Улукбек ОМОКЕЕВ: Кечирейин, силер да кечиргиле!

ТУРАТ ЭКЕН КӨТӨРҮП Булак жактан сокмо жолдо кече күн, Булдуруктап сүйлөп сөздүн шекерин. Бакан менен суу көтөргөн апанын, Бала келет бекем кармап этегин. Бала келет ылай жолдо жыгылбай, Бал сөздөрү кээде угулуп-угулбай. Чака келет бакандарга илинип, Апа келет ак маралдын сынындай. Тагдыр жолу таза, тунук өмүрдөй, Ийиндерде оор салмагы сезилбей. Чагылышып жазгы күндүн нуруна, Суу келатат чайпалбай да, төгүлбөй. Төгүлбөгөн суу – бул бала, үй-бүлө, Аны ападай албас эч ким сүйдүрө. Тең салмагын бузбай ушул дүйнөнү, Турат экен алар асып […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Банкрот жана «бактылуу аял»

АҢГЕМЕ Кум аралаштырып, суу чачып жүн алган күндөрүмдү, таразага магнит чаптап кардар алдаган күндөрүмдү эстедим. Кудайды эстедим. Кудай мени жазалаганын билдим. Кыяматтын сурак таразасын ойлодум. Бармагымды эмес, тишим жетсе чыканагымды тиштегим келди. Далдырап, чек арада жүрдүм. Айырмасы чоң болгон үчүн уйгурларга барып “баасын көтөрүп койгулачы” деп жалдырап сурандым. Өз элимди алдап келип өзгөгө алданганыма ардандым. Арзан мейманканада кирдеген шейшепти көз жашым менен жуудум. Далдырап басып жүрдүм… Күнүгө кампага барам. Укканым баягы эле жооп. Айлам кеткенде алардын айтканына көндүм. Тери, жүндөр […]

Садир ДОСБАЕВ: Дворниктердин аңгемеси

— Салам Алейкум. Иш илгери. Кайран, эртелетейин деген экенсин. — Уа алекиге салеки, сартым келдиңби? Аяштын колунан бошоно албай аттыңбы? Маша кеч келгениңи көрүп калса тайенеңи таанытат. Айлыгыңан штраф демиш болуп кармап калат. — Катындан коркконду тапкан экенсиң. Силер аркалыктар катыныңардан коркосуңар. Катындарыңар беттен алганда тешик таппай каласыңар го. Биздин аялдар жүдаям назик болушат. Ха-ха-ха.. — Ха-ха-ха. Эсиңен чыга элек экен. Ошондо аяш көрүп калса Марат энесин гана көрөт эле. Жакшы подвалга жашырып койдуң. Айылда кантип атышты экен десең. Ичип […]

Өмүрбек КАРАЕВ: Кийит

АҢГЕМЕ Кыргыз деген кызык эл. Каада-салты эң эле көп. Заман өзгөрөбү, муун алмашабы — кеп эмес. «Эл эмне дейт» деген карандай сактаныч баш мээни эзип турат. Каада-салт сактоонун бараандуусу кийит кийгизмей шарапаты. Кийит кийгизүүнүн даражалуу да, туздуусу да кыз алып бала үйлөнткөндө, болбосо кыз берип куда күткөндө жасалчу жөрөлгө. Өзгөчө кыз берген тарап не сыйлуу, не даражалуу болот. Маркабайдын алты кызы бар эле. Жоро-жолдоштору айтып калчу: «О сага пенсияга чыгып өкүмөттөн акча үмтөтүп деле кереги жок, улам бир кызыңды узатып […]

Лао МА: Кыялдын аткарылышын кайгы менен тосуп алуу

Кытай адабиятынан Которгон Назгүл ОСМОНОВА АҢГЕМЕ Талаанын баарын рапс гүлдөрү алтын түскө боёгон сымал. Күн жадырап тийген сонун күндөрдүн биринде Ло Тяньхун ата-энесине деңиз жээгиндеги жаңы үйгө көчүүгө жардам берип жүрдү. Жыйырма жыл мурда, Ло Тяньхун ата-энесине терезеси деңиз менен тоолорго карай ачылган кооз үй сатып берүүнү убада кылган. Ал чын дилинен алардын бактылуу карылыгын камсыз кылгысы келген. Кыялында көп жолу ата-энесинин көзү кубанычтан жашылданып, экөөсүнүн жээктеги жаңы үйүнө кандайча басып баратышканын элестеткен. Ал эмдигиче атасынын сөзүн эстеп жүрөт: “Сен […]

Антон Чехов: Почта бөлүмүндө

АҢГЕМЕ Которгон Догдурбек ЮСУПОВ Жакында биз карыя почтмейстер Сладкоперцевдин жаш жубайын акыркы сапарга узаттык. Көрүстөнгө коюлгандан кийин ата-бабалардын салты боюнча ага көңүл айтуу үчүн почта бөлүмүнө жөнөдүк. Баарына тамак куюлгандан кийин жесил-карыя булкулдап ыйлап жиберди да, мындай деди: – Мобу токочтун да маркум сыяктуу көрктүүлүгүн карагылачы. Дал ошондой сулуу! Тим эле өз-зү-ү! – Чын эле, – деп бардыгы макул болушту. – Сиздин жубайыңыз чын эле сулуу болчу… Биринчи сорттогу аял эле! – Ооба… Ага бардыгы суктанчу… Бирок төрөлөр, мен аны […]

Келки жолдогу өмүр

АҢГЕМЕ  …Бу ой деген азаптуу нерседен качып кутула ала турган күн жок окшобойбу. Күзгү муздак нөшөр сымал адам мээсине тынымсыз куюлат да турат. Же бир жыргаткан, эч болбоду дегенде маңдай жылыта турган ой болсочу. Баягы эле мөмөлөрү эчак терилип, сарбариктери күбүлүп, шопоюп турган жалгыз даракты элестеткен жагымсыз ойлор. Ошолорду жомоктогу кырк кулач чачтуу кыздын жайылган чачындай чубалжыта сүйрөп, жолго төгүп-чачып, коротуп, жай басып келатты. Ал түгөнгүр, эзели бөксөрчүдөй эмес. Антмек тургай, кайра арбып, ашып-ташып келип, биротоло каптап кетчүдөй. Келатып, түшүнүксүз […]

Кеменгердин керээт кеп

Кубатбек БАЙБОЛОВ  АКСАКАЛДАН НАСЫЙКАТ  Байлык – колго кармалбаган шамал. * * * Коомдо бардыгын мыйзамга такап, мыйзам менен эрежелештиргенден өткөн коркунуч жок. * * * Кызматтан алынгандан кийин көзү ачылгандарга такыр ишенбейм.

Маркумдардын маеги: Унутулбас сокмо жол

ӨНӨРКАНА Арабызда бүгүн Мурза Гапаров да, Алым Токтомушев да жок. Экөөнүн тең көздөрү өтүп кетти. Экөө 2001-жылы «Агым» гезитинде «Гяпкана» рубрикасын ачып, адабият-маданият жаатындагы өтө талылуу жагдайлар туурасында сандан-санга сукбат куруп суктандырышкан. Мурзакенин өлөр алдындагы эң мыкты маектеринин бири ошол маек болуп калды… Кийин аталган маекти талантуу жазуучу, белгилүү публицист агабыз Абдыкерим Муратов «Сулуулуктан – улуулукка. Мурза Гапаров баяны» аттуу китеп түзүп чыкты. «Коом жана Мен» сайтынын окурмандары үчүн Алым Токтомушев өзү иштеп берген «Жаңы Ала-Тоо» журналындагы вариантын сунуш кылууну эп көрдүк. Андагы маектешүү өткөрүлгөн […]

Абдыкерим МУРАТОВ: «Оро»

Аңгеме-жанытма Ак калпагын баса кийип, калаанын өзгөргөнүнө таңыркай келаткан. Ананчы, өзгөрөт да, анда Прунзе эле, эми Бишкекпи, Быштакпы, иши кылып башкача болуптур. Болгону курусун – жазууларын түшүнбөйт. Машиналары да, кишилери да бөлөкчө болуп кетиптир. «Күп!» Бир убакта ал суу түтүктөрүн алып өткөндөр текшерип туруу үчүн атайын койгон чуңкурчага – орого түшүп кетти. Өзү да билбей калды кантип түшүп алганын. Ушунчалык сасык экен – «фу!». Таштанды толтура, табактай гана жерден асман көрүнөт. Буердин асманы да башка, киргилт, суз. Төбөдөн көз албайт, […]