Лайли Үкүбаева: Сагындын сагындырган кайрыктары

(Сагын Акматбекованын «Күүгүмдөгү күү» ыр жыйнагына адабий анализ) 70-жылдары кыргыз поэзиясынын астанасын аттаган акын кыздарыбыздын бири Сагын Акматбекова кылым тогошоор мезгилде «кайрык кылып каткан көңүл черлерин», не бир мукам, үлбүрөгөн, не бир шайдоот шартылдаган ыргактарга салып, «Күүгүмдөгү күүсүн» чертип, сагынган окурмандарына кайрадан дагы жолугушууга келип олтурат (С.Акматбекова. «Күүгүмдөгү күү». — Бишкек, 1998). Балалык, жаштык, кумарлануу кези, «Учу жыңсыз улуу турмуш чакырган» мезгили келип калганынан кабар берип, окуучусуна жаз жамгыры болуп төгүлгөн алгачкы ыр жыйнагы «Жамгыр» (1970) чыккандан бери отуз жылга […]

Түрктүн улуу акыны Назым Хикметти Кожогелди Култегин түрк тилинен которду

КӨК КӨЗ ДӨӨ ЖАНА КИРБИЙГЕН АЯЛ Килейген бир… көзү көк Дөөнү айтайын, кирбийген бир аялда көөнү ансайын! Боюнан чоң ойдо аял жүрбөгөндүр – болсо дечү кичикий үйүм менин, болсо дечү шилбиси гүлдөгөн бир! Дөөдөй-Дөөдөй сүйүүсү кабатталып… тоодой-тоодой иштерди так аткарып… куурагыр Дөө майда ишти сүйбөгөндүр – курганы жок кичикий үйүн анын, кулпурткан жок шилбисин гүлдөгөн бир. Килейген ал… көзү көк Дөөнү айтайын, кирбийген бир аялда көөнү ансайын! Кирбигийи чарчады тең баса албай. Ким жүрө алат Дөөлөрдүн жолу менен?! Кичине үйгө […]

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: Легендага айланган Мидин

Депутаттан демилге I Кайран Мидикең айткан сөзү да,… өзү да,… кылган кылыгы да,… жазган ыры да легендага айланган кыргыз элинин залкар акындарынын бири. Биз анын кадырына жеттикпи, жетпедикби билбейм. Көзүнүн тирүүсүндө өзүнүн эмгегине тете бааланбаганы чындык, бирок элибиз дайым көкүрүгүнө көкөлөп, китепке кирбей калган ырларын ооздон-оозго атылып, эл оозунда аңызга айланган акындардын бири. Токтогул менен Тоголок Молдо, Нурмолдо менен Калыгул, кийинчиреек Мукай Элебаев менен Аалы Токомбаев, Жоомарт Бөкөнбаев менен Алыкул Осмонов согуштан кийинки учурда Мидин Алыбаев менен Райкан Шүкүрбековго келип […]

Назым Хикметтин тандалма ырлары

(1902–1963) Түрк акыны, коомдук ишмер. Түрк ак сөөгүнүн үйбүлөсүнөн. Ырлары 1917-жылдан жарыялана баштаган. 1921-жылы СССРге келип, чыгыш элдеринин коммунисттик университетинде (КУТВ) окуган. 1924-жылы Түркияга кайтып, революциячыл гезит-журналдарда иштей баштаган. Тунгуч ырлар жыйнагы Бакудан жарык көргөн. Революциячыл чыгармалары үчүн көп жолу түрмөгө түшүп, 1938-жылы 28 жылга кесилген. Өмүрүнүн 17 жылын түрмөдө өткөргөн. Дүйнө элинин кысымы менен 1950-жылы камактан бошотулуп, бир жылдан кийин кайра камалар болгондо СССРге качып, өмүрүнүн акырына чейин Москвада жашаган. Назым Хикмет түрк поэзиясынын мазмуну менен формасын түп тамырынан […]

Табылды МУКАНОВдун тандалма ырларынан

* * * Сен сулуу, таксидейсиң: бир көргөн адамыңа шарт ачып кучагыңды «Айда!» дейсиң. «Кайда?» «Каалаган жайга!» дейсиң. Тилегим тилегиңе бир да коошпойт: таксиге кимдер түшпөйт, таксини кимдер тоспойт… ЧОК Сен дегенде ичтен кайнап самоордой жүрөм сыздап… калп эле элге жаркырап… Өзөгүмө салган чокту утуру үйлөй берип тутандырдың менде өчүң барчылап. «Кайнап өл» деп, «Күйүп өл!» деп каргадыңбы ичиңден, ал чок эми шыркыраган ак жалынга айланып, жылдызымды куйкалоодо. Кичиргем. Өзөгүмө түшүп жатат дагы эле чок тутанып сенин ар бир сөзүңөн, […]

Акындын тагдырында — Ысык-Көл

«Кыялымда көл турбаса шарпылдап, Ырларымда анда кандай касиет…» Кыргыз бермети Ысык-Көлсүз Кыргызстандын табиятынын толук сулуулугун элестетүүгө мүмкүн болбогондой эле, акындардын алпы Алыкулсуз кыргыз поэзиясы жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес. Бул эки көрүнүш, бул эки кубулуш бири поэзияда, экинчиси табият дүйнөсүндө биринин тереңдигине экинчиси, биринин бийиктигине экинчиси далма-дал келген, теңме-тең келген, илимдин тили менен айтканда бири-бирине конгениалдуу көрүнүштөр, конгениалдуу кубулуштар. Эң кызыгы, бул эки көрүнүш эриш-аркак айкалышып бирин-бири толуктап, бирин-бири ачып, бирин-бири жаратып, рухий жактан бир бүтүндүккө айлангандыгында. Эгер Ысык-Көл болбогондо, […]

Өнө бойду өрлөгөн ыр

Мусакун САТЫБАЛДИЕВ – кыргыз адабиятына келген өзгөчө феномен. А мүмкүн дүйнө адабиятында жок. Мусакедей тагдыр кечирген, Мусакедей төрт дубалдын ортосунда өмүр бою кадалган Адам дүйнө адабиятынан кезикпес чыгар. Бала күнүнөн тубаса майып болуп төрөлгөндүктөн, элге окшоп мектеп босогосун аттабаса да онтоткон оорусуна карабай 12-13 жашында өз алдынча тамга таанып, адабият астанасын аттаган жан бу дүйнөдө болду бекен?! Алты саны аман жүргөн адамдарда жок кайратты Мусаке кайдан алган?! «Өзүмдүн жандүйнөмө канат жасап,\Кайгыны тебелейм да, кээде күлөм»\ – Мындай саптарды биз жөн […]