Конфуцийдин дүйнөгө кеңири тараган ойлорунан

“Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясы тарабынан “Конфуцийдин дүйнөгө кеңири таралган ойлорунан” аталышындагы китеп басмага даярдалды. Улуу ойчулдун кытай тилинен которулган учкул ойлору окурмандарыбыздын чоң кызыгуусун жаратарына ишенебиз. Адамгерчилик Жакшы адам байкабастан адамгерчиликке жатпаган иш кылып коюшу мүмкүн, ал эми жандүйнөсү пас пенде эч качан адамгерчиликке бара албайт. * * * Эгер өзүңдү боорукер адаммын деп эсептеп, буга жараша  турмушта өз ордуңду издеп жүргөн болсоң, анда бул максатыңа жетиш үчүн ушундай эле мүдөө менен жүргөн башка адамдарга жардам беришиң керек. […]

Айылчы САРЫБАЕВ: Алым карарган деңиздеги агарган толкун болчу!

«Карарган деңиз, агарган толкун» А.Токтомушев Мезгил билинбей өтүп, Алым Токтомушевге эскерүү жазып бересизби деп Олжобай телефон чалса, Алымдын жок экени ошондо эсиме түштү. Көп эле Алымды жакындан билген билбеген адамдар ар кандай деңгээлде ойлорун айтып, Алым Токтомушевдин элесин колдон келишинче ар тараптан чагылдырууга аракет кылгандарына чоң рахмат. Алым экөөбүздүн байланышыбыз айылда окуп жүргөндө жок болчу. Ал менден бир класс жогору окугандыктан жана ылдыйкы «Кызыл Кыргызстан» деп койчу биринчи бригадада жашагандыктан мамилебиз сый болчу. Алымдын теңтуштары башка, меники башка эле. Менин […]

Ба ЖИН: Менин жүрөгүм

Автор тууралуу  Кытай адабиятынын корифейрлеринин бири, кылым карыта жашап (1904-2005), элине нар көтөргүс адабий мурас калтырган Ба Жиндин 26 томдон турган прозалык чыгармалары: роман, повесть, аңгеме, новеллаларынын ичинде эссе жанрына да татыктуу орун берилген. Тилекке каршы, өз коомундагы саясый жана социалдык маселелерди курч чагылдырган анын эсселеринин котормосу өтө сейрек. Жазуучу мекенчил сезимге сугарылган эсселеринде жеке адам тагдырын ХХ кылымда оор жана татаал окуяларды баштан кечирген улуу Кытай мамлекетиндеги социалдык окуялар фонунда сүрөттөйт. Коомдогу теңсиздикти сындап, карапайым элдин жакшы жашоосун эңсеген […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Шоола жеңе

АҢГЕМЕ Шоола жеңебиз! Жаңы келин болуп келгенден бүгүнкү күнгө чейин, тууган-туушкандардын кыздарына үлгү. Тамак-аштын таттуулугу, жакшынакай тигилген кийимдер, таза мамиле жөнүндө сырдашсак эле Шоола жеңенин ысымы сөзсүз аралашып кетет. Ар бирибиздин көөдөнүбүздө жеңебиз менен сыймыктанган мактаныч орногон. Мынакей, мен да өзүмчө мактануудамын. Жеңебиздин оозу-мурдун чүйрүбөй, жайдары созулуп сүйлөгөнүн Элнур туурап бой жетти. Азыр ал кайын-журтунда барктуу келин. Кышында жука жоолукту үлпүлдөтүп алдынан байлап салынганын мен үйрөнүп алгам. Эми дагы баскан-турганына байкоо салып жүрөбүз. Карылыкка баратканда кандай күлүп, кандай сүйлөп калар […]

СЮН-ЦЗЫ: Билимди өмүр бою алып, аны акыркы дем үзүлгөнгө чейин ула!

ДИЛАЗЫК Тоонун туу чокусуна чыкмайын, асмандын чексиз бийиктигин түшүнбөйсүң. Капчыгайдын уч-кыйрына көз чаптырганда гана кара жер кабат-кабат калың экенин аңдайсың. Ата-бабанын осуятын билмейин, илим-билимдин жолу оор экенин баалабайсың. * * * Иймеңдеген сөөлжандын курч тырмагы, курч тиши жок. Боюнда булчуң эт же бир сөөгү болсочу. Ошондо да ал жер үстүнөн азыгын таап жеп, жер астындагы сууну ичет. Себеби ал дайыма соймоңдогон кыймыл аракетте! Бөйөн болсо кыпчуурдай эки колдуу, сегиз буттуу. Сөөлжанга караганда бөйөндүн жөлөп-таянчу буттары, колу бар үчүн тынчы жок. […]

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: Сүйүүлөрдүн ызасын ырдан чыгардым

* * * Мен өзүмдү атасыз, энесиз өскөн бала деп ойлодум да. Анан ошол баланы тагдыр эки айрылыш жолго апкелип ыргытыптыр. Азыр ойлосом, мен кай жол менен кетсем да талкаланып кетмек экенмин, ошондо азыркыдай заман болгондо дароо жеңил жолго, маселен, жеңил акча табуубу же башка жагына түшүп кетмек экемин. Иши кылса, кой дегенге кожо жок, өзүм өзүмө кан, бек болуп өстүм. Эжем издеп калганда кыдырып келип кимдин үйүндө болсом да батинкем турганын көрүп «ии, тирүү турбайбы, бул жакта экен» деп […]

Кубат аке: «өлдүм, бирок көмбөгүлө!» дейт эй…

Аккан сууда арам жок — I Аккан сууда арам жок – II Оштон келатам. Самолёт бир күн учпай калды. Май жок дейт. Эй, ошондогу белеттин өчүрөтүн айт, биринин үстүнө бири чыгат, аялдар чалдарды тепсеп кетип атат. Белет үчүн баласы атасынан кечүүгө даяр. Кысыталак, ушундай бир шатыдай узун неме экен, ошонун үстүнө чыксак, белетке бачым жетебиз дештиби, ага асылып чыга башташты. Ал чыдабаганынан: «И-ий!» – деп жиберди шаты сыяктанган бечара. Эгер элибизде бир чоң маданият болсо, Чыгыштын – өзүбүздүн улуу, таза, керемет булагынан […]

Биздин көзүбүздү чындыкка коошпогон шумдуктар ачат

Жан Франсуа РЕЦ (1613-1679), француз саясатчысы    Улуу иштер аткарыла элегинде улуу иштерди аткарууга чамасыздар үчүн майнап чыкпачудай көрүнөт. * * * Министрдин туура эмес иш жасаганынан да, туура эмес дөөдүрөгөнү опурталдуу. * * * Кромвель: «Кайда барарын билбеген адам баарынан алыска барат» деген.