Аман САСПАЕВ: Ширеңке

АҢГЕМЕ Чай ордуна жалбызды кайнатып ичүү жүрөгүмө майдай тийди. Ак суу ичейин десем чоң энем азар да безер болуп: «Жаман жорону баштаба, ооруган киши гана суу ичет!» деп эркиме койбойт. Ал кезде мен кара таман, кичине бала болучумун. Күн алыстап чоң энем экөөбүз жалбыз терүүгө чыгабыз. Жалбыз терүүгө баруу балдар менен ойногон ар кандай оюндан да артык ыракат берет. Беделиктеки арыктардын боюнда кең жалбырагын жайып уйгак, ичке камыш, козу кулак өңдүү ар кыл өсүмдүктөр узундуу-кыскалуу өсөт. Бой тарткан өсүмдүктөрдүн башына […]

Кубанычбек МАЛИКОВ: Бүркүт баяны

(Болгон иштин жомогу) Токмоктун түштүк-чыгыш жагында кыргыз тоолорунун кыркасына кирген Талды-Булак деген Чолок капчыгай бар. Ырчы Ысмайыл экөөбүз кийинки жылдарда Бурана, Шамшы жактагы бир катар айылдарга бирге барып жүрүп, мына бүгүн, сөздөн сөз чыгып олтуруп ушул капчыгайдын баш жагына жеттик. Күздүн мээримдүү ачык күндөрүнүн бири болгондуктан машинабызды суунун жээгине, жашаңдап турган тегиз жерге токтотуп, Ысмайылдын каалоосу боюнча суунун баш жагын көздөй, бир кезде калың айылга конуш болгон жерлерди тике аралай бастык. Асман көпкөк, жер жылуу, анын үстүнө адырлардын, капталдардын саргыч […]

Уурдап жеген аш болбойт

Белорус жомогу Бир кембагалдын эки уулу болуптур. Эр жеткен эки уулуна бир күнү ата кеби айтылат: – Берсе ашка, келсе ишке тойбой турган кезиңер, уулдарым. Эмне кылсак деген муратыңар бар? Экөө тең үндөбөйт, не кыларды да билишпейт. – Йе, болуптур анда, эл-жер кыдырып, алардын тирлигин көрөлү, – дейт курган ата. Кылдырап жолго чыгышат. Эки уулу тиягын каранып, биягын каранып, кай ишти тандаарды билишпейт.

Төлөгөн Касымбеков кантип Чыңгыз Айтматов таккан канатка чапты? Ош театрынын актрисасы кантип табышмактуу өлүм тапты? (5-маек)

(1-МАЕК)  (2-МАЕК)  (3-МАЕК)   (4-МАЕК) – Мурзаке, кечээ заман алмашканда кыргыз жазуучуларынын көпчүлүгү мен куугун-сүргүн көрдүм, ыдык жедим, чыгармаларымды чыгарбай, баспай келди, Усубалиев режими деп чыгышты. Кийин байкасак, андай чыгарма деле аз, сиздин досуңуз Кубат Жусубалиевдин бирин-экин чыгармаларын эске албаганда жокко тете экен. Негедир анда сиз унчуккан жоксуз, ушул жагдайда сиздин акыбалыңыз кандай? – Албетте, жазылып, басылбай калган аңгеме-повесттерим, жазылып, коюлбай калган пьесаларым, жазылып, тартылбай калган киносценарийлерим бар. Бирок алардын басылбай, коюлбай, тартылбай калган себептерин башка жазуучулар сыяктуу саясатка, идеологияга такагым келбейт. Анткени […]