Эрмек ТУРДУБЕКОВ: Щелк

РАССКАЗ Этот длинный путь позади — он тянется целую вечность. А этот длинный путь впереди — другая вечность. Эти пути противоречат другому, они сталкиваются лбами, — и именно здесь у этих ворот, они сходятся вместе. Название ворот написано наверху: «Мгновенье». Фридрих Ницше «Так говорил Заратустра» …Щелк! Клубящаяся пыль. Автомобиль. Мальчик стоял на дороге, руками изобразив фотоаппарат. Он думал об этом мгновении. И о том, вечно ли оно… * * * Сюжет фильма развивался у подножья гор близ одного богом забытого […]

Жарк эткен өмүр же 36 жашты кыйган «олуя»

Мындан жыйырма жылдай илгери Түркиянын айтылуу Анталия шаарында жүрүп менин Кыргызстандан келгенимди уккан Москвалык турист өз кесиби боюнча укук коргоочу болуп иштээрин, Болот Шамшиевдин «Бөрү зындан» картинасы укук коргоо тармагындагы Союз маалында жаралган мыкты кинолордун бири деп айтканы алигүнчө эсимде. «Бөрү зындан» тасмасынын көрүүчүлөрү учурунда 21 миллионго жеткендиги азыр да айтыла калып жүрөт. Фильмде башкы каарман Саматтын образын ачкан өзүбүздүн мекендешибиз, өмүрдөн эрте көчкөн актер Талгат Нигматулин туурасында жана анын жеке тагдыры менен сценарийдин өтө шайкеш келип калгандыгына негедир кызыгуум […]

Марк ТВЕН: Тамекини таштагандан жеңил нерсе жок, мен аны отуз жолу таштадым

Марк ТВЕН (1835-1910), америкалык жазуучу Көпөстөр өздөрүнөн башкага кам көрбөйт. Жардылар гана жардыны түшүнүп, биринен-бири жардамын аябайт. * * * Кудайга сыйынгандан көрө ашатып-ашатып сөгүп алсаң жеңилдей түшөсүң. * * * Жападан жалгыз бир христианин болсо, адамдар аны да жыгачка керип өлтүргөн. * * * Баардык саясый партиялар акыр аягы өздөрүнүн калпына өздөрү көмүлүп тынат. * * * Бир жыл мурда изги жан элем: нью-йорктуктардын ыйманы менен камыр-жумур аралашкандан баштап миллионерлерден өткөн уят-сыйытсыз адамга айландым. * * * Келгиле, ынтымакта […]

Ковалевская – дүйнөдө аялдар арасынан чыккан биринчи математика профессору

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Орус математиги Софья Васильевна Ковалевская 1850-жылы 15-январда Москвада артиллерия полковнигинин үй-бүлөсүндө туулган. Ал мезгилде кыздар билим алууга укуксуз болгондуктан, алгачкы билимди үйүнөн алган. Софья 8 жашында ата-энеси үйүн ремонттоп, ал жашаган бөлмөнүн бетине обой жетпей калып, анын ордуна М.В.Остроградскийдин китебинин барактарын чапташкан. Ошентип, анын математика менен таанышуусу башталган. 15 жашынан тартып жогорку математиканы үйрөнгөн. 1868-жылы ошол кездеги жаш илимпоз-палеонтолог жана геолог В.О.Ковалевскийге (1842-1883) турмушка чыккан. 1869-жылы күйөөсү менен Германияга келген. Берлинде Вейерштрасстын (1815-1897) жетекчилиги менен 4 жыл […]

КАРДАНО

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Итальян математиги Жероламо Кардано 1501-жылы 24-сентябрда туулган. 16 жашында Павия университетине өткөн. Абдан жакшы окуп, студент кезинде эле студенттерге лекция окуган. Университетти бүтөрү менен ага ректор болуп дайындалган. Ал орунда көпкө иштебестен провинцияга кетип, ал жерде мыкты дарыгер катары белгилүү болгон. Өтө кедейчиликте жашагандыктан ар кандай окуу китептерин, кийин трактаттарын жаза баштаган. Трактаттары абдан кызыктуу жазылгандыктан, Карданону ойчул, математик, ойлоп чыгаруучу катары баалай башташат. Ал математикага да, астрологияга да кызыккан. Астрологияга кызыгып, гороскоп түзгөндүгү үчүн түрмөгө да […]

Бекташ ШАМШЫ: Өрүк комуз

АҢГЕМЕ Бу чалды көргөн-билгендердин көбү, «а, баягы алкештердин атасыбы?» дешчү. Жашы токсондон ашкан чал эки-бирдей уулунан тирүүлөй ажыраганын билген соң, бүт дүйнөсүн комуздан издеп калган. Чалды балдарына чейин эле эрчише келген эки жамандык белге тээп баса берди. Бири – бейиши болгур кемпири болсо, бири кулунчагынан куунап чоңойткон — Жээрде кашкасы эле. Кезинде дубан жарган күлүктүн ичээр суусу, батар күнү түгөп, тарамышы көк тартып баратканы көп болгон. Кемпиринин кара ашында союп салалы дегендердин сөзүн жакын жуутпай койгон чал, эртели-кеч сыртка чыгып, […]

Янош БОЯИ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Венгер математиги Янош Бояи 1802-жылы 15-декабрда Колошвар шаарчасында туулган. Анын математикага болгон жөндөмү өтө эрте байкалган. Атасы Фаркаш Бояи (1775-1856) таланттуу математик болгон. Гёттинген университетинин профессору болуп шайланган. Ал Гаусстун досу жана курсташы болгон. Өтө татаал эсептөөлөрдү көңүлүндө эле чыгара алуучу. Ал өмүр бою Евклиддин 5-постулатын далилдөөгө аракеттенип, бирок оң натыйжа ала алган эмес. Ал уулунун 5 жашында геометриялык фигураларды жана топ жылдыздарды айырмалай алгандыгын сыймыктануу менен Гаусска билдирген. Уулуна математика боюнча билим бере баштаган. Янош 12-13 […]

Махабат өртүн кечкен акын

Эх, жетим… Жүрөгүмдү оорутасың дайым… Зайырбек Ажыматов – учур адабиятыбыздын эң бараандуу, эң жалындуу Акыны. Талантты талант деш керек! Бу жетим чыныгы Талант! Зайырбекти кыйын дебес элем, кыйындардын китеби чыгып атат, алар эбин таап атышат. Китептеринин артынан китептери чыгып. Бу жетим эбин табалмакпы?! Таланттар жалтак келери шу: ага өтүмү жок экен Зайырбектин. Өтүмдүүлөр наам алып атышат, китептери байма-бай басылууда. Көңүлү баладай тунук, заманы буюк бул замандашыбыз болсо жайдаңдап жүрөт. Күлгөнү, жүргөнү деле телегейи тегиздей. А ичи – кыпкызыл чок. Өрттөнүп […]

Көп адамдар сатты мени, мен саттым \– Эки бети болот тура теңгенин

Табылга Мурда-кийин тааныш эмес экенбиз. Адабий чөйрөдө Азамат Төкөров аттуу жаш акын бар экенин деле укпаптырмын. Качан гана «Жашооң түшкүр, кайкымай да, ойкумай, \Дүйнөң түшкүр, түлкү мүнөз жойпудай. \Дүйнө менен жашоо балким күнөөсүз, \Анткени адам табияты сойкудай» сымал саптарды окуган соң – адабияттын ышкыбооз жаш өкүлүнүн эмес, турмуштун көлөкө-жарыгын тааныган, дасыккан акындын тунук поэзиясы колума урунганына курсант болдум. Не аны Мекенден алыска чүлүктөп алып кеткен тагдырдын касирет-күйүтү көкүрөк кылын черткенден жаралган саптар бекен; не күч анын көөдөнүнөн сууруп чыккан саптар […]

Над пропастью

Ботокөз БЕЙШЕНАЛИЕВА Улуттук университеттин орус филологиясын кызыл диплом менен аяктап, мындан төрт-беш жыл мурда КМШ өлкөлөрү боюнча «Один мир – много языков» аттуу АУЦА уюштурган адабий сынакта биринчиликти жеңип алып лауреат болгон жайы бар. Ботокөз адабият астанасын кокусунан аттап калган да таланттуулардан эмес, атасы – акын Атахан Кожогуловдун тун кызы. Анын тырмак алды бул чыгармасы атайы жеңүүчүлөрдүн өзүнчө альманахына киргени маалым. Бүгүн «Коом жана Мен» сайты Ботокөздүн ошол чыгармасын кыргыз окурмандарына орус тилинде тартуулоону туура көрдүк.