Атамбаев жөнүндө эл уга элек анекдоттор

Мамлекеттик резиденциядагы үйүндө Атамбаев өзү жалгыз отурат. Маңдайында кап ортосунан ылдыйлаган «Русская водка». Тегерегинде куюп берер бир да киши жок. Демейде көлөкөдөй ээрчип жүргөндөрдүн эч кимиси көрүнбөйт. Өзүнө өзү дагы 100 грамм куят. Тартып ийейин дейт, бирдеңке жетишпейт. – Алып ийиңиз, алып ийиңиз, – дечү үндөр угулбайт. Демейде тегерегинде кезектешип: – Улуу урматтуу шефтин өмүрү узун болсун, – деген тосттор кулагына жаңырыктайт. Бирок өз көлөкөсүнөн бөлөк караан жок. Айланасы жым. Өзүнө өзү дагы бирди куят. «Алып ийиңиз» дечү эч кимиси […]

О.Генри: Муңдаштар

АҢГЕМЕ Ууру терезеден кирди да, тегерете карап туруп калды. Өзүн сыйлаган ар бир ууру адегенде карап көрөт да, анан уурдай баштайт эмеспи. Ал бирөөнүн үйүндө эле. Жабык турган эшик, өсүп кеткен чөптөрдөн улам үй ээси бир океан толкуну шарпылдап урган мрамор террасада жаш жигитке өзүнүн жалгыздыктан жабыккан таза жан дүйнөсүн эч ким түшүнбөгөнүн айтып отурса керек деп ойлоду. Ал эми үчүнчү кабаттагы жарык болсо анын күйөөсүнүн үйгө келгенин, бир аздан кийин жарыкты өчүрүп, уйкуга кетерин айтып турат. Анын үстүнө сезон […]

Веслав БРУДЗИНЬСКИЙ: Коркок коён күлкүлүү, баатырсынганы андан бетер

Пьер ДАНИНОС (1913), француз жазуучусу  Жашоодо бири ашкере узун, бири ашкере чолок сүйлөйт. Ток этер сөз драматургдарга гана дайын. * * * Түшүнбөйм, адамдар театрга жөтөлүш үчүн барабы же кээси театрга барганы үчүн жөтөлөбү? * * * Ишиң жүрүшүп, итиң чөп жеп калганын өзүң байкабашың мүмкүн, муну салыкчылар биринчи байкайт.   Веслав БРУДЗИНЬСКИЙ (1920-?), поляк сатириги Эң кооптуусу – өз көлөкөң. Себеби ал эч качан кайда кыйшаярын билбейт. * * * Туугандары жакыр үйбүлөнүн башынан азап кетпейт. * * * […]

Жомок: Түлкү менен аары

Бир күнү Түлкү менен Аары экөө жолугушуп калат. Түлкү: – Аары, кел экөөбүз достошолу, – дейт – Достошконго убакытым жок, гүлдөр соолуп калса бал чогулта албай калам, – деп Аары каршы болот. – Бардык жомоктордо мени куу, мытаам, анткор дегендеринен улам качып атсаң керек. Ырас, мурда ошондой болчум, эми анын бардыгын таштадым, сендей иштемчил, чынчыл болоюн деп чечтим. – А эмне үчүн анттиң? – деди Аары бир паска токтой калып, ормоё карап. – Калп айтпай, кууланбай оокат кылсаң барктуу болот […]

Ризван ИСМАИЛОВА: Бөдөнөпуруш

АҢГЕМЕ Айылдан четирээк төшү жайкалган дөбөнүн этегинде ылай пакса менен урулган коргондун ичинен бирөө чыкты, эки жагын абайлай каранып, одуракай бөзгө оролгон бирдемени колтугуна кыскан бойдон тез-тез кадамдады. Түн көшүп, уйкуга маташкан көзүн ача албайт. Тыптынч. Ылдыйраактагы бирине-бири моюндашкан үйлөрдөн анда-санда иттин арсар үргөнү угулат. Жарыктык ай, уурту жарылгандай аппак нурларга чөмүлүп лаззаттуу балкылдайт. Айдын жарыгы чочуттубу, баягы киши пахта талаанын этегиндеги тыт катардын далдоосуна өтүп алды. Кез-кез келме келтирип коет. Бутунун кончуна бычакты салдымбы деген кыязда эңкейип өтүгүн кармалады. […]

Үч митайым

Түрк жомогу Бар экен, жок экен, илгери өткөн заманда бир бай киши жашаптыр. Бир жолу ал чайканада жоро-жолдоштору менен отуруп, кептен кып чыгып, сөз нугу ууруларга бурулат. Бирөө айтат: — Менин паландай буюмумду паландай кылып уурдап кетишти… Экинчиси ага кошумчалайт: — Меникин болсо минтип уурдашты… — Мен ушу силерге түшүнбөйм, өз буюмуңарды кантип эле бирөөгө уурдатасыңар? Ачык таштайсыңар — уурдайт да анан, өзүңөрдү да кошо көтөрүп кетет.  Андай кыйын болушса мына меникин уурдап көрбөйбү? — деп калды ага[1].

Ууру жана акылман

Ооган жомогу Бир акылман жашаптыр. Ал киши эскилиги жеткен чүпөрөктү таап алат да, жыртыгын ичине каратып, бүтүн жагын сыртына оодарып, башына чалма кылып ороп алат. Чалмасы сыртынан караган кишиге барпайып асемдүү, салабаттуу көрүнүп калат. Акылман бир күнү таң эрте базарга жөнөйт, алдынан ууру менен карп-күрп кезигет. Ууру акылмандын чалмасын жулуп качат! Оюнда ал — укмуштай чалманы уурдап алганына сүйүнөт. Артынан акылман үн агытат:

Амалдуу Петьр менен Насредин-Хожо 

 Македон жомогу Петьр кенедейинде эле өзүнүн киндик каны тамган жерин таштап, Насредин-хожого малайлыкка жөнөйт. Элдин баары Насрединди акылдуу санап, балдарын анын мектебине беришчү экен. А бирок кенедей Петьр  андан да акылдуу чыгат. Хожонун буга куйкасы курушчу экен. Бир курдай хожо окуучуларына минтет: – Кана, балдар! Үйүңөргө тызылдап жүгүрүп барып, бирден жумуртка апкелгиле! – дейт.