Сулайман РЫСБАЕВ: Бир шиңгил аңгемелер

БАЛА – ПАДЫША Жайлоодо элек. Бекиш чоң  ата ак сакалын бапайтып, үйгө  келип калды. Экиге жаңы чыккан Темирлан уйкудан көзүн ушулап тура калып, колун созду. Бекиш чоң ата аны  эркелете жыттап бооруна кысты. Бүкөн апа төргө тасмал жасты. Кымыздан куюп,  чоң атага чыны сунду. – Мака дакы бе-ейчи…– деди Темирлан чыныны талаша, колун созуп. – Азыр, балам… Биринчи чоң ата ичсин да…– деди Бүкөн апа ыңгайсыздана. Бекиш чоң ата чыныны өзү албастан, наристе баланын кош колуна карматты. – «Бала — […]

Лаура ЛАКАМАРА: Апамдын ыры

Англис тилинен которгон Амирбек АЗАМ уулу АҢГЕМЕ (Сүйүүсү жүрөгүмдү ырдаткан сүйүктүү апам Адриага арнайм). Менин апам ырдаганды аябай жакшы көрөт. Анын ыры дайыма ар күнкү жашообуздун эң бактылуу бөлүгү эле. Бирок мен жети жашка толгонумду майрамдаган күндөн кийин баары өзгөрдү. Ал күнү мен мектептен үйгө келсем, куурулган бака жалбырактын жана кара буурчактын таноо кыткылаган жыты абада калкып туруптур. Апам өзү сүйгөн «Кармен» операсынан бир арияны созолонтуп ырдап жаткан экен. Мен ашканага чуркап кирип, таң калып, муздай селейип калдым. Апам абада […]

Данияр ИСАНОВ: Жан

ЭССЕ – Жан деген түбөлүк! Кой, ыйлаба, айланайын! Кайрат кыл! – деди. Карасам, катарымда Сатылган молдо баратыптыр. Менин баятан бери мөгдөп ыйлаганымды көрүп, Сатылган молдо колумдан аяр кармай: – Жан деген түбөлүк! – деди, кайра кайталап, жерди тиктей оор улутунуп. Көздөн жашым көл-шал болуп төгүлүп, асман кулагандай боло түштү ошол мүнөттөрдө. Кыштын кыраан чилдеси болчу. Бир топ күндөн бери тийбеген Күн ошондо тийип, асман чайыттай ачык болгону менен менин асманым кулап… Турмуштун бороону тула-боюмду каптап, жан дүйнөм алгачкы ирет аңтарылгандай […]

Насыпбек АСАНБАЕВ: «Бейишке кирбей күтөм…»

— Таяне. — Оу балам. — Телефонуңуз качан оңолот? — Менин телефонум оң эле балам. — Балким өчүп калгандыр. — Жок, күнүгө эле токко сайып атам. — Кечээ өчкөн жок беле, таяне?