Саул Абрамзон: Кыргыз элинин чарбалык уклады

Кыргызстандын территориясынан табылган археологиялык көп сандаган эстеликтер бул жерде байыркы мезгилде эле бай жана ар тараптан өнүккөн маданият болгондугун айгинелеп турат, ал маданият Орто Азия кош өзөнүнүн аймагында, ага канаатташ жаткан тоо-талаа жерлеринде жашашкан уруулардын жана элдердин маданияты менен тамырлаш. Байыркы мезгилде жана орто кылымдарда Тянь-Шанды жана Памир-Алайды мекендеген уруулардын урпактары тигил же бул даражада кыргыз элинин курамына кирген, ушундан улам бул территорияларда мурда жашап өтүшкөн элдин чарбачылык турмуш, тиричилик жана маданият салттары менен азыркы кыргыз калкынын бул жагынан белгилүү […]

Нуралы Капаровдун жаңы ырлары

Нуракем жалындап телефон чалат кээде. Жөн чалбайт. Жөн эле убактыңды жеп телефон чалгандар канча. А Нуракем чалганда сөзсүз бир жаңы чыгарма баштап койгон болот же сыясы кургай элек ырын окуй турганын билем… Билем да чыгармасын кунт коюп угуш керек болот: интернеттен ташкөчүгүмдү көтөрөм же радионун жаагын басам. Агер ишим кызуу жүрүп аткан учур болсо, телефонун албай да коём. Кайра чаларын билем… Себеби көңүл уйгу-туйгу болуп ишке алаксып турган учурда жакшы чыгармага кунт коюш кайда. Андайда адамга куру сөз айтып көңүлүн […]

Амирбек АЗАМ уулу: Тарых биз менен жашайт…

“Рух Эш” интернет басылмасында Абдыкерим Муратовдун “Сунулган баш… Суурулган кылыч…” тарыхый романынан Маадаминбектин өлүмүнө байланыштуу үзүндү жарыяланды. Аалым-жазуучу бул романда белгилүү кызыл командир Мадаминбектин өлүмү тууралуу электрондук маалымат булактарында жана совет мезгилинде чыккан адабияттарды, анын ичинде Төлөгөн Касымбековдун айтылуу “Келкел” тарыхый романындагы маалыматтарды төгүндөйт. “Келкелде” Мадаминбек Тамаша кыштагында (бүгүн Кадамжай районунда) буктурмага кабылып, атышып жатып  өлөт. Мындай версия жаңылыш экенин “Азаттык” радиосуна 2012-жылы жарыяланган изилдөөмдө жазгам. (Караңыз:  https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_literature_history_madaminbek_death_research/24530238.html) Жана А. Муратов өз изилдөөлөрүнө таянып, Мадаминбек бүгүнкү Испайрам өрөөнүндөгү Шыгай айылында (Кадамжай […]

Үмүт КУЛТАЕВА: Миң сырдуу Сиань же адамзатка бийликтин кумарынын келиши

Сиань шаарынын алгачкы аталышы Чаң ан. Кытай тарыхында 13 династия мамлекеттин борбору болуп, (Бейжин борбор болгонго чейин) алгачкы Жибек жолунун ааламга сапарын баштаган жер. Ханзулардын даңазасы таш жарган гүлдөө доору – алтын кылымы Таң династиясы мезгилинде биздин ата-бабалар барып, элчиликтин үлгүсүн көрсөткөн жер. Кыргыз кагандарынын акылына азуусун айга бүлөгөн ханзу өкүмдарлары баа берген жер. Кыргыз тоолоруна окшош Лишан, Хуашан тоолору асман мелжиген көркөмү менен жер шарынын кооздугун даңазалаган жер. Адам акылын таңдандырган тарыхый окуялар  менен инсандардын тагдыр-трагедияларын камтыган, музейлердин мекени. […]

Сулайман КАЙЫПОВ: Сен кыргызсың, кыргыздыгың бил, кыргыз!

1. Өсөр эл өзүн сыйлaйт… Тегерете көз сaлып, aры жaк, бeри жaгыңды aйлaндырa карап көрсөң, кыргызым… Зaмaн бир aз өзгөрдү элe, кыргыздaн убaктылуу ooмaт кeтип, oрдo шаары чайпалып, ooп-төгүлө кaлды элe, сeнин жaкын туугaн дeгeн, дoс дeгeн элдeриңдин кaткaн сырлaры oңoй элe aчылып, кoюндaрындaгы кaтып жүргөн кoтур тaштaры этeктeринeн чуурулуп aгып түшүп кaлбaдыбы… Бир жaшырaр жeри кaлбaй, бaрдыгы aйдaн aчык, тaсырaйып, тaстaйып, чыныгы жүздөрү мүлдө журткa aшкeрe бoлбoдубу… Биз гaнa эмeс, бүткүл дүйнө астыртан көзүн сaлып, сынай карап: «Туугaн бoлбoй […]

Немис тилинен кыргызчаланган Генрих Гейне

Генрих Гейне – немис элинин Гёте менен бир катарда турган улуу акындарынын бири. Анын ырлары лирикалуулугу менен айырмалангандыктан Шуберт, Шуман, Вагнер, Брамс, Чайковский сыяктуу композиторлор Гейненин ырларына музыка жазышкан. Еврей улутунан болгонуна карабай жөнөкөй, жеңил, баарына түшүнүктүү тил менен жазылган ырлары аркылуу немис тилин жогорку деңгээлге көтөргөн. Фельетон, сын жазууда да ага теңдеш болбогон дешет. Улуу акын 1797-жылдын 13-декабрында Дюссельдорфто еврей көпөс Самсон Гейненин үй-бүлөсүндө туулган. Энеси Бетти (Пейра) билимдүү жана акылдуу аял болгондуктан уулу Генрихтин жакшы билим алуусуна шарт […]

Наргиза УЗАКБАЕВА “Биздин максат – Чыгыш адабияты менен маданиятын кыргыз элине таанытуу” дейт

Маектешибиз “Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясынын” жетекчиси Узакбаева Наргиза азыркы жаштардын арасынан зээндүүлүгү, зиректиги, кылдаттыгы, кала берсе жетекчилик сапаттары менен айырмаланып турат. Жаш болсо да илим-билимдүү адамдардан турган бир компаниянын жүгүн көтөрүп, кыска убакыт ичинде алдыңкы басма компанияга айланта алды. Айта кетүүчү нерсе, мындай Басма компания Кыргызстанда алгачкылардан болуп ачылган кытай адабиятын, тарыхын, искусствосу менен маданиятын кыргыз тилинде сүйлөткөн редакциялык топко айланып чыга келди. Кытайдын Харбин университетинен билим алып, билимин кыргыз жеринде, кыргыз элинин пайдасына иштетип жаткан келечектин жылдызы […]

Лу СИНЬ: Жиндинин күндөлүгү

Кытайчадан которгон Үмүт КУЛТАЕВА Чыгарманын автору жөнүндө кыска сөз Лу Синь (鲁迅, Lǔ Xùn), кытай адабиятынын тарыхында азыркы кытай адабиятынын негиздɵɵчүсү эсептелет. Ал ХХ кылымдагы улуу жазуучулардын катарында турат. Лу Синь – котормочу, редактор, сынчы, азыркы кытай адабиятында майда жанрды өнүктүргɵн жазуучу жана акын. 1930-жылдан баштап, Кытайдагы солчул жазуучулардын Шанхайдагы лигасын башкарган. Лу Синь солчул идеяны жактырып, партияга өтпөгөнүнө карабастан, Мао Цзедун өмүрү өткөнчө анын күйөрманы болгон. Лу Синь Шаосин шаарында (провинция Чжэцзян) 1881-жылы 25-сентябрда туулган, ысмын бир нече жолу которгон. […]

Кыргыз «кулактардын» антисоветчил пьесасы

Жогорудагы сүрөттө Украинанын Одесса облусунун Новодаровка кыштагында совет өкмөтү тарабынан сүргүнгө айдалган кыргыздардын өздүк көркөм чыгармачылык ийриминин артисттери. 1932-жылдын апрель айы. Херсон облустук мамлекеттик архиви. Бул Сталиндик репрессия кулач жайып, эл совет бийлиги тарабынан өз жана душман болуп, эки жаатка жиктелип турган кездин бир икаясы. Окуя 1931-33-жылдары Украинанын Одесса облусундагы Ново-Троицкий районундагы Новодаровка кыштагында болгон. Бул жерде бай-манап деп сүргүнгө айдалган кыргыздардын өздүк көркөм чыгармачылык ийрими түзүлүп, ошо кездеги актуалдуу темаларды чагылдырган ондон ашуун пьеса койгон. Өздүк көркөм чыгармачылык ийриминин […]

Өрттөлсө да ысымы өчпөгөн диниятчы

(Жогорудагы сүрөттө Ян Гус Констанц шаарында өрттөлүүдө. 6-июль 1415-жыл) Өткөн жылы Чехия даңктуу уулу Ян Густун өлгөнүнүн 600 жылдыгын белгиледи. Ян Гус католик диниятчылардын адеп-аклакка сыйбаган жүрүм-турумдарын тайманбай сындап, аларды ыйманга чакырганы үчүн тирүүлөй өрттөлгөн. Диниятчыларга жакпаган сөздөр 1415-жыл, 6-июль. Немистердин Констанц шаарында Ян Гус (Jan Hus) өрттөлдү. Сегиз айга созулган соттон кийин католик чиркөөсүнүн курултайы жалпы Европага таанымал диниятчыны Кудай жолунан адашты деп тапкан эле. А чынында Густун башкы күнөөсү өзү сыяктуу диниятчылардын адепсиз жосундарын эл алдында ачык айтып […]

Адеп аңгемелери: Тарыхка, мурастарга мамиле

«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Абдыкерим МУРАТОВ Мурда өткөндөрдүн өмүр кечирмелерин, турмуш жолун, калтырган мурастарын үйрөнүү, ошолордон үлгү алуу, алардын насаттарын пайдалануу – кийинки муундар үчүн өтө зарыл нерсе. Алдыга кетип аткан жолуңда сөзсүз артка бир кылчайып карап алуу зарыл, ошондо түз же кыйшык кетип баратканыңды сезип-туясың. Мындан туура бир кылым мурда Осмонаалы Сыдык уулу жазган: «өткөн калктардын алын билет. Кайсы коом кайсы уруктан, эмне өнөрү бар, эмне кесип менен оокат, тиричилик кылгандарынан, кандай дөөлөт (мамлекет) кандай балакеттерге кириптер […]

Сынакка: Менин шаарымдын тарыхы

Менин аты-жөнүм Турдалиев Нурэлес. Мен Кыргызстандын атуулумун. Мен он үч жаштамын. Кыргызстандын өнүккөн мамлекеттерден болушун каалаймын жана өнүгүшүнө өз салымымды кошкум келет. Ал үчүн ар бир адам өз элин, жерин сүйүшү керек. Менин сүйүктүү шаарым Жалал-Абад. Ар бир жердин аталышынын өз тарыхы бар. Илгери Жалал-Абад шаары жайгашкан жер ээн талаа болгон дешет. Эл үчүн жанын үрөгөн Мурзакул болуш калк кыдырып кетип баратып, бак-дарактарды отургузуп, гүлдөрдү эгип жүргөн баба дыйканды көрүп калат. Анын аты Жалал экендигин билет. Ачылып турган гүлдү, жетилип […]

Видео: Өмүрзак Кайыпов — Арстанбектен алп саптар (терме)

2014-ж. 20-август күнү “Арстанбектен алп саптар” аттуу терме тасманын бет ачар аземи болду. Мындай мазмундуу жана көлөмдүү терме Кыргыз маданиятынын тарыхында алгачкы жолу жаралды. Он үч мөөнөттүк тасма бир жарым жыл аралыгында тартылып, бир миллион сом сарпталган. Кылымдар бою чыкпай басылып келген бул чыгарма эл менен бийликти бирдей ойго чакырат. Ошондой эле жашоонун жыргалы — бийлик, мансап, байлык эмес, адамдык насил экенин даңазалайт. Арстанбек Буйлаш уулу 1824-1878- жылдары жашап өткөн. Учурунда карапайым эл ичинде өсүп, таланты менен Кокон хандыгынын бектерин […]

Төкмө ырчылар мектебинин калыптануу тарыхы

«Айтыш» коомдук фондунун 15 жылдыгына…  Ыраматылык Тууганбай Абдиев анда филармониядан иштен бошоп калган маалы. Ал кезде Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев өңдүү канаты жаңыдан жетилген төкмө ырчылар көчөдө ишсиз калышканы бар. Тукебиз болсо шакирттерин коргойм деп филармония деректиринин каарына өзү кошо кабылып, үчөө бирдей иштен ажыраган. Тукебиз кадимкидей депрессияга кабылып, мага датын айтып, интервьюбуз менин алгачкы чыгармачыл чыйырымды баштаган “Кербез” гезитине чыгып кеткенден кийин филармониядагылар чуу түшүп жатып калышкан. Ошол тушта Ашыраалы Айталиев да пенсияга чыгып, үй бурчуна камалып отурган кези. […]