Жылкычы ЖАПИЕВ: Сыйкыр сөз

ЖОМОК Айбек атасына күндө жомок айтып бер дейт. Атасы билген жомокторун айта берип, анысы түгөнүп калды. Дагы бир күнү жомок айт деп кыйнаганда атасы жомогун баштайт: – Илгери бир кемпир болуптур. Кемпир тоодо жашачу экен. Ал кемпирдин танкасы болуптур… – Кемпирдин танкасы болбойт. Андай эмес,– деди Айбек атасынын сөзүн бөлүп. – Танка тоого кантип бармак эле? – А, болуптур,– деди атасы,-–мен унутуп койгон турбаймынбы. Чын эле танка тоого чыга албайт да. Анда кемпирдин вертолету бар экен. Кемпир вертолётун айдап, асманга […]

Түлкү, жолборс, аюу, карышкыр

Кыргыз жомогу Жолборс, карышкыр, түлкү, аюу — төртөө жолдош бодду. Тапканын ортого салып, оокат кылмакка убада кылышты. Анан жолдо келатышып, төөгө кезигишти. Төөнү да «бизге жолдош бол» деп кошуп алышты. Узак жол жүрүп, курсактары ачты. Түлкү анан мындай масилет кылды: — Ии,  бул төө  ынаса,  баасын  он  койго  чегерелик.  Жазында  ар бирибиз экиден кой десек, бул турган төртөөбүз сегиз кой тийет. Эки кой өзүнө эсеп болсун, ушуну менен баасы тынат,- деди. Түлкү бул кепти баштап коёру менен төөнү карызга союуну […]

Түлкү менен Турна

Украин жомогу Күндөрдүн бир күнүндө Түлкү менен Турна токойдон кезигип, достошуп калышат. Түлкү Турнаны конокко чакырат: – Кел, – дейт, – Туке конокко. Сый көрүп кетиң. Колуман келишинче сыйымды кылайын. Сенден аянат белем. Муну уккан жан конок болгусу келбей коёбу! Турна конокко барат. Түлкү буламык бышырган экен. Анысын жалпак табакка шыбап-шыбап алдыга тартат. – Айланып кетейин, Туке, алып отуруң, – дейт. Турна табакты тумшугу ченен чокулап, чокулап отуруп калат, жумуруна жук жетпейт. Түлкү болсо жаланып-жуктанып буламыкты калтырбай шыпырып жейт. Жаланып […]

Тоголонгон токоч

Белорус жомогу Кыштакта эки абысын токоч бышырат, жегенге даяр болордо «токоч кимибиздики» деген эки катын кыжыңдаша кетет. Тигиниси да, мунусу да токочту бөлүшкүсү келбей, өзү ээлик кылмак болот. Бири чыгат: – Токоч меники! – Каңкылдаба, меники! – экинчиси аңкилдейт. – Мен да бышырдым, токоч меники! Экөө чачташар болуп калганда не болду дебейсиңерби? Токочтун буту пайда болду, мына анан көмөчтандан секирип түшүп, тоголонуп жөнөдү. Токоч тоголонуп тоголонуп качып, түлкүнүн үстүнөн секирип өттү. – Йе, токоч, кайда качасың, кайда шашасың? – шилекейин […]

Маралдын таарынычы

Алтай жомогу Жашыл адырлардан ашып, кара токойго кызыл түлкү күйүгүп жете келди. Ал али өзүнө ылайыктап ийин каза электе эле бул жердин бир жаңылыгы кулагына шак угулду – буердин падышасы аюу алдан-күчтөн тайып, аябай карыптыр. Муну угары менен жаңы келген түлкү бүт токойду жаңырта кыйкырат: — Ай-яй-яй, балакет бизди басканы калды! Аксакалыбыз күрөң аюу өлүм алдында жатат! Анын алтын түспөл жүндөрү түлөп түшүп, курч тиштери оозунда калбай, буттарынын кубаты кетти. Болгула, келгиле, чогулгула, масилет куралы: күрөң аюунун ордуна биздин токойдо […]

Мамалак баккан түлкү

Фин жомогу Аю өзүнүн мамалактарын бактырмакка «нянька» издеп жөнөйт. Токойду аралап жүрүп, карышкырга кезигет. – Кайда жөнөдүң, Аюке? – дейт кашабаң. – Мамалактарымды карай турган бирөөнү табыш керек эле, – дейт күрпөң аю. – Мени деле «нянька» кылып алың, – дейт карышкыр күнк-мыңк. – А сен ырдаганды билесиңби? – аю кызыга түшөт. – Албетте, ырдайм, – карышкыр ошол замат уңулдайт: – У-у-у! У-у-у! – Эй койчу, сеники жарабайт, үнүң ачуу экен, – аю андан ары жолун улайт. Алдынан коён жолугат. […]

Көнөчөк кийген түлкү

Кыргыз жомогу Илгери  бир  кемпир-чал  болуп,  алардын  жалгыз  кара  ую  болуптур. Уюн саап, сүтүн ичип, каймагын каттама кылып жеп күн көрүшчү экен. Кемпир табакка жыйнаган каймагын тактанын алдына койчу. Муну бир шум түлкү байкап калып, күн алыс келип жеп кетчү болот. Кемпир аны мышыктан көрдү да каймакты оозу тар көнөчөкке салды.

Түлкүнү алдаган Короз

Шотланд жомогу Куйругун булаңдаткан, көздөрү шойком калтар Түлкү бир күнү байкатпай жортуп келет да, фермердин чарбасындагы семиз чаар Корозду бурдай сугунуп зыйт коёт. Мына анан, ызы-чуу салгандын баары уурунун артынан калбай жүгүрөт! Сая кууйт! Түлкү буту үзүлгөнчө тызылдап качып баратып да Корозду коё берер түрү жок.

Кырдын кызыл түлкүсү жана сыгырган-чөп үйгүч

Алтай жомогу Көк кашка булактын боюндагы таштардын коңулунда бир кичинекей сыгырган[1]-чөп үймөктөгүч жашаптыр. Ал жанындагы башка кошуна сыгыргандар сыяктуу эле тиши менен чөп кертип, анан аны бир жерге ташып келип үймөктөчү. А булардын турагынан өйдөрөөктө кырдагы жайытта тоонун кызыл түлкүсү турак кылчу. Бир күн аба айнып турганда ошол түлкү карды ачып ууга чыкты. Түлкүнүн шырп алдырбаган доошун, анын жагымсыз жытын сезип сыгыргандын баласы башын ары-бери чулгап, кыйкыра баштады: — Сыйт! Сыйт! Түлкү келатат!

Азуулуу болбойт күнөөлүү

Жан де Лафонтен (1615-1695) ТАМСИЛОГРАФИЯ Аңтарылып кара жер, Асман кулап түшкөндөй… Айбанаттар дүйнөсү, Аябай суук кеп укту: — «Башкаларды жегендер», «Баш күнөөлүү» — аталып, «Башы кетет», — деп укту. Карышкыр угуп калчылдап, Түлкү калды түштөнбөй. Жору-кузгун жоголду, Жомок жашоо бүткөндөй.

Түлкү менен арстан

ЭЗОП  Тамсил  Өмүрүндө арстанды көрбөгөн түлкү болуптур. Бир күнү ал арстанга капыл-тапыл кезигип калып, коркконунан жаны оозуна кептелиптир. Экинчи жолу да арстандын бет маңдайынан карп-күрп кезигишкен бечаранын жүрөгү «болк» дей түшөт, бирок мурунку көргөндөгүсүндөй анча коркпойт. А үчүнчү жолу кездешкен жерден арстандын алдында шердене түшөт. Ал тургай жанына жакын шыңаарлап барып сүйлөшкөнгө батынат. Тамсилди баамдасак, көрсө биз турмушта да баардык коркунучка көнүп кетет экенбиз.

Эзоп

Бүркүт менен түлкү  Бүркүт менен түлкү достошуп, экөө достугубуз бекем болсун дешип, ынтымакта жашоо максатында коңшу да болуп алышат. Бүркүт асканын башына уя курса, түлкү да ошол асканын түбүндөгү дарактын коңулуна бачикилерин[1] тууйт. Бирок бир күнү түлкү ууга чыгып кетсе, бүркүттүн курсагы ачканда баягы дарактын коңулундагы түлкүнүн бачикилерин балапандарына көтөрүп барып, баарылап жеп алышат. Түлкү кайтып келери менен не болгонун түшүнүп, ичи сыздап кала берет. Бачиктеринен айрылган күйүтү аз келгенсип, эми эчбир өч алууга мүмкүн эместигин ойлогондо – ызасы күчөйт. […]