Ба ЖИН: Ажыдаар

ЭССЕ Мен көп түш көрөм. Көбүнчө түшүмө караңгы түн кирчү: асманда жылдыз жок, айланада ай нуру жок. Бир жолу ажыдаар кирди. Бийик тоо боорундагы калың токойду аралап жүрүптүрмүн. Колумда мени коргой турган темир таягым бар экен. Темир таягым мени токой ичиндеги ийнелүү дарактан, чөөлөр менен карышкырлардан коргонууга жарап, тоо бийиктигине көтөрүлө бердим. Бутумдагы камыш чокоюм саз менен кирген сууга чөктүрбөй, «суудан кургак алып чыкты». Жолдо баратып саздан эки көзү кыпкызыл фонардай жаркыраган, башында мүйүзү бар желмогуз көрдүм. Чоңдугу эки-үч кишинин […]

Анвар АМАНГУЛОВ: Багыш

АҢГЕМЕ Аксаргыл түстөгү айбандын жат жана жагымсыз жыты «бур-р» этип мурунга урду. Алдар алынын жетишинче эки колдоп ага жармашты, бирок колго илинер эч нерсе болбогондуктан ал акырындап капталга жылмышып баратты. Багыш да бир жолу октос берди эле, Алдар араң кармалып калды. Күңүрт демиккендик кышылдоо менен коштолгону айбанаттын арбайган мүйүздүү чоң башы көрүнгөн тээ алды жактан угулду. Алдардын жаны оозуна келе түштү; таштай түйүлгөн булчуңдарынын диртилдегенин сезип, ал коркконунан аз жерден сийип коё жаздады. Багыш ар бир кадамы сайын аны экчеп, […]

Рум падыша менен Турум падыша

Кыргыз жомогу Илгери, илгери бир Турум деген падышанын баласы куш салып кечинде үйүнө кайра келатса, ак тайлак минген бир кыз алдынан чыгат. Бала сайт: — Кайдан келатасың, атың ким? Кыз жооп кайтарат: — Мен Рум падышанын Каракөз айым деген кызы боломун, мени издеп таап ал,- деп ак тайлакка камчы салып жөнөйт. — Кара кашка аргымагым куусам жетет, кармап эле алайын -дейт да бала кызды кууйт. Бирок ал жерден чаң бурк этип, бул жерден чаң бурк этип, бала жетпей калат. Турум […]

Олжобай ШАКИР: Жашыруун нике

АҢГЕМЕ I Уулу менен кызынын бөлмөсүнөн угулган дабыштан улам Качкын ууру мышыктай болуп каалгадан башбакты. Анар керебетинен жаңы эле туруп аткан экен. — Кызым турдуңбу? Жакшы уктадыңбы? — Иги… уктадым. Түш көрдүм ата… айтып берейинби? — Айта гой… айт. Кана…

Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылык сыры

Рысбек ЭШМАТОВ, адабий сынчы АДАБИЯТ ТААНУУ Кыргыз адабиятында терең психологизмге каныктырылган чыгармалар жазуучу К. Жусубалиевге таандык. Жазуучунун кыргыз прозасына кошкон жаңычылдыгы – өнүккөн адабияттарды өздөштүрүү аркылуу модернисттик, постмодернисттик дүйнө таанымды, стилдик өзгөчөлүктөр менен ыкмаларды кыргыз прозасынын топурагына көчүрүп келгени. Бул көрүнүш анын «Муздак дубалдар» романында айрыкча терең байкалат. Романда жазуучу «өзүн өзү талдоо» (самопознание, самоанализ) ыкмаларын жакшы колдонгон; бул болсо батыш адабиятында «аң-сезим сели» (поток сознания) деп аталган адабияттагы агым, ыкма катары белгилүү. Бул агымдын ири өкүлдөрү болушкан Марсель Пруст, […]

Аян жана баян

Мындан эки миңдей жыл илгери пайгамбармын деп зикир чалган дубаналар өтө көбөйүп кеткендиги тарыхтан белгилүү. Азыр да ошондой тенденция байкалууда. Олуямын, көзү ачыкмын, арбактар менен сүйлөшөм, тагдырыңды айтып берем, жолуңду ачам, душманыңды алсыратам, каалаган аялдын (же аялга – эркектин) башын айлантып берем дегендер толуп кетти. Мындай майда «чайкоочулардан» тышкары дин менен бакшылыкты аралаштыра чоң саясатка колдонгондор да чыгууда. Маданий чөйрөнүн мавродилери элдин карайлап турган абалынан кыянат пайдаланып жатат. Ошондуктан аян, түш, эргүү сыяктуу кубулуштардын табияты жөнүндө чогуу ой жүгүртүп көрүүнү […]

Насыпбек АСАНБАЕВ: «Сыйпалама экран»

Сатира Заңгыраган бөлмө ичинде отурушуптур. Ортодо китеп-журналдар чачылган стол турат. Төрдө Аскар Акаев адатынча жадырай күлүп бир нерселерди сүйлөп аткандай. Жанында болсо адамды тымызын сынай тиктеген Майрам Акаева. Экөөнүн тике маңдайында Алтынбек өзү отурат. Эмнени сүйлөшүп аткандары эсинде жок. Аңгыча эле Алтынбек чөнтөгүнөн талпыйган сыйпалама телефонун сууруп чыгып, чукулап калды. Баятан унчукпай отурган Майрам ушул жерден кепке аралашты. — Алтынбек Сулайманов, телефонуң сонун го тим эле, — суктанганы же какшыктаганы белгисиз. «Албетте сонун болот да» деди берки ичинен. Бирок сыртынан […]

Калчоро КӨКҮЛОВ: «Эски там»

АҢГЕМЕ   1. Там деле эскирет экен тобоо. Айтмырза ушуну билбептир. Жок. Билерин го билчү. Бирок кайсы бир замандарда өзүнүн тамы эскирип, башына түйшүк болорун билбептир. Азыр минтип, ал-күчтөн тайыган кезде өзү менен бир карып, өчөйүп араң жаны  турат.