?.. Жыргалынан, кууралынан махабаттын ыйлаганым, күлгөнүм… Анда эмесе угуп алчы, кантип менин сүйүүлөрдөн күйгөнүм… Чындап  сүйсөң тилиң келбейт күрмөөгө, Кирпигиңди алың жетпейт ирмөөгө! Ачылат-ов, ак сүйүүдөн Бейиш багы буга чейин сен көрбөгөн, билбеген! Кайран жаның дирилдеген сүрдөгөн. Кулайсың да кучагына сүйүүнүн. Тагдырың ай, адамдык бир ирмемге байланган, Дилиң менен  бир денеге айланган. Көздөр гана  сүйүшөт, көздөр гана күйүшөт, Денең күйүп от-жалын, эриндериң эс тандыра өбүшөт!