Эң оор жакырчылык – билимсиздик

Пьер АБЕЛЯР (1079-1142), француз философу Жамандык эмне экенин билбегендер жакшылыктын баркына жетпейт, себеби кээ бир жамандыктын өзү жакшылыкка да окшош. Арийне, экөө тең бири-бирин тарткан жатындаштай. * * * Жашыралбас заардын заары – сүйүү, кээде ал бир ооз сөздөн же көздүн кыйыгынан, атүгүл үндөбөй турганыңдан деле билинип калат. * * * Алоологон сүйүү менен шек санаган кара ниеттик өмүрү элдеше албайт. * * * Жаш кезде кылган күнөөбүздү жууш үчүн карыганда убара чегебиз. ♦ ♦ ♦ Али-Иби АБИ-ТАЛИБ (600-661), араб […]

Бакытбек АБДУЛЛАЕВ: Балаңыздын мектепте жакшы оку(ба)ганынын себебин билесизби?

Бул суроого сиздин ата-эне катары “баламдын нары жагынан жок болсо эмне кылайын” деген же “балам төрөлгөндө эле гений болчу” деген сыяктуу жоопторду угамбы деп турам. Чынында экинчи жооп чындыкка жакын. Себеби, ар бир бала гений төрөлөт. Аларды “гений” же “нары жагынан эле жок” кылуу өзүбүздүн эле колдо экенин биле бербейбиз. Балаңызды гений кыла албаганыңыздын себеби — ага жаңы төрөлгөндөн баштап китеп окуп бере албагансыз. Балага жаңы төрөлгөндөн баштап эле китеп окусаңыз, 1-классты аттагандан тартып жакшы окуп баштайт! Балаңыздын жаркын келечеги […]

Арабаевдин балдар үчүн ыр-аңгемелеринин адабий жана нравалык-этикалык баалуулуктары

Эшеналы[1] Арабаев «Алиппе» китебинин баш сөзүн жазганда: «Бизде эл адабияты канчалык көп дегенибиз менен, алардын балдарга ылайыктуусун иргеп алуу кыйынга турду…» деп эскерип жатпайбы. Ошондуктан, алгачкы окумуштууларыбыз катары К.Тыныстанов экөө элибиздин адабиятын алгач ирет жыйноого кол кабыш кылуу менен, алардын ичинен балдарга ылайыктууларын алгач ирет иргеп көрүү бактысына ээ болушкан экен. Ошентсе да өзү айтып өткөндөй, «Алиппе» китебин жазган кезде балдарга таанытуучу жана тарбия берүүчү окуу материалдарын эл адабиятынан иргеп алып, анан да ылайыгы келбеген учурда аргасыз өзүлөрү зарыл болгон […]

Болгар жомогу: Эро кантип эшектерди санады?

Силер Эро деген ким экенин билесиңерби? Ал Герцоговинадан чыккан кедей болуптур. Адилетсиздикке эч качан чыдай албачу экен. Сараң байларды жазалайт. Көпкө умтулган ач көздөрдү азга да жеткирбейт. Ал эми мыдыры калгандарга жардам берип, ыйлагандарды сооротот. Көрдүңбү, Эро деген кандай жигит! Бир жолу Эро кыштакка келаткан эле. Алдынан эшектерин айдаган соодагер чыгат. Алардын тогузуна жүк артып, онунчусуна өзү минип алыптыр. Эро менен соодагер көлөкөлүү бактын алдынан кездешип, аптаптан коргологуча эс алып туруп калышты. Соодагер өзүнүн эшектерин саноого киришет. Санап-санап бир эшеги […]

Авар жомогу: Түлкү менен төө

Бир жолу төө талаада жайбаракат оттоп жүрсө түлкү анын жанына келип: — Эй ыйлаак! Менин жериме жайылгандай кандай акың бар? Көзүмө көрүнбөй жогол! — Кандайча бул сенин жериң?- буркулдады төө. — Ошондойчо! Бул жер мага атамдан мураска калган. Ага болсо чоң атамдан энчиленген. Эгер сен буга ишенбесең күбөнү чакырам,- деген түлкү карышкырды ээрчитип келди. — Эй, ийри тумшук! Сен эмне бөтөн бирөөнүн коругунда оттоп жүрөсүң? Бул күнөөң үчүн мен сени жешим керек!- деп ыркырады бөрү. — Туура кыласың, эң туура […]

Амирбек УСМАНОВ менен рухий кедейчилик туурасында сөз

«Бардык жакшы нерселер үчүн китепке милдеттүүмүн». Максим ГОРЬКИЙ Маектешибиз Амирбек УСМАНОВ акыркы чейрек кылымдан бери массмедиа тармагында эмгектенип келет. Анын ичинде 20 жылдан ашуун мезгил «Азаттык» радиосунда иштеп, 1995-жылдан бери Прага шаарында жашайт. Окурмандарга «Кабуснамени» орусчадан кыргызчага которгону маалым. О.э. «Чаувайдан Чехияга канат кагып» аттуу публицистикалык жыйнагы жана «Кыргызстандын тарыхы күбөлөрдүн көзү менен» аттуу китеби чех тарыхчысы Петр Кокайсл менен бирдикте жазылып, кыргыз, орус, чех тилдеринде жарыкка чыккан. (1-МАЕК)  – Амирбек байке, сиз ар дайым рухий көрөңгө издеп жүргөн адам […]