Төлөндү Акматов: Бала

АҢГЕМЕ Иниси Ыбырайымдын аялы кыз төрөгөндөн бери Мамбет кары баштагыдай кабагын карыш салып, отура бербес болду. Ал өзү илдиреп, араң жүрсө да, Ыбырайымдыкына барып, анын балдарын эркелетип, тырбалаңдап отунун жарып берип, короосун шыпырат. Эр ортону элүүдегү Ыбырайым колхоздун эки аттуу ырдыван арабасын айдайт. Анын үч уул, үч кызы бар. Улуу баласы аскерге кеткенине эки жылча болуп калды. Андан кийинки кызы өткөн жылы турмушка чыгып кетип, эми үйүндө бир кол арага жарап калган кызы, эки чыт курсак, бир ымыркай бар. Ал […]

Рысбаев Сулайман: Шамбала

Жомоктор Кыш келип, кар жаап, суулар тоңуп, жолдор тайгак болду. Абышка-кемпирдин жагар отуну калбады. Тепейген үйүн жылытмак турсун, тамак да жасап иче албай калышты. Абышка абдан карыган эле да, токойго барып отун алып келүүгө алы жетпеди. Ошондо эмне кылар айласын таппай, оокаттуу кошунасына жалдырап барышты. Кошунасы абдан бай эле, өзү чоң кызматта иштечү. Үч кабат үйү, жалтыраган кооз машиналары бар. Курсагы салаңдап, күн сайын семирип баратат… Бай кошунасы абышка менен кемпирге бир көмөч нан, анан бир шам берди да: — […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Милийса

АҢГЕМЕ Наркул райондук НКВД ачендигинин милдетин аткара баштагандан бери мындай татаал маселеге кабылып, көп деле түйшөлө элек болучу… Ал шар жүргөн чечкиндүү мүнөзүнө, кат-сабаты жоюлгандыгына жараша иш билгилигин дагы көргөзүп, эң негизгиси — Кеңеш өкмөтүнүн көрсөтмөлөрүн туура, так аткаргандыгынан улам партия аны дагы ушундай жооптуу кызматка койгон эле. Эл душмандарына каршы күрөш курчуп турган ушул мезгилде милийса ачендиги катары ага далайларга кишен салып, ак-карасы айырмаланбаган, бирок күнөөлүү саналган көптөрдү айдап барып катаал мыйзамдын алдына чөгөлөтүп, анын кандуу кылычынын мизине такап […]

АЛИАББАС: Керооз кемпир

Алиаббас — 1957-жылы Нахичеван автономиялык областында туулган. Азербайжан мамлекеттик университетинин филологиялык факультетин бүтүргөн. Прозаик. Б и р н е ч е к и т е п т и н автору. «Йазы» адабий журналында иштейт. АҢГЕМЕ Байкуш кемпирдин бул ишемби күнү толук чычканды кармоо машакаты менен өттү десе болот. Кечке жуук көңүлү чөгүп, амалсыздыгы менен алсыздыгына көпкө кейип-кепчип жүрдү. Таң эртеде күндүн кулагы чыгар замат дароо керебеттин алдындагы тешикке капканын орнотуп, өзү шыпыргысын колго алды да чычканды жалпайта чабууга камданып турду. […]

Алмашуу

Белорус жомогу Чал-кемпир жашаптыр. Экөөнүн тирлиги кепедей үйдө өтчү экен. Жерлери да кенедей, короолорунда кирип-чыгар чычкак улак болбоптур. Анык итке минген муңдуу турмуш ушу эмеспи. Экөө эптеп акча топтойт. Чал анан базарга жөнөйт. Ак кула ат сатып алып, үйүнө кайтат. Жолдон өгүз кайтарган бадачыларга кезигет. – Арыбаңыз, аксакал! Кайдан келатасыз? – дешет.

Каргыш

БОЛМУШ Жайдын толук кези. Үч салт атчан бирде жарыша, бирде алыша кырга чыга келишти. Колдорун серепчилей төмөнгө көз салышты. — Суусун жута кеткенге айыл-апа көрүнбөйт го!? – деди бири. — Айыл ылдыйда, Алтын-Булактын боюнда болуш керек!? – деди экинчиси. — Тээтигинде бир караан жүргөнсүйбү? – деп үчүнчүсү оң колун көзүнө серепчилеген боюнча үзөңгүсүн тээп тура калганда, үзөңгү боосунун бири тарс үзүлүп кетти. – Олда кокуй ай-э! Эми эмне кылдым ээн талаада? – деп шыпшынып алды.