Сынакка: Биздин айыл кулпунай менен кыпкызыл алмалардын мекени

№10 Менин атым Чыңгыз. Төрт бир тууганмын. Азыр Бишкектеги №5-гимназиянын 5-классында окуйм. Атам Данияр тогуз бир туугандын эң кенжеси анан эң боюу узуну. Атам дагы эки чоң атам, апчем борбор калаабыз Бишкекте жашайбыз. Калган беш чоң атамдар кичи мекенибиз Талас районунун Көк-Токой айылында турушат. Көк токой айылы Талас шаарынан эки аялдама арыраак жайгашкан. «Токоюм бойлоп баратсам, Суктантып мени караткан Көрөм деп келген адамдын Кеткиси да келбейт Таластан» — деп ырдаган Шекербек Шеркулов атабыз дал ушул биздин айылдан болорун атам айтып […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Жаз айынын жамгыры – залкардын көз жашы»

ЭССЕ “Өзүңө ой-санаасы, руханий дүйнөсү, табигый мүнөзү шай келишкен адамды жолуктуруудан өткөн бакыт жок”. Чынгыз АЙТМАТОВ “Дал өзүңдөй кайдан билсин кайгымды эл, Ашык көңүл түбөлүк жаш, айдың көл. Сүйүү менен сүргөн күндөр гана өмүр, А калганы жай күндөр”. Муктар ШАХАНОВ “Айланайын Чыңгыз, адабиятта кандай улуу болсо, махабатын жерге берерде да ошондой улуу, чыныгы жигиттигин көрсөттү” деп төбөм көккө жетип турду”. Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ

Салижан Жигитов: «Чыңгыз кантип чыгып калды?»

Чыңгыз Айтматовдун сүрөткердик жөн-жайы, адабий табыштары туурасында кандайдыр бир жаңы сөз айтып ийиш кыйын. Анын калеминен жаралган орошон образдар, идеялар, көркөм көрүнүштөр, сюжеттик мотивдер, айрым сөз түрмөктөрү менменсинген философтор, социологдор, тарыхчылар, психологдор, дагы башка ойчулдар тарабынан арбын цитаталанат, анализденет, далил катары келтирилет. Айтор, Чыңгыздын чыгармачылыгы сыртка ачык койгон сыр аяктагы бал сыңары акыл-эс эмгегинин аарыларын (албетте, алар менен катар адабият илиминин чымын-чиркейлерин да) жабалактатып өзүнө тартып келет…