Султан РАЕВ: Ириң

АҢГЕМЕ Ириң. Улуу сөздө уят жок. Как эле жоон куйрукка чыкты. Чыкканына канча болду, эч ким билбейт. Ириң чыккандан бери жоон куйругу да бир жерге орун басып, жартытарлык отура элек. Отурса эле жини когу аралашып, теринин алдында жайгашкан жеринен атылып чыкчудай. Тери алдында дененин бир учунан бир учуна ылдамдык менен жүрүп турган кан да ушерге келгенде, тушалган күлүктөй тык токтойт. Ириңдин кыйындыгын көр, агып келген таза кандын жолун бууп, ак кочкул ириңге айлантат. Көрсөң, ириңдер да чогулуп алып, тери алдында […]