Асылбек Жоодонбеков: Күкүк ата, күкүк энелер – улуттун коркунучу

Кайнимдин сунушу менен бул жолу Жалал-Абаддан Ошко маршрутка менен кете турган болдук. Ал бизди автовокзалга жеткирип, маршрутканын  коопсуз жана ыңгайлуу экендигин баса белгиледи. Чындыгында эле токтоп турган он чакты бусиктин көбү  жаңы моделдеги, мыкты авто-унаалар экен. 120 сомду кассага төлөп, чек кыркып бергендиги да кубандырды. Шофер байке биздин таң калганыбызды, кызыкканыбызды байкап, маршруткасын ийне-жибине чейин мактады. Анысы мактагандай эле бар.  Менин боюмдун узун экенин көрүп: – Кел, кир, үкөм отур, бутуң алдыңкы отургучка тийип калса акчаңды кайра берем, – деп […]

Тарбия жөнүндө притча: Жакшы мектеп издөө

Ата-эне баласын окууга бермек болуп, жакшы мектеп издеп башташат. Акыры бул озуйпа үйдүн эң аксакалдуу карыясынын мойнуна илинет. Чоң ата бир мектепти көрүп, ошол мектептин короосуна кирет да, танапис маалын күтөт. Мектептен чыккан окуучулар менен сүйлөшкүсү келет. Балдар танаписке чыкканда эски чапанчан кары кишини көрүп, аны тегеректеп ойноп калышат. Ал тургай мурундарын чүйрүп: – Могу чалды карасаң, күлкүлүү экен, – деп кээси бирине бири жарыяласа, кээси: – Бу чал эмне издеп келди? – деп өздөрүнчө шыбыраша баштайт. Башка бейбаш балдар […]

Феба ГИЛТОН: Жоктон барды жараткан чоң ата

Жусуп бөбөк кезинде чоң атасы неберем жылуу-жумшак жатсын, жаман түштөрдү көрбөсүн деп, ага аябай кооз шайы кездемеден жууркан жасап берди. Жусуп чоңойгон сайын кооз жууркан эскирип отурду. Бир күн апасы Жусупка айтты: «Уулум, жуурканыңды карачы. Ал тамтыгы чыгып эскирди. Өңү өчтү. Бүтүн жери калбады. Эми аны ыргытчу убакыт келди.” Жусуп апасына: «Чоң атам оңдоп берет»,- деп жуурканды чоң атасына алып барды. Чоң атасы «ыммм» деп ичинен күңгүрөнүп, жуурканды ары айлантып, бери тегеретип көрдү. Кайчысы менен жуурканды узун-кыска, төрт чарчы кылып […]

Чоң ата менен небере

Филиппин жомогу Илгери-илгери дейт, адамдар узак өмүр сүргөн доордо ыргалган токойго жакын айылда бир жакыр бүлө жашаптыр. Алар үч жан экен – чоң ата, ата, небере. Чоң ата ал-күчтөн тайыса да жүз жаштын чайын ичип, дайыма баласы менен небересине далай-далай канбулоон согуш окуялары менен узун өмүрдө көргөн-билгендерин баяндап отурчу экен. Жана да укмуштуу уламыш-жомокторду жобурап бергенин небереси кунт коюп тыңшачу дешет. Бир күнү кудай уруп, абышка өз баласына ашка жүк, башка жүк көрүнүп, баласы андан кантип кутулуштун айласын изде, анан […]