Притча: Адилеттүү падыша

Мыйзамдары өтө катаал, а падышасы абыдан калыс жана чынчыл бир өлкө болуптур. Мыйзамда кылмыштын кайсы бир түрү – эл алдында камчы менен сабаган жазаны колдонуу экен. Бир күнү так ошондой жазага падышанын өз энеси кабылат. Эл ичинде ар кандай уу-дуу кеп учат. Бири айтат: «Падышабыз энесин абыдан урматтачу эле, андыктан өз энесин жазалатууга жол бербейт». Бири айтат: «Падышабыз кара кылды как жарган калыс го, эми да мыйзамга каршы иш кылуусу эч мүмкүн эмес». Мыйзам аткарылчу күн да келет, падышанын энесин […]

Орустун орошон ойчулдарынан

Фёдер ДОСТОЕВКИЙ Улуу жазуучунун жандептеринен Жалпы адамзатты жалындап сүйгөндөрдүн көпчүлүгү адамдын өзүн сүйүп жарытпайт. * * * Арийне, ар бир калк өз улутуна бекем таянбай туруп, жалпы адамзаттык эч нерсе жаратылбайт. * * * Билимди акылыңарга ченебей көп алып алгандыктан, акылдын жетишсиздигинен ал илимди эмне кыларды билбей башыңар катууда… ♦ ♦ ♦ Петр ЧААДАЕВ  Жиндинин актануусунан (үзүндүлөрдөн) Мен Ата Мекенди алдагандан көрө анын айыбын ачканды, ачуусун келтиргенди, кемсинткенди жактырам. * * * Кулчулук намысын ойготпогон калк – кудай урган калк. […]

Жапон элинин акыл казынасынан: Жиндиден өткөн коркунучтуу душман жок

Жолдо жолдош, жашоодо дос керек. * * * Кетип баратканды токтотпо, келгенди кубалаба. * * * Дарыя майда булактарды чанбаганы үчүн дарыя. * * * Ызаатталган ибадаткана дарбазасынан таанылат. * * * Кайгы жыртык көйнөк сымал, аны үйдө калтыруу керек. * * * Эч ким төшөктө жатып чалынбайт. * * * Жети жолу жыгылсаң, сегиз жолу өйдө бол. * * * Күн туура жана туура эмес дегенди билбейт. Күн ким бирөөнү жылытайын деп нур чачпайт. Өзүн тапкан адам Күнгө окшош. […]

Бразилия жомогу: Адамдын жашоосу

Укканыбызга караганда бир жолу камыш менен таш катуу талашып кетишиптир. Алардын ар бири адамдын жашоосу дал өзүнүкүндөй болушун каалашыптыр. Таш мындай дептир: — Адам өмүрү дал мына меникиндей болушу керек. Ошондо гана ал түбөлүк жашайт. Камыш каршы чыгат: — Жок, жок, адамдын жашоосу дал мына меникиндей болушу керек. Мен өлөм, бирок кайра эле өсүп чыгам. Таш: — Жок, андай болбошу керек! Андан көрө адам мендей болсун. Мен ыркыраган шамалды дагы, шатыраган жамгырды дагы тоготпойм. Ысыкка, суукка, отко моюбайм. Менин жашоом […]

Бердибек ЖАМГЫРЧИЕВ: Чындык өлдү!

Чындык өлдү, чындык өлбөй ким өлдү? Чындыгы жок ушул жашоо түгөлбү? Тереңинде ырысы жок сотторго, Текебаев тепселгенде бир өлдү… Убактылуу дөөлөтүнө манчыркап, Уурданышат сөөлөтүнө кан чуркап. Дарты күчөп кайда барат келечек, Дал ушинтип чындыгы жок жанчылсак. Чындык тарых, тепсесең да бузулбайт, Чындык калптын чөйчөгүнө сузулбайт. Өрттөй күйүп акыйкаты калкымдын, Өмүрбектин өмүрүндөй тызылдайт. Бийлик деген кол жоолуктай бүктөлгөн, Жалган дүйнө турбайт жалаң үстөлдөн. Ардангыла кыргыз журту ушуга, Акыйкатты болбой калды күткөндөн… Каралыгы качан тарайт Ак үйдүн, Куту качып жок болгонбу ал […]

Лу СИНЬ: Жиндинин күндөлүгү

Кытайчадан которгон Үмүт КУЛТАЕВА Чыгарманын автору жөнүндө кыска сөз Лу Синь (鲁迅, Lǔ Xùn), кытай адабиятынын тарыхында азыркы кытай адабиятынын негиздɵɵчүсү эсептелет. Ал ХХ кылымдагы улуу жазуучулардын катарында турат. Лу Синь – котормочу, редактор, сынчы, азыркы кытай адабиятында майда жанрды өнүктүргɵн жазуучу жана акын. 1930-жылдан баштап, Кытайдагы солчул жазуучулардын Шанхайдагы лигасын башкарган. Лу Синь солчул идеяны жактырып, партияга өтпөгөнүнө карабастан, Мао Цзедун өмүрү өткөнчө анын күйөрманы болгон. Лу Синь Шаосин шаарында (провинция Чжэцзян) 1881-жылы 25-сентябрда туулган, ысмын бир нече жолу которгон. […]

Назым ХИКМЕТ: Бурхан жана даанышман карыя жөнүндө жомок

Менин уулума экинчи жомок Балам, качандыр бир мезгилде, кайсы бир падышалыкта, кайсы бир мамлекетте ак сакалдуу киши жашаптыр. Ал эң боорукерлердин эң акылманы, эң акылмандардын эң эле боорукери болот. Бул ак сакалдуу даанышман жашаган өлкөнүн эң чоң шаарындагы эл агымы көп аянтта асыл таштардан жасалган көзү оттой жалтылдаган, чачы таза күмүш, тулку бою таза алтын жана кишинин боюнан миң эсе бийик бурхан орнотулат. Бул эң боорукерлердин эң акылманы, эң акылмандардын эң боорукери болгон сакалы куудай ак данышман кишинин эли өз […]

Эсенгул ИБРАЕВ: Кетүү жаман берериңди бералбай

УЗАТТЫМ Күйгүзүп, өчүрүп чылымды, Аз жаздым, көп жаздым ырымды. Бүттү эми мөөнөтүң, баргын – деп Узаттым жыйырманчы кылымды. Жоготтум, жок эмес тапканым, Азымды арбытып айтпадым. Кылымдан кылымга эмес мен Миң жылдан миң жылга аттадым. Гүл чыксын куу чөптүн ордуна, Жайылсын дасмалың толтура, Үчүнчү миң жылдык бул менин Мурасым калтырар соңкуга. 21.03.2001 КӨП БОЛСУН Баары бир. Болуу мүмкүн Бүтүүнүн уланышы, Кайрылып келер бир күн Кайгынын кубанычы. Күндөрдүн канатында, Күтүү бар, кечигиш бар, Жолдордун тоомунда, Жолугуш, кесилиш бар. Мазмундуу жашаш үчүн Максатка […]

Ысмайыл КАДЫРОВ: «Бири-бирин аңдыган кыргыз»

Турмуштук азилдер Кайсы бир учурда ар кайсы улут өкүлдөрүнөн экиден кишини терең орго салышыптыр. Кароолчу коюп, капкактап бекитишиптир. Бир гана кыргыздар салынган орду кароосуз калтырышыптыр. Сынап көрөлү дешкен го. Мүмкүн билишсе керек, кыргыздар баары бир чыкпасын. Бир кыйла мезгил өткөндөн кийин келип карашса, башка элдердин бири да жок дейт. Бирөөлөрү ордун түбүн үңүп казып, бирөөлөрү кароолчунун тилин таап, айтор ташты жарып өскөн чөп сымал, жашоо үчүн жандалбастап эчак эле жол таап ордон чыгып кетишиптир. Ал эми эки кыргыз отурат дейт […]

Чындыкка караганда катачылыкты оңой табасың

Иоганн Вольфганг ГЕТЕ (1749-1832), немис акыны Жай иштесең, тыныгуусуз тырбаңдайсың. * * * Оюңда эмне болсо ага толгон-токой далил кыпчып буйтаңдатпай, дайыма түз айт. Канчалык көрүнгөн далилди келтирсең, барыбир айткан-дегениң көп сөзгө айланып, сага кулак түргөндөр пикириңди да, далилиңди да укпайт. * * * Чындык карама-каршы эки пикирдин ортосунда дешет. Ишенбейм! Экөөнүн ортосунда балээден башка эч нерсе жок.

«Ийгилик жолунан тайган сайын атагым дүңгүрөп турду»

Жорж Бернард ШОУ (1856-1950), англис драматургу    Адабияттын дөө-шаасы болуп калган себебим – окурмандар менен чанда жолугушканым жана жолугушууларга барарда чычайып кийинбегеним. * * * Өз көрөңгөмдү өзүм даңазалап турбаганда, жетимиштен өткөндөн кийин эшек такаламак экемин! * * * Демократия дегениңер мурдагыдай абийирдүү азчылык орноткон бийлик эмес, караңгы, түркөй көпчүлүк шайлаган бийлик.

Петр ЧААДАЕВ. Учкул ойлор менен үзүндүлөрдөн 

* * * Мен Ата Мекенди алдагандан көрө анын айыбын ачканды, ачуусун келтиргенди, кемсинткенди жактырам. * * * Кулчулук намысын ойготпогон калк — кудай урган калк. Алар кул болуш үчүн гана жаралган. * * * Граф де Местрдин айтканы бар: «Апырта ойлонуу чынчыл адамдын акыйкаты, б.а.,ишенимге эгедер адамдар ансыз жашай албайт.