Сымбат МАКСҮТОВА: Чыгарма жазуу – жогорку интеллектуалдык эмгек, адабий сын – аны ширетүүчү

Адабий сын маселесин Олжобай Шакир башында турган «РухЭш» сайтынын чыгармачыл жамааты колго алганын окуп, аны жандандыруу үчүн конкурс жарыялаганына абдан ыраазы болдум. Адабияттан бул жок болуп, “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” деген принцип орун алып, биринин чыгармасы жөнүндө экинчисинин ооз ачпаганы жаңы жазып келаткан ышкыбооздор үчүн туңгуюк жол экенин баамдап келатабыз. Эгерде жазылган чыгарма кимдир-бирөөнүн колунан окулуп, оңдолуп, пикир айтылып ийнине жеткирилсе, анда аны жазып жаткан адамдын канат-бутагы кеңейип, учууга жарап, өзүн руханий жактан байытып турмак. Ушул жок болуп, […]

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Жүрөк сууга агып баратат (шедевр)

АҢГЕМЕ Эстелик сага, Эскерип кара. Эстелик жазган «Э» деген тамга. * * * «О» деген тамга тегерек, Окуудан башка не керек. * * * Гүлдөй өс, Гүлдөй жайна. Өткөн өмүр, Келбейт кайра. (Окуучулук курактагы күндөлүктөн) …Кайсы класста экеним эсимде жок, айтор, акыркы сабак болсо керек эле. Эжей сабакты мына эми баштайын деп оозун эптеп келатканда эле, Замира класска үңүлдөп ыйлап кирип келди. Баарыбыз делдейдик. Эжей да делдейди. Замира эки колу менен бетин басты да, үңүлдөгөн бойдон партасына жөнөдү. Партага өбөктөп […]

Бекташ ШАМШЫ: Өрүк комуз

АҢГЕМЕ Бу чалды көргөн-билгендердин көбү, «а, баягы алкештердин атасыбы?» дешчү. Жашы токсондон ашкан чал эки-бирдей уулунан тирүүлөй ажыраганын билген соң, бүт дүйнөсүн комуздан издеп калган. Чалды балдарына чейин эле эрчише келген эки жамандык белге тээп баса берди. Бири – бейиши болгур кемпири болсо, бири кулунчагынан куунап чоңойткон — Жээрде кашкасы эле. Кезинде дубан жарган күлүктүн ичээр суусу, батар күнү түгөп, тарамышы көк тартып баратканы көп болгон. Кемпиринин кара ашында союп салалы дегендердин сөзүн жакын жуутпай койгон чал, эртели-кеч сыртка чыгып, […]

Абдыкерим МУРАТОВ: «Жөнөтүү»

Шиңгил аңгемелер Үй-бүлөлүк сөздөр Рузван баскан палоо желип бүтүп, куран окуп, бата кылышкандан кийин башталды. Баятан бери күтүп турган сөздөр аң алды атасынан чыгат. — Чамаданиңди даярдадиңби? Рузван башын ийкеди. Сөздүн башталышын эле күтүп турган чоң энеси: — Эчтемени унута көрбө. Пулуңу маккам бекит. Кисабирлар алып койбосун. Илгери Момушка той кылган жылы Сейдана миң сомун алдырып коюп Анжиандан пияда келген, — деп өзүнүн дайыма кайталанып айтыла берчү насаатын баштап кирди.

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Көрүстөнгө алпарчу жол»

АҢГЕМЕ Эсиңдеби, ошол кышта биздин босогону аттадың. Кыш суук эле. Үйүбүз да… Ошондо сени менен кошо азалуу үйүбүзгө жылуулук кирди. Үйүбүз шаңдана түштү. Атам өлүп, аскар тоом аңтарылып, Айлам кетип, жакшылыктан каңтарылып. Турган кезде үстүмдө кара булут, Кол сунгамын өзүңө караан тутуп…