Нуралы КАПАРОВ: Абитай менен Шарипбай жөнүндө ода

I “Чын. Билем. Өмүр кымбат… От жагып жылуу үйдө жашайын дейм чиркин-ай, көмүр кымбат” деди да Абитайым жатып албай төштөгү сарайдагы тезек чапкан чабандарга кезек берип, алардан арткандарын түк калтырбай келди да тезек терип, тепкедей жерди болжоп арадагы тоодой тезек түшүрдү түтүн чыкпай томсоргон төрт бөлмөлүү үйүнө калаадагы. Күжүрмөн Абитайым күүлөнүп жана дагы, куураган отун көрсө талаадагы, койнунан кол араасын сууруп чыгып, кыйкаңдап күнү-түнү араалады… Кыш түшүп, көк түгөнүп, көк курусун, кышка деген эт түгөнүп, киши-кара келе калса жатагына кызарып […]

Кеңеш ЖУСУПОВ: Жүрөгүм менин тоолордо

АҢГЕМЕ I Кээде моминтип өкүнөмүн: мага сүрөтчүлүк кудурет бүтсө эмне?! Андай касиет шыбагама тийсе, эң оболу тоолорду эч ким көрө да элек, таба да элек боёктор менен тартаар элем. Бар эмеспи… тоолорду көтөрүп, эл алдынан өтмөкмүн. Сиздерге тоолор деген мобу болот, жыргалы-кууралы мобул тоолорду сылап, таптап көргүлөчү деп карматпас белем?!! Карабайсызбы!? Мага андай кереметтүүлүк буюрбаптыр. Көрсө, тагдырың ушундай өкүнтөөрү менен кызык экен да. Ойлойм: мунум өзүмдү сооротконум го. Канчалык кейибейин десең да, аның дилимде, тээ бүлбүл жылдыздай, өкүнүч чөгүп калат […]

Аким КОЖОЕВ: «Күзгү»

АҢГЕМЕ Анын сүйүүдөн өмүрү жолу болбоду. Ал жаралганда эле жылдызы ошондой таалайсыз жанган окшойт. Анын шору, өзү ашкере ырайсыз экендигине карабастан, аял затын өзгөчө аздектегенинде (кыялында, ой-сезиминде болсо да), аялга бүт туруш-турпаты, жан дүйнөсү менен берилип сүйгөнүндө эле. Ургаачыга болгон эркектик сезими ойгонгон күндөн баштап, тагыраак айтканда, көкүрөгү төмпөйүп, көздөрү ойноктогон өзү кырдуу кыздарды көргөндө делебеси козголуп, башына кан тээп, жүрөгү элеп-желеп болуп соккон учурдан баштап, анын өмүрүнүн көбү аялды ойлоо менен өтө турган болду. Ойлогондо да аялды дүйнөдөгү эң […]

Олжобай ШАКИР: «Кежир чал»

Чал укмуш сүйлөйт экен. Аны менен башында бакылдашып сүйлөшкөнүм үчүн кийин оңтойсузданып калбадымбы. Чалдардын баары эле сүйлөшкөндү жакшы көрөт дешке болбойт тура. Шаар турмушуна көнбөгөн чал сөздү сагынгандыр депмин. Шаарда бук болуп, айылды сагынып тургансыганынан аны аяп, зериккен экенсиң деп аны-муну кеп кылып отургам. Ал дагы көзүн чылк жумуп, башын ийкеңдетсе, сөз тыңшап отурат деп ойлодум да. Угуп отуруп эле, кептин кызуусуну келгенимде: — Балам, эмне иш кыласың? – деди.