«Өлгөндөн калган адабият»: Уучу куру эмес улуттук поэзия (конкурска)

№16 Доорлор алмашып, коомдогу материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар ала сапырыкка туш болгон акыркы 27 жылдын аралыгында Чыңгыз Айматов баштаган адабият алптарын берген улуттук адабият унутта калганын субъективдүү жана объективдүү жагдайлар менен түшүндүрсө жана мыйзам ченемдүү көрүнүш катары бааласа болор эле. Бирок акын-жазуучуларды качан гана алардын көзү дүйнөдөн өткөндө эстеп, адабият жана маданият ишмерлерин акыркы сапарга узаткан «похоронное бюрого» айланып калган Маданият министрлигинин жана маданият министрлеринин ишмердигин кандайдыр бир жүйөөлүү себеп жана жагдай менен түшүндүрүү кыйын. Маданият министрлигин адабият тууралуу […]

Мухтар ШАХАНОВ: Элди рухий кулга айландырууну көздөгөн арабдар өтө жөнөкөй жолду тандап алышкан

Учурдагы исламдашуу заманы күчөп баратканын улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен казак элинин залкар акыны Мухтар Шаханов алдын ала туюшканбы, бул эки көсөм те бир кезде эле коңгуроо каккан сыяктанат… «РухЭш» сайты бүгүн Ч.Айтматов менен М.Шахановдун диалогу менен жазылган «Аскада калган аңчынын ыйы» аттуу китептин «Кумурадан чыккан баш сөөк же түрктөр тарыхына көзкараш» аттуу бөлүмүндөгү эң орчундуу жерин бүгүнкү окурман журтуна сунуштоону эп көрдү… Чыңгыз АЙТМАТОВ: Бир эле кыргыз жана казак элдеринин маданиятына каршы акыркы 12-13-кылым бою төрт жолу чабуул жасалган. […]

Чыңгыз Айтматов Сыдыкбеков жөнүндө

Тоо бөксөрбөйт Баштагы Караколдо (азыркы Пржевальскиде) эскиден калган үй бар, ал азыр да турат. Кабыргасы ката элек каргадай чагында Түгөлбай Сыдыкбеков ошол үйдө жалданып иштеген. Андан бери «тээ илгери» дегендей деле убакыт өтө элек, бул жыйырманчы жылдардын капортосунда болгон иш. Үйдүн өрү кетсе да, өзү калып дегендей, бир топ эле эскирди, ал эми ошондогу жалчы жүргөн баланын ооматы келип, зоболосу өргө кетти. Ал узак, бирок байсал жол басты, батырактан академиктин даражасына жетти. Фольклордук салттардан көп пландуу социалдык романдын аскар белине […]

Олжобай ШАКИР: Пикассо

АҢГЕМЕ (Жаныбек Райга арнайм) Эң мурда мен анын сүрөт көрсөтмөсүнөн катуу таасир алдым. Чынында сүрөт өнөрүнө жыргатып түшүнчү эмесмин. Ошол кезде Айтматовдун баскан-турган изинен өйдө кызыгып жүргөн кезим. Анан гезит беттеринин биринен «Кыргыз Пикассосунун сүрөт көрсөтмөсүнө биздин ааламга белгилүү улуу жазуучубуз да катышат» деген кабарды окуган үчүн сүрөт көрсөтмө уюшулган жерге келгем. Мен мурда-кийин мындай көрсөтмөлөргө катышпагандыктан чоң залда илинген сүрөттөрдүн салтанаттуу ачылышын күтпөстөн көрсөтмөнүн эң төрүнө өтүп алыптырмын. Аңгыча ошол жердеги бир чети жыгач устадай, бир чети кароолчудай көрүнгөн […]

Чыңгыз Айтматовдун орошон ойлорунан

МУРАС * * * Элдин өмүрү анын тилинде, элдин тили – бул феномен, бул жалпыга маанилүү кымбат нерсе. Ар бир тил – жалпы адамзат генийинин кенчи. Кайсы элге тиешелүү болгонуна, өнүгүүсүнүн кандай деңгээлде экенине карабастан, ар кандай тилди теңсинтпей, аны менен эсептешпей коюуга акыбыз жок. * * * Эпос качан болбосун элдин көңүл-көөнүндөгү аздектеген сөзү, эл тагдыры жөнүндө анын уламыш санжырасы болуп келген. Биздин мезгилде, индивидуалдуу чыгармачылыктын мезгилинде ал дал ушул маанисинен таялек. * * * … адам турмушунун ар […]

Сүйөркул ТУРГУНБАЕВ: Аалыке, Сталин, Черчилль, Айтматов

Жазуучунун жандептеринен Сексенинчи жылдарда «Кыргызстан маданияты» гезитинде сын бөлүмүн башкарчумун. Кийин, он жылдан кийин Ч.Айтматовдун кеңешчиси (сын боюнча) болуп үч жыл иштедим. 1982-жылдын жайы катуу ысыганы эсимде. Кумурскалар да куйкаланып кетти, чөптөр да, жан-жаныбарлар да акактап ыйлап турат, жараткан Теңирим жамгыр берегөр деп, жер үстүндөгү кыбырагандардын атынан Теңирге жалынып, ыр да жазып жибергем. Ошондо июль айынын баш чени эле. Түшкө жакын редакторум Исабек Исаков: «Сүйөркул, сени Аалы Токомбаев саат 3кө чакырып жатат, бир иш бар окшойт, барып кел» – деди. […]

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: Ай баткан кезде сезээрбиз

(Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналат) Мухити соолуп кыргыздын Муңканып турган чагыбыз. Муунтканы калган ажалдан, Мунаса кылып алганга, Мурдараак жетип барганга, Муунабай койду алыбыз. Келбеси кетип кыргыздын, Кетилип турган чагыбыз. Кешигиң каткан ажалдан, «Келе!» – деп сууруп алганга, Кечикпей жетип барганга, Келалбай койду алыбыз. Желеги түшүп кыргыздын, Жер муштап турган чагыбыз. Жеткирбей жексур ажалга, Жергелүү кыргыз жерине, Жетелеп алып кеткенге, Жеталбай койду алыбыз. Кош эми, Чыке, жалганда, Өлүмгө айла жок экен. Өчүрөр кези келгенде, Өөдө-ылдый өкчөй бербестен Өзөккө тийчү ок экен. […]

Аман САСПАЕВ: Дүйнөдө эч бир сулуулукту аялзатына теңебейм

Анда 2012-жыл. Сыртта — алашалбыр жаз. Аман ава сексен эки жашка таяп калган учуру. Караколдон Бишкекке келиптир. «Жаңы Ала-Тоо» журналына акыркы жылдарда жараткан эмгектерин жарыялоо үчүн атайы ат арытып келгенин кобурап отурду. Бул маек ошондо алынып, «Dе-факто» гезитине (23-февраль, 2012-жыл) жарыяланган. Карасөз чебери менен болгон акыркы кезигишүүм ошол болуп калды… – Аман ава, биринчиден сексен жаштан ашканыңызга карабай демдүү жүргөнүңүзгө кубансам, экинчиден сиздей прозанын мастери менен минтип маңдай-тескей отурганыбызга кубанычтамын. Себеби кыргыз адабиятында чыгармачылык чоң потенциалыңыз ачылганы менен чыгармачылык лабораторияңызды адабиятчыларыбыз […]

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: Айтматов руханий каганаттын куруучусу

ГЕНЕТИКАЛЫК ЭС-ТУТУМ (ПАМЯТЬ) Чыңгыз Айтматовдун бу дүйнөгө кыргыз жергесинде жаралышы кокустукпу же… Жок, тарыхтын жолундагы кадыресе боло турган окуя. Себеби, эртеби-кечпи бир кыргызга бир Чыңгыз жаралышы керек болчу. Дегеним, кыргыз эли сөздөн бүткөн эл. Кыргыздар гана ымыркай төрөлсө «бата» берип, сөз менен тосуп алат, «бешик ырын» ырдап сөз менен сооротот. Жылкы кайтарса, үрөн сээп, эгин эксе, ашыгзар болсо баарын ырдап, сөзү менен билгизет. Жоого аттанаарда сөз менен ант берет. Өлгөндө да сөз чыгарып, кошок кошуп узатат. Андан да сөз менен […]

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы адабиятчы Кеңешбек Асаналиевдин изилдөөлөрүндө

Улуттук адабий процесстин ХХ кылымдагы өнүгүү багыттарына өз чыгармачылыгы менен ар тараптан кеңири таасир этип, кайсыл бир деңгээлде анын жетишкен чектерин, көркөмдүк бийиктиктерин аныктап келген Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары адабият таануу жана адабий сындын алкагында такай кызыгуу туудуруп, ар кандай деңгээлде каралып келди. Ошондон улам, ушул кезге чейин көркөм дүйнөсү дээрлик бардык ракурстардан каралып келген (ал тургай, «Айтматов — «Правдист»» аттуу монографияда анын журналист катары эмгектенген бир нече жылдагы гезит майданындагы чыгармачылыгы да изилденгендиги маалым) атактуу жазуучубуздун кеңири белгилүү чыгармаларынын адабий […]

Айтматовдун Бүбүсара тууралуу махабат баяны

Айтматов менен кыргыз балет искусствосунун чолпон жылдызы Бүбүсара Бейшеналиеванын ортосунда болгон махабаты туурасында эл арасында күбүр-шыбыр көп сөз болгон. Ал чындыкты акыры Айтматов өзүнүн ныгайыпташ жакын калемдеши, казак акыны Мухтар Шаханов менен болгон аңгемесинде ачык баяндаган… Ошол аңгеме «Аскада калган аңчынын ыйы» аттуу Ч.Айтматов менен М.Шахановдун бирге жазган китебинен кыскартылып которулду… Айтматов: — Ар адамдын өз бешенесине жазылган тагдыры бар. Мобул аалам кандай чексиз болсо, ал да ошондой учу-кыйырсыз, купуялуу да сырдуу. Ар ким өз өмүр жолунда буюрган адамына жолугат. […]

Дүйнөлүк мейкиндеги талаа уулу Чыңгыз Айтматов

Ыстамбул шаарындагы Босфор китеп жарманкесинде Түркиянын белгилүү жазуучусу Атаола Бехрамоглу менен Чыңгыз Айтматов маектешип, ал маек «DА» («Diyalog Avrasya») журналынын 3-санына (2001) басылган эле. Биз ошону которуп, кыргыз окурмандарына тартуулоону ылайык көрдүк. А.Бехрамоглу: Чыңгыз Төрөкулович, Түркия өлкөсүнө куш келипсиз. Сиз биздин өлкөгө биринчи жолу келгенде, 1977-жылы алгачкы таанышканыбыз эсиңизде болсо керек деп ойлойм.

Чыңгыз АЙТМАТОВ: «Мен али айтчуумду айта элекмин…»

Бул маектешүү Казакстандын «Караван» гезитинен кыскартылып алынды. Сукбатташкан Жанар Канафина. Гезиттин 2008-жылдын 23-майындагы санында жарык көргөн. Ал кезде жазуучу ооруканада жатып калган. Балким акыркы маектеринин бири болгон чыгар. — Быйыл Сиз сексенге толосуз – узак турмуштук аралыкты басып өттүңүз. Өз мааракеңизди кандай ойлор менен тосуп атасыз?

Улуу жомок

ЭССЕ Кыштын  башталышы, шопойгон бак арасындагы сары жалбырактар  бурганактаган шамалдан куюн болуп айланып асманга тегерене учуп, айрыкча теңселген теректердин учтарынан бороондун катуулугу айкындалып, үй алдындагы буюм-тайымдар тоголоно добулбас күчөп, кайдан-жайдан келген шамалды коштой алааматты огобетер күчөтүп жатты. — Ээ, Алла, Алла, өзүң сакта! Ушул күнү да ушундай болобу? – деп үстү камыш менен жабылган бастырмалуу үйдө, карыса да дале күүлүү-күчтүү Айымкан апа эки колун созо өөдө карап, алаамат шамалдын токтошун кудайдан тилеп отурду.